Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Түркия Орусияны “согуш кылмышы” үчүн айыптады


Алепподогу аба соккулардан качкандар. 13-январь, 2016-жыл.
Алепподогу аба соккулардан качкандар. 13-январь, 2016-жыл.

Орусиянын дарегине Сириядагы аба соккуларын токтотуу чакырыгы утур-утур айтылууда. Түркия кечээ Орусияны атүгүл Сирияда “согуш кылмыштарын” жасап жатканы үчүн айыптады. Москва болсо өз кезегинде Анкараны Сирияга аскерий кол салууга даярданган деп күнөөлөдү. Бул аралыкта донорлордун Лондондогу конференциясында Сирияга 10 миллиард доллардан ашуун жардам убада кылынды.

Качкындардын жаңы толкуну

Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглы кечээ донор өлкөлөрдүн Лондондогу конференциясында сүйлөп, Алепподон Түркияны көздөй сириялык качкындардын жаңы толкуну агылып жатканына көңүл бурду:

- Алеппого каршы чабуулдан жана бомбалоолордон улам он миңдей качкын азыр Түркиянын Килис шаарчасынын босогосунда турат. Алеппонун түндүгүндөгү лагерлердеги 60 миңден 70 миңге чейин адам Түркияны көздөй жылууда. Менин оюм азыр Лондондо эмес, биздин чек араларда. Сириядан келе турган бул жаңы качкындарды кантип жайгаштырууну ойлонуп жатам. Алепподо жашаган 300 миңдей адам Түркияны көздөй жылууга даяр.

Түрк өкмөт башчысы Ахмед Давутоглы Лондон конференциясындагы сөзү учурунда Сириядагы гуманитардык кризистин тамыры Сирия режими жана “Ислам мамлекети” тобу жасаган согуш кылмыштары, Асаддын режимине жардам берип жаткандар да ушундай эле согуш кылмыштарын жасоодо, мен муну бүгүн атайын айтып жатам, себеби Алеппо Орусиянын учактарынын жапырт соккусуна кабылды”,- деп белгиледи.

Ал эми Лондон конференциясынын соңундагы басма сөз жыйында Давутоглы Алеппо боюнча кырдаалга төмөнкүдөй тактоо киргизди:

- Таңдан тарта азыркыга чейин биздин чек арабызга дагы он миң качкын келди. Жетимиш миңдей качкын жашаган чатыр лагерден отуз миң жаңы качкын Орусиянын аба соккуларынан кутулуу үчүн Түркия чек арасын көздөй качууда. Алар акыркы үч күндө ДАИШке каршы бир да сокку жасаган жок, бирок Алепподогу жарандарга жана байистүү оппозицияга каршы абадан 351 ирет сокку урду.

Давутоглы эгер Түркиядан Алеппого логистикалык коридор болбосо аталган шаар гуманитардык кыйроого кабыларын да эскертти.

Москвадан болсо Түркиянын дарегине ушул эле күнү ал Сирияга аскерий кол салууга кызуу даярдык көргөн деген айыптоо айтылды.

Орус коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Игорь Конашенковдун ырастоосунда, 1-февралдан 4-февралга чейин алардын учактары абага 237 ирет көтөрүлүп, Алеппо, Латакия, Хомс, Хама, Дейир-эл-Зор провинцияларында террорчулардын 875 объектисин бутага алган.

Алеппонун түндүгү аба соккуларынан кийин. 3-февраль, 2016-жыл.
Алеппонун түндүгү аба соккуларынан кийин. 3-февраль, 2016-жыл.

Түркия чек арасынан түштүктө 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Алеппо шаары буга чейин эле өкмөт жана оппозиция көзөмөлдөгөн эки бөлүккө ажырап калган.

Былтыр күздө Орусия аба соккуларына киришкенден кийин Сирия аскерлери жана анын өнөктөштөрү Алеппонун түштүгүн карай козголоңчуларга, ал эми чыгышын карай “Ислам мамлекети” тобуна каршы ири чабуул баштаган болчу.

Рейтер агенттигинин Сирия армиясындагы булактарга шилтеме жасап жазганына караганда, алар Алеппо жакынкы аралыкта толук курчоого алынат деген үмүттө турушат.

Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району аба соккулардан кийин. 4-февраль, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району аба соккулардан кийин. 4-февраль, 2016-жыл.

Түркиянын алдында Орусиянын учактары Алепподо жана анын айланасында “Ислам мамлекети” тобун эмес, президент Башар Асаддын режимине каршы оппозицияны жана жайкын тургундарды бутага алып жатканын Кошмо Штаттар айткан эле.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон сүйлөшүүсүндө Москва Сириядагы аба соккуларды токтотуусу зарылдыгын кайрадан эскерткен.

Он миллиарддан ашуун жардам

Алепподогу жана анын айланасындагы бомбалоодон дагы оң миңдеген сириялык Түркияны көздөй качты деген маалыматка тушташ донор өлкөлөрдүн Лондондогу конференциясында Сирияга 2020-жылга чейин 10 миллиард доллардан ашуун жардам убада кылынды.

Лондон конференциясы. 4-февраль, 2016-жыл.
Лондон конференциясы. 4-февраль, 2016-жыл.

Жыйындын конок ээси Британиянын премьер-министри Девид Кэмерондун айтымында, убада кылынган бул жардамдын алты миллиард доллары быйылкы жыл ичи эле сириялык качкындардын муктаждыгы үчүн жумшалат:

- Биз 2016-жыл үчүн эле 6 миллиард долларга жакын каражатты камсыздай алдык, дагы 5 миллиард узак мөөнөттө, 2020-жылга чейин. Бул миллиондогон адам Сириянын ичинде жана сыртында тамак-аш, медициналык жардам жана башпаанек алат дегенди туюндурат,- деди британ премьери.

Убактылуу токтогон сүйлөшүү

Лондон конференциясы алдында Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр 25-февралга чейин “убактылуу токтоду” деп жарыяланган. АКШ менен Франция сүйлөшүүлөрдү туңгуюкка кептегени үчүн Орусияны күнөөлөгөн. Орусия болсо жоопкерчиликти Сирия оппозициясына жана анын колдогон өлкөлөргө жүктөдү.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Сирия оппозициясынын делегаттары алар көзөмөлдөгөн, бирок камалоодо калган он сегиз аймакка гуманитардык жардам киргизилүүсүн талап кылган эле.

Дамасктагы бийлик соңку күндөрү бир аз жардамдын өтүшүнө жол бергени менен өкмөттүк күчтөрдүн абадан Орусия колдогон аскерий аракеттеринин али уланып жатышы Сирия оппозициясынын Женевага келген делегаттарынын кыжырдануусун жараткан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG