Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Жыл сайын Кыргызстандан диний билим алууну көздөгөн жаштар Пакистан, Бангладеш жана араб өлкөлөрүнө барышат. Ошол эле маалда Оксфорддой Британиянын ири окуу жайларында, Индонезия, Малайзияда да ислам жаатында билим алууга толук шарттар түзүлгөн.

Британия

Алгач сөздү Британиянын Оксфорд университетинен баштасак. Ислам дүйнөсү жана дин таануу жаатында ачылган борбор Батыш менен Ислам дүйнөсүн айкалыштырып, дин таануу жаатында терең билим алууну көздөгөндөргө багытталган.

Бул жактан билим алуу укугуна ээ болгон чет элдиктерге жылына 14 миң 296 фунт стерлинг стипендия берилип, андан тышкары жашаган жери, жол киреси сыяктуу чыгымдардын баары төлөнөт. Жылына стипендия жарыяланып, кабыл алуу июнь айынын ортосунан башталат.

Дүйнөдөгү динди изилдеген аалымдар чогулган бул жайга документтер келерки жылдын январь айына чейин кабыл алынып, жыл башында стипендияны жеңип чыккандардын тизмеси аныкталат. Кыргызстандан азырынча бул окуу жайда илим изилдеген же окууга тапшырып өткөндөр боло элек. Бирок мусулман калктуу дүйнөнүн булуң-бурчунан аалымдар Оксфорддогу Ислам дини борборунда илим изилдеп келишет.

Ошондой эле Эдинбург университетинде Ислам жана Жакынкы Чыгыш стипендиясы дагы бар. Аны мусулман динин же Жакынкы Чыгыштын маданиятын, тарыхын, жашоосун, экономика, саясатын изилдеген окумуштуулар алышат.

АКШ

Америка Кошмо Штатында мусулман студенттерге багытталган Түндүк Америка ислам коомчулугунун окумуштуусу доктор Абдулмуним Шакирдин стипендиясы бар.

Жылына дин таануу жана ислам динин изилдөө жаатында билим алгысы келген жыйырма студентке 10 миң доллардык стипендия берилет. АКШдагы дагы бир исламий стипендия Азиз Жамалуддиндики. Анда журналистика жана саясат таануу жаатында илим изилдеген мусулман студенттерге бир жылга 4 миң доллар стипендия берилет. Ошондой эле мусулман аялдарды колдогон стипендиялар дагы бар.

Түркия

Түркияда Имам Хатиб мектептери деген аталыштагы стипендияга тапшыруу ар жыл сайын май айынын соңунда башталат. Азыркы тапта эл аралык Имам Хатиб мектептеринде 108 өлкөнүн өкүлдөрү билим алууда. Куран, араб тили, теология, фыкых же исламдагы юриспруденция, тефсир – Курандын түшүндүрмөсү, сира – пайгамбар Мухаммед Алейхисаламдын өмүр баяны, келам – оозеки сүйлөө речи жана ислам дининин тарыхы окутулат.

Чет элден барган студенттерге коюлган негизги шарттардын бири үй-бүлөсү же жакындарынын бирөө Түркияда болбошу керек. Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын магистратура жана докторантурасы боюнча стипендиясы да жыл сайын жарыяланып турат.

Анкара, Мармара, Улудаг, Нежметтин Эрбакан, Стамбул, Эржиес университеттеринин теология факультеттеринен жогорку билим алса болот. Кабыл алуу жана кошумча маалыматты Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен же www. diyanetvakfi.org.tr сайтынан таба аласыздар.

Анкарадагы Гази университетинин теология факультетинде окуп, азыр ал жакта окутуучу болуп эмгектенген мекендешибиз Инаш Азим диний билим алуу тууралуу мындай ой-пикирин билдирди:

- Динди ар бир эл өз дүйнө таанымына жараша түшүнөт. Кыргыз эли да ислам динин кабыл алгандан кийин ага жараша өз салт-санаасын, каада-салтын өзгөрткөн. Исламга туура келбеген кээ бир адаттар унутулуп калган. Исламга туура келген адаттарын сактап, улантып келишкен. Эгемендүүлүк алгандан кийин көп жаштарыбызга чет жерлерде диний билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул жакшы жышаан болсо да, терс тарабы да бар эле. Анткени ошол жаштарды окуткан өлкөлөрдө да эч кандай лицензиясы жок, динге да терс келген ар кандай секта, агымдар бар эле. Тилекке каршы эч ким бул нерсени көзөмөлдөй албай калды. Башынан көңүл бурулбагандыктан, конкреттүү диний билим берүү программасынын жоктугу, эгемендүүлүктөн кийинки диний боштукка туш келген өткөөл мезгил диний жаатта, өзгөчө диний таалим-тарбия жана билим берүү жаатында башаламандыкка алып келип отурат.

Малайзия

Малайзиянын эл аралык Ислам университети да жыл сайын чет элдик студенттерди кабыл алат. Кабыл алуунун башкы шарттарын - англис тилин мыкты деңгээлде билип, математика жана араб тилинен да тийиштүү сынактардан өтүү.

Эгемендүүлүк алгандан кийин көп жаштарыбызга чет жерлерде диний билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул жакшы жышаан болсо да, терс тарабы да бар эле. Анткени ошол жаштарды окуткан өлкөлөрдө да эч кандай лицензиясы жок, динге да терс келген ар кандай секта, агымдар бар эле. Тилекке каршы эч ким бул нерсени көзөмөлдөй албай калды.

Мындан тышкары магистратурага тапшырып жаткан талапкерлердин өз мекенинде университеттерден алган баалары да эсепке алынат.

Анүчүн TOEFL тестинен кеминде 550 балл алышы керек, ал эми IELTS тестинен 6 балл жетиштүү. Малайзияда дин багытында акысыз билим алгысы келгендер үчүн ар кандай фонддордун стипендиялары дагы бар. Бул тууралуу кошумча маалыматты аталган окуу жайдын www.iium.edu.my веб сайтынан таба аласыздар.

Диний билим алуу мамлекет тарабынан тескелеби?

Кыргызстандан чет өлкөгө диний билим алууну көздөп кетип жаткан жаштардын так саны белгисиз. Бирок алардын айрымдары Бангладеш, Пакистан сыяктуу экономикасы чабал жактарга барып, ар түрдүү диний агымдардын таасиринде калып жатканы да жашыруун эмес.

Бул багытта кандайдын бир мамлекеттик саясат барбы деген сурообузга муфтияттын билим берүү башкармалыгынын адиси Замир Ракиев мындайча жооп берди:

- Негизи бизде буга чейин диний билим алгысы келген жаштардын ар кимиси өз алдынча эле чыгып кетишчү. Муфтияттын жаштарды ар кайсы өлкөгө жөнөтүү укугу жок да. Бирок чет элден билим алат элем, Кыргызстандыкы жетишсиз болуп жатат деп бизге кайрылган улан-кыздарыбызга алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бул жакта эми акыйда маселеси бар эмеспи. Салттуу масхабыбыз тууралуу маалымат берип, барган жериндеги элдин маданиятынын таасирине кабылбоосун айтабыз, ар кандай диний агымдарга берилип кетпегиле дейбиз. Көбүнчө балдарга бул жактан негизги билимди жетиштирип алгыла деп айтабыз. Анан биз Египет, Түркия, Орусиядагы ислам университетине баргыла деп кеңеш беребиз. Анткени бул өлкөлөрдүн диний билим берүүсү биздикине шайкеш келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG