Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Франция эски "жараны" унута элек


Франциянын командасы Нигерия менен матч учурунда. 1-июль, 2014-жыл
Франциянын командасы Нигерия менен матч учурунда. 1-июль, 2014-жыл

Чейрек финалдык беттешүүнү утурлай Франциянын маалымат каражаттары 1982-жылкы утулушту эстеп, ал жаранын алигиче айыга электигин айтышат. Франция ал кездеги Федеративдик Германияга оор жагдайда утулуп калган.

Испаниядагы дүйнө биринчилигинен бери 32 жыл же 7 дүйнө чемпионаты өттү. Бирок эмнегедир 8-июлда Севильяда өткөн жарым финалдагы оюн футбол ветерандары менен күйөрмандардын эсинен кете элек. Анда 3-3 эсеби менен аяктаган матчтан кийинки пенальти боюнча француздар финалга чыгуу кыялы менен коштошкон.

Германия болсо чемпион наамы үчүн күрөштү улантып, бирок финалда Италияга утулуп калган.

Футболчулардын жогорку чеберчилиги, кадимки драма менен эсте калган ал матчта француз оюнчусу оор жараат алып, немистердин дарбазачысы аны атайлап түртүп жиберген деген талаш-тартышка азыркыга чейин чекит коюла элек. Харалд Шумахер топту кармайм деп, дарбазага кооптонуу жаралбаса да, талаага жаңы эле чыккан Патрик Баттистонду бир койгон. Натыйжада француз чабуулчунун мээси чайкалып, эки тиши күбүлүп түшүп, моюн омурткасы жабыркаган. Эс учун жоготуп койгон Баттистон жерде жатканына карабай, Шумахер топту алып, оюнду улантууга аракеттенген. Эң негизгиси арбитр ал окуяга эч кандай реакция кылбастан, оор жараат алган футболчуга далысын салып, немис дарбазачыга кызыл турсун, сары карточка да көргөзгөн эмес.

Мындай адилетсиздикке күбө болгон стадиондогу испаниялык ышкыбоздор Францияга жан тарта башташкан.

Негизги убакыт 1-1 эсеби менен аяктаган матчтын кошумча эки таймында даңазалуу Мишел Платининин командасы 2 гол киргизип, эсепти 3-1ге жеткиришкен. Арийне немистер оңой менен багынбасын далилдеп, эсепти теңөөгө үлгүрүшкөн.

Пенальти тебүүдө болсо Франция бир жолу киргизе албай калган.

Платинини “ошол матчты көрбөгөндөр, дүйнө чемпионаты эмне экенин биле алышпайт” деп айтканы бар.

“Фигаро” гезити жазгандай, көпкө чейин Францияда Харалд деген ысымды Гитлер дегенден да жек көрүп жүрүштү.

Француздар 32 жыл мурунку окуянын ызасын унута албай жаткан чакта Маншафттын дагы бир дарбазачысы Оливер Кан ZDF каналына “Франция анча мыкты команда эмес”, - деп буга чейинки байкоолору менен бөлүштү. “Нигерия менен оюнда көргөндөй, талаанын орто ченинен прессинг баштаса, Бенземаны таба албай калышат экен. Коргонуусу да чабал” – деди.

Бензема демекчи, адистер аны менен чемпионаттын азыркыга чейинки эң мыкты чабуулчусу Мюллерди салыштырып, экөөнүн гол киргизүү шанстарын бирдей баалашууда. Мюллердин эсебинде азырынча 4 гол болсо, Бензема 3 голдун автору.

Машыктыруучулар тууралуу сөз кыла турган болсок, Йоахим Лөв Германиянын командасын 8 жылдан бери жетектеп келатат. Дидье Дешам болсо өзү 1998-жылкы дүйнө чемпиону.

Матчтын урматына Франциянын президенти Франсуа Олланд эки өлкөнүн достук кечесин уюштурганы жатат.

Жеңүүчүнүн атаандашы ошол эле күнү кечинде Бразилия менен Колумбиянын беттешүүсүндө аныкталмакчы. Комментаторлордун көбү Бразилияга артыкчылык беришкени менен Колумбиянын мыкты оюнун да белгилешет.

Баса, 2-июлда ал өлкөнүн футболу үчүн кайгылуу окуяга 20 жыл болду. 1994-жылы дүйнө чемпионатында АКШ менен матчта өз дарбазасына гол тээп алган Андрес Эскобарды мекенине кайткандан кийин бир киши атып кеткен.

Белгилей кетсек, чейрек финал үчүн таймаштарда жаңы рекорд коюлду. Атап айтканда, 5 оюнда жеңүүчү кошумча убакытта аныкталды. Эки матчта пенальти сериясына күбө болдук.

Буга чейин андай рекорд 1990-жылкы Мундиалга таандык болчу. Италиядагы чемпионатта төрт матчта чейрек финалда ойной турган командалар кошумча жарым сааттан кийин гана белгилүү болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2-июлда Аргентина Швейцарияны 1-0 жеңип, үчүнчү жолу катары менен дүйнө чемпионатында жарым финалга чыгуу үчүн ойномокчу.

Гезиттер жазгандай, эми ишемби күнү Бразилиада өтчү чейрек финал Лионел Месси менен бельгиялык Эден Азарддын эрөөлүнө айланмакчы.

Ошол эле күнү Голландия менен Коста Рика ойношот.

XS
SM
MD
LG