Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

"Тыңчы мыйзамынын" талашы күчөдү


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети чет жерден каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуулап, жактырды. Кыргызстанда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" деген ат менен белгилүү болгон бул мыйзам долбоорунун талашы уланууда.

Депутаттар арасында мыйзам долбоорунун акыркы варианты кыйла жакшырды деп мактагандар да, аты өзгөргөн менен заты мурдагыдай калды деп сындагандар да бар.

Бейөкмөт уюмдар болсо 11-майда бул маселени эл аралык уюмдардын катышуусундагы “Жарандык форумда” талкуулаганы жатат.

Талаштуу мыйзам долбоору комитетте

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттери өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга, каржылык ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алды.

Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, ал биринчи окууда кабыл алынган долбоордон кыйла айырмаланат. Атап айтканда, мында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга негизинен эки өзгөртүү киргизилүүдө: биринчиси – эл аралык коммерциялык эмес уюм деген түшүнүк чечмеленип берилет, экинчиси – алар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюджетин жарыялоого тийиш.

Жарандык коом аталган өзгөртүүлөргө каршы буга чейин да митингге чыгышкан

Жарандык коом аталган өзгөртүүлөргө каршы буга чейин да митингге чыгышкан

Талкууда "Бир бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова “эгер бул мыйзам долбоорунда каралган жагдайлар иштеп жаткан мыйзамдарда камтылган болсо, анда аны кабыл алуунун кандай зарылчылыгы бар?” деген суроо койду.​

- Түшүнгөн жокмун. Эгер иштеп жаткан мыйзамда бул мыйзам долбоорундагы көрсөтүлгөн эрежелер бар болсо, анда кабыл алуунун кандай зарылчылыгы бар? Ар бир мыйзам долбоору так негиздемеси менен өзүн акташы керек. Эгер жаңы механизмдер каралбаган болсо, бекер эле чуу көтөрүп, бейөкмөт уюмдарды басынткан өлкө деген сөз жаратып, өлкөнүн кадырын түшүрүү бизге керекпи?

Мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип келаткан "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов болсо мыйзамдын аты өзгөргөнү менен, заты дагы эле жарандык коомго үстөмдүк кылуу максатын көздөйт деген ойдо.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

- Эмне үчүн диктатордук, авторитардык мамлекеттер мындан коркот? Себеби жарандык уюмдар бар жерде коом күчтүү болот. Мамлекеттик бийликтер коомдун алдында жоопкерчилигин сезип, отчет берип калат. Эгерде жарандык коом алсыз болсо, анда бийликтин өзүм билемдиги күчөйт. Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар “шпион” деген түшүнүк кеңири жайылып кетти. Ачык эле ушундай пропаганда жүрүп жатат. А чындыгында алар түрмөдөгү адамдардын укугу, кыйнолорго, үй-бүлөдөгү зомбулуккка каршы иштер, таза шайлоо, сөз эркиндиги, таза суу жана башка коомдун таламын талашкан иштерди аткарып келатат.

Бейөкмөт уюмдарды партияларга теңөө керекпи?

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев болсо, бул мыйзам долбоорун Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга салыштырып, бейөкмөт уюмдарга да саясий партиялар сыяктуу милдеттенмелер жүктөлүшү керек деген пикирин ортого салды.

- Мыйзам саясий партияларга чектөөлөрдү койгон. 200 партия унчукпай эле аткарып келе жатат. Максаттары башка болгону менен, саясий партия деле бейөкмөт уюмдардай макамда.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Жарандык коомдун каршылыгы

Кыргызстанда 1,5 миӊден ашуун коммерциялык эмес уюмдар иш жүргүзүп келет.

Ал арада бейөкмөт уюмдар 11-майда аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы парламенттин алдына акцияга чыгып, Бишкекте эл аралык уюмдардын катышуусунда “Жарандык форум” өткөргөнү жатат.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эл аралык донордук уюмдарды кыргыз өкмөтүнө каржылык колдоо берерден мурда жарандык коом менен кандай иштешип жатканына көңүл буруу чакырыгы ташталарын билдирди.

Төлөйкан Исмаилова

Төлөйкан Исмаилова

- Парламент, өкмөт жарандарга каршы ишин токтотуп, коом менен биргелешкен өнүктүрүү долбоорлорду түзүү менен алектенсин. Биз донорлук уюмдардан UNDAF 2017-2022 сыяктуу чоң өнүктүрүү программалары боюнча кыргыз өкмөтү менен иштешерден мурда бийлик жарандык коом менен кандай кызматташат, эмне иш аткарылды, адам укуктары жаатында жылыш барбы деген маселелерге көңүл буруусун суранабыз.

Көпчүлүккө “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоору делген ат менен белгилүү болгон бул өзгөртүүлөр парламентке 2014-жылы май айында сунушталган. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

Орусияда ушуга үндөш мыйзам иштей баштагандан бери көптөгөн бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG