Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Икрамов: кыргыз-өзбек талаштуу маселелердин көпчүлүгү 2017-жылы чечилет


Өзбекстан делегациясынын Ошто болушу.
Өзбекстан делегациясынын Ошто болушу.

Бул тууралуу Өзбекстандын вице-премьери Адхам Икрамов 26-октябрда Ош облусунда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абылгазиев менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Тараптар талаштуу маселелерди тар чөйрөдө талкууга алышты. Жыйынтыгында биргелешкен маалымат жыйын курушту. Абылгазиев сүйлөшүүдө өз ара кызматташтыкты жакшыртуу боюнча макулдашуу болгонун, эки мамлекеттин соода алакасын кеңейтүү үчүн жакын арада Бишкекте биргелешкен жыйын өтөрүн айтты.

Икрамов кыргыз тарапка жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки жылы талаш-тартыш жараткан көптөгөн мселелер чечилип калат, деген ишенимин белгиледи.

Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы кечээ Ош шаарында конок болуп кайтты. Буга байланыштуу бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба жармаңкеси уюштурулуп, соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлду.

Октябрдын башында Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Өзбекстандын Анжиян шаарын кыдырып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG