Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Стамбулдагы жардырууда 29 киши набыт кетти


Жардыруу болгон жер.
Жардыруу болгон жер.

Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу журналисттерге билдирди:

- Бүгүнкү жардырууда 29 киши набыт кетип, 166 жаракат алган жарандарыбыз бар. Өлгөндөрдүн 27си полиция кызматкерлери, ал эми экөө жөнөкөй жарандар.

Түрк Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча жаракат алгандардын арасында чет өлкөлүктөр жок.

10-декабрда кечки саат 10 жарымда Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттешүүсү бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу болду. Жардыруунун үнү Стамбулдун көп аймактарында угулган. Жергиликтүү телеканалдар полициянын автоунаасын бутага алган жардырууда анын ичиндеги кызматкерлер жаракат алганын кабарлашкан.

Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаганы жөнүндө маалымат жоктугун билдирүүдө.(ElB)

XS
SM
MD
LG