Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстандык көпчүлүк жаштар чет өлкөдө билим алууга кызыгышат. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык. АКШдагы, Европадагы, Жапониядагы, Кытайдагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү окуу жайларга өтүүнүн жол-жобосу кандай? Бул үчүн даярдыкты эмнеден баштоо керек?

Дүйнөнүн чар тарабында билим алып же эмгектенип жүргөн журташттарды өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырабыз. Сиз окууга кантип өттүңүз эле? Окууга стипендияны кантип тапса болот? Толук маалыматты кайдан алса болот? Сиз окуган университет жөнүндө айтып бериңиз.

"Азаттык" дүйнөнүн ар тарабындагы окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандыктар менен видео-интервьюларды уюштурат. Сизди кызыктырган суроолорго дагы жооп алып беребиз.

Сиз дагы кызыктуу видео, сүрөт тартып azattyk.unalgysy@gmail.com дарегине, Viber же What's App аркылуу (+996) 550 988 755 номерине жибериңиз.

Биздин фейсбуктагы баракчабыз: Kyrgyz Azattyk Unalgysy.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG