Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Футбол: күйөрмандар күткөн жеңиш


Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 13-октябрь, 2015-ж.
Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 13-октябрь, 2015-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бангладештин командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдор Виталий Люкс жана Ильдар Амировго таандык.

Беттеш башталганда эле кыргыз футболчулары оюн талаасында үстөмдүк кылып атаандаштарына бир нече кооптуу соккуларды уруп, топко арбын ээлик кылышты. 27-мүнөттө Эдгар Бернхардттын бурчтан узаткан тобун чабуулчу Виталий Люкс дарбазага киргизип эсепти ачты. 65-мүнөттө чабуулчу Мирлан Мурзаевдин ордуна кирген Ильдар Амиров оюндагы акыркы эсепти 88-мүнөттө жапты. Коргоочу Валерий Кичин сол тараптан дарбазага тепкен топту бангладештик дарбазачы Сахидул Алам тосууга үлгүрүп, бирок топту кармай албай калган. Ошол учурда чабуулчу Ильдар Амиров алдына келген топту дарбазага түз тээп, топ атаандаштарынын коргоосун кайып өтүп кирип кетти.

Оюндан кийин журналисттер менен болгон маегинде Ильдар Амиров күйөрмандарга ыраазычылык билдирди:

- Жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз. Бул оюнда командабыздагы бардык оюнчулар мыкты ойношту. Ар бир футболчу жеңиш үчүн акыркы мүнөттөргө чейин талбай аракеттеништи. Оюнду шаңга бөлөгөн күйөрмандарга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алардын кубаттаганы биздин демибизге дем кошуп, жоопкерчиликти сездирип турду.

Кыргызстандын чабуулчусу Антон Землянухин жана Бангладештин оюнчулары. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстандын чабуулчусу Антон Землянухин жана Бангладештин оюнчулары. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

Бул оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-айлампасынын алкагында өттү. Жамеел Абдулхусин баштаган бахрейндик калыстар оюнга көзөмөл кылып оюн эрежесин бузгандыгы үчүн Бангладештин төрт оюнчусуна, Кыргызстандын эки оюнчусуна Валерий Кичинге жана Ильдар Амировго сары эскертүү кагазы көрсөтүлдү.

Оюнду көрүүгө стадионго 12 миңге жакын көрүүчү келгенин Футбол федерациясынан маалымдашты. Коопсуздукту камсыздоого 4,5 миңге жакын тартип коргоо кызматкерлери тартылган. Стадионго канаатташ жайгашкан көчөлөр милиция кызматкерлери тарабынан курчалып, билетсиз адамдар стадиондун аймагына өткөрүлгөн жок. Ошол себепүү, ушул жылы 16-июнда Бишкекте болгон Кыргызстан менен Австралиянын беттешиндегидей стадионго билетсиз адамдардын кириши, адамдын көптүгүнөн билети бар күйөрмандардын стадионго кирбей калышы өңдүү жагымсыз көрүнүштөр орун албады. Мелдештин жүрүшүн көрүү үчүн өкмөт башчы Темир Сариев жана 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү келишти.

Өкмөт башчы Темир Сариев баштаган бир катар министрлер Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин Д.Өмүрзаков атындагы стадиондон көрүштү. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Өкмөт башчы Темир Сариев баштаган бир катар министрлер Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин Д.Өмүрзаков атындагы стадиондон көрүштү. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

Өкмөт башчы Темир Сариев оюндан кийин кыргыз футболчулары менен жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктады.

Темир Сариев бүгүнкү футбол беттешиндеги жеңиш үчүн Кыргызстандын курама командасына 200 миң сом берүүнү убада кылганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди.

- Татыктуу, жакшы оюн көрсөттүңөр. Силердин оюнуңардан күйөрмандар рахат алышты. Алдыда тандоо оюндарында жакшы оюн көрсөтүшүңөргө ишенебиз, - деп айтты Темир Сариев.

Оюн жыйынтыгына түшүндүрмө берген Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Фабио Лопез шакирттери мыкты оюн көрсөткөндүгүн айтты.

- Мен бул команданы жетектей баштаганыма үч жумага жакын гана убакыт болду. Шакирттерим утулуп калганы үчүн таарынбайм. Алар тактикалык, техникалык жактан жакшы ойношту. Кээ бир оңтойлуу учурларды пайдалана албай калдык. Кыргыз футболчулары кокустан эки топту дарбазага киргизип жеңишке жетишкенин баса белгилей кетейин. Алардын кирген голдору айып аянтчасынын ичинен же алыстан узатылган топ бирөөгө тийип (рикошет абалында) дарбазага кирди. Тандоо оюндарынын алкагында буга чейин 3:1 эсебинде утулганына салыштырганда менин командам бул жолу мыкты ойношту. Ошондой болсо да жеңишке жеткени үчүн Кыргызстандын футболчуларын куттуктайм.

Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларынын бири жыгылган кезде. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларынын бири жыгылган кезде. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кесиптешинин айткандарын күлкү келерлик нерсе деп сыпаттады.

- Кесиптешимдин кокустан гол киргизип алышты деген сөздөрү күлкүнү келтирет. Ооба, 3-4 гол эмес эки гол киргени кокустук болду. Бирок биз мындан дагы ири айырма менен ута алат элек. Негизинен биздин оюнчулар топко көбүрөөк ээлик кылып, бул беттеште үстөмдүк кылышты. Айрым бир чабуулдар ишке толук ашпай, гол кирбей калганы, албетте, ойлондурбай койбойт. Ал кемчиликтин үстүнөн иштейбиз. Аларды өз жеринде да утканбыз. Бангладештин футболчулары атайын жерге жыгылып, оюнду создуктурууга көп аракет жасашты. Аялдар футболун сыйлайм. Бирок, футболдо бүгүнкүдөй көрүнүш аз кездешет.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин беттешти колдоого алып келген күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирерин кошумчалады.

- Күйөрмандардын колдоосу мыкты болду. Керемет атмосфераны пайда кылышкан күйөрмандарга ыраазычылык билдирем.

Бул тандоо оюндарынын биринчи турунда аталган эки команда ушул жылы 11-июнда беттешип, 3:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жеткен.

Кыргыз футболчулары буга чейин болгон тандоо оюндарынын төрт беттешинде эки жолу тең чыгып, бир сапар жеңилип жана бир жолу жеңишке жетишти. Тактап айтканда, Бангладеш курамасында конокто болуп 3:1 эсеби менен уткандан кийин Бишкекте австралиялыктарга 2:1 эсебинде утулушкан. Андан соң Иорданияда конокто ойноп талаа кожоюндары менен 0:0 эсебинде тең чыккан. Жакында эле 8-октябрда тажик футболчуларын Бишкекте кабыл алып 2:2 эсебинде тең ойношкон.

Ал эми Бангладеш оюнчулары буга чейин үч жолу утулуп, бир жолу тең чыгууну камсыздашкан. Алгачкы оюнунда кыргыз футболчуларына 3:1 эсебинде утулгандан кийин Австралияда конокто 5:0 эсебинде жеңилген. Иорданиялыктарды кабыл алып 0:4 эсебинде утулган. Бир беттешинде тажик футболчулары менен өз жеринде 1:1 эсебинде тең ойногон.

Жалпы футбол тарыхында кыргыз футболчулары бул оюнга чейин үч жолу беттешип бардык оюндарда тең жеңишти камсыздай элек болчу.

Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө келген күйөрмандар. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө келген күйөрмандар. 13-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна 2-баскычындагы тандоо оюндарынын алкагында беш оюндан кийин Кыргызстан 8 упай менен В тайпасында 3-орунда келүүдө. Кыргызстан ойногон В тайпасында 13 упай менен Иордания көч башын жетектөөдө. Иорданиялыктар 13-октябрда өз жеринде Тажикстандын футболчуларын кабыл алып 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Үч жеңиш, бир жеңилүү менен австралиялыктар тогуз упай топтоп экинчи катарда. 4-сапта эки упай менен Тажикстан жана бир упай менен Бангладештин командасы 5-орунда жайгашууда.

Алдыда кыргыз футболчуларынын өз жеринде бир жана конокто эки оюну бар. Алар 12-ноябрда Австралияда конокто ойношот. 17-ноябрда Бишкекте иорданиялыктар менен беттешет. Тандоо оюндарынын 2-раундунун акыркы матчында 2016-жылы 29-мартта Тажикстанда конокто оюн талаасына чыгышат.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин алдыдагы оюндарда жеңишке жетүүгө болгон күч-аракетти жумшап, кийинки баскычтагы мелдештерге чыгуу зарыл экенин айтууда.

Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев кемчиликтерди оңдоп, бир катар өзгөртүүлөрдү жасоо керектигин билдирди.

- Бангладеш курама командасын уткандан кийин үч упайга ээ болдук. Кудай буюрса бардыгы жакшы. Эми жакында ойной турган атаандаштардын беттештеринин жыйынтыктарын күтөбүз. Мен ойлойм, бул оюндан кийин футболчуларыбыздын оюну жакшы деңгээлге көтөрүлүшү үчүн машыктыруучулар жыйынтык чыгарып, кемчиликтерди оңдоп, ойноо тартибине өзгөртүү киргизет.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында Азия чөлкөмүндө 8 тайпага бөлүнгөн бештен команда ойноодо. Бул баскычта биринчи орунду ээлеген 8 команда жана мыкты көргөзгүчкө ээ болгон төрт команда дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын 3-баскычына жана 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат. Калган командалар дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынан четтетилет. Бирок, 2-баскычтагы оюндардын жыйынтыгында 2-орундагы начар көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда, 3-орунга ээ болгондор жана 4-орундагы мыкты көрсөткүчтү камсыздашкан төрт команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG