Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Прованстагы кырсык 150 адамдын өмүрүн алды


Германиялык Germanwings компаниясына таандык Airbus A320 үлгүсүндөгү учагы Барселонадан Дюсселдорфго бара жаткан.
Германиялык Germanwings компаниясына таандык Airbus A320 үлгүсүндөгү учагы Барселонадан Дюсселдорфго бара жаткан.

Франциянын түштүгүндө кырсыкка кабылган учактын ичиндеги 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү мерт кетти.

Германиялык Germanwings компаниясына таандык Airbus A320 үлгүсүндөгү учак Барселонадан Дюсселдорфго бараткан. Аны менен байланыш учак Франциядагы Альпы тоолоруна жеткенде үзүлгөн.

Кийинчерээк Франциянын Ички иштер министрлиги учактын калдыктары, 2000 метр бийиктиктеги тоолор арасында табылганын маалымдады.

Азырынча кырсыктын себептери тактала элек.

Француз президенти Франсуа Олланд башында эле кырсыкка кабылган учак калдыктары жүргүнчүлөрдүн эч бири аман калды деген ойго түртпөй турганын билдирген:

Француз бийликтери кырсык болгон жерге келишти
Француз бийликтери кырсык болгон жерге келишти

- Бул биздин өлкө үчүн да чоң кайгы, себеби кырсык биздин жерде болду. Шарты оор, жетүү кыйын аймакта болгонуна карабай, кырсыктын себебин иликтегенге аракет кылабыз. Азырынча турак жайлар жабыркадыбы же жокпу билбейбиз. Биз баарын жакынкы убактарда тактайбыз, - деп каза болгондордун жакындарын сабырдуулукка чакырды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Пьер-Анри Брандеттин айтымында, куткаруу иштери окуя болгон аймактын алыстыгынан жана шартынын оордугунан көпкө созулушу мүмкүн.

Германия канцлери Ангела Меркел кырсык тууралуу кабар аны кайгыга бөлөгөнүн айтып:

Германиянын эки министри Францияга учуп келишти
Германиянын эки министри Францияга учуп келишти

- 140 жүргүнчүсү бар немис учагынын кырсыкка учурашы Германия, Франция жана Испанияны шок кылып, аза күттүрүүдө. Бүгүн ал жакка Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер жана транспорт министри Александр Дорбиндт барды. Мен окуянын чоо-жайын билүү үчүн жерине эртең өзүм барам жана ал жактагы жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшөм, - деп билдирди.

Испан бийликтери учакта фамилиялары испандык 45 жүргүнчү бар болгонун тастыкташты. Бирок анын бардыгы бул өлкөнүн жарандарыбы же жокпу ал тактала элек.

Каталониянын Vanguardia деген гезити учакта 16 окуучу жана төрт мугалим болгонун жазды. Алар тажрыйба алмашуу программасынын негизинде Испаниянын Льинарс-дель-Вальес провинциясында тогуз күн жүрүп, үйүнө кайтып бараткан.

Испания падышасы Филипп VI кырсыкка байланыштуу Францияга мамлекеттик сапарын токтотууга мажбур болду:

- Барселонадан учуп бараткан учак кырсыкка учурады. Бирөө да тирүү калбады. Жабыркагандардын арасында испан, немис жана түрк жарандары бар экен. Биз буга байланыштуу жабыркагандардын туугандарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз.

Lufthansa компаниясынын башчысы Карстен Шорт кырсыкка кабылган учак жакында эле Дюсселдорфто техникалык текшерүүдөн өткөнүн жана аны он жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй учкуч башкарып баратканын билдирди. Ал ошондой эле учактын жүргүнчүлөрүнүн туугандарынан кечирим сурап, азыр бардык ойлору алар менен экенин жана кошумча маалымат таап, жеткирүүгө аракет кылып жатышканын айтты.

Germanwings компаниясы 1997-жылы негизделген. 2009-жылы Lufthansa аттуу ири немис авикомпаниясынын курамына кирген. Компания 110 багытта: Европа жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө каттамдарды жүргүзүп келет. Бул компания Испанияда эс алууну жактырган немис туристтеринин арасында өзгөчө популярдуу болуп келген.

Компания негизделгени анын бир да учагы буга чейин кырсыкка кабылган эмес.

XS
SM
MD
LG