Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Францияда Макрон менен Ле Пен атаандашат


Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен.
Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен.

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында борборчул талапкер Эммануэл Макрон жана ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен беттешет.

Ички иштер министрлиги дүйшөмбүдө жарыялаган маалымат боюнча жекшемби күнкү шайлоодо Макронго добуштардын 23,75%, атаандашына 21,53% тийди. Жеңүүчү 7-майдагы добуш берүүдө аныкталмакчы.

Экинчи турда президенттик кызмат үчүн ат салыша турган жуп белгилүү болоору менен оңчул жана солчул бир катар салмактуу саясатчылар Макронго добуш берүүгө үндөй башташты.

Акыркы жолу Улуттук Фронттун өкүлү президенттик шайлоонун экинчи айлампасына мындан 15 жыл мурда чыккан эле. Анда Ле Пендин атасы, партиянын негиздөөчүсү Жан-Мари Ле Пен оңчул Жак Ширакка утулуп калган.

Белгилей кетчү жагдай, 40 жылдан бери бийликте болуп келаткан салттуу партиялардын – социалисттер менен республикачылардын өкүлдөрү бул ирет жогорку кызмат үчүн күрөштөн четте калышты.

Консерватор, мурдагы премьер-министр Франсуа Фийон 19,91%, ашынган солчулдардын лидери Жан Люк Меланшон 19,64%, ал эми бийликтеги социалисттердин талапкери Бенуа Амон болсо 6,3% алды.

Добуштарды саноо.
Добуштарды саноо.

Сурамжылоолор көргөзгөндөй, экинчи айлампа 24-апрелде өтсө, Макрон 62-64%, Ле Пен 36-38% топтой алмак.

Кесиби боюнча банкир, кыска убакыт Франсуа Олланддын экономика министри болуп иштеп кеткен 39 жаштагы Эммануэл Макрон өлкөнүн багытын өзгөрткөн кампания үчүн тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

- 15 күндөн кийин силердин президентиңер болууну каалайм. Улутчулдардын коркунучу өкүм сүрүп турган кезде Франциянын бүт элинин, патриоттордун президенти болом.

Атаандашы 48 жаштагы Ле Пен мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү жана жеңсе, өлкөнү Европа биримдигинен чыгарууга убада кылып келатат.

Ле Пен.
Ле Пен.

Улуттук фронттун лидери шайлоо жыйынтыгын “тарыхый” деп кубаттап, француз элин “карапайым адамдарды теңине албаган элитадан бошотоорун” кайталады.

- Бардык чыныгы мекенчилдерди, кайдан гана болбошсун, тегине карабай, биринчи турда кимге добуш беришсе да менен катарыма кошулууга үндөйм. Өлкө кызыкчылыгында бардык талаш-тартыштарды, пикир келишпестиктерди, таарынычтарды унутууга чакырам.

Добуш берүүнү жыйынтыктары маалым болоору менен евронун куну 2% өстү. Эмне дегенде Макрон, атаандашынан айырмаланып, Европа биримдигине, бирдиктүү валютага колдоосун билдирип келатат.

Эки талапкер тең 7-майга чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк колдоо табууга аракет көрүшөөрүн айтышууда.

Көпкө чейин жарыштын фаворити катары каралып келген Фийон алгачкы жыйынтыктар чыгаары менен утулганын моюнга алды жана Ле Пен шайланса, Франция ойрон болот деп, элди Макронго добуш берүүгө үндөдү.

- Экстремизм Францияга бөлүнүп-жарылуу менен кыйынчылыктарга дуушар кыларына ишенип койгула. Ашынган оңчулдарга каршы добуш берүүдөн башка арга жок. Андыктан мен Эммануэл Макрондун пайдасына добуш берем.

Фийондун шайлоо кампаниясына жыл башынан бери коррупциялык иштер бир топ кедергесин тийгизди.

Ал эми экинчи мөөнөткө баруудан баш тарткан президент Олланд азырынча үн ката элек.

Эммануел Макрон.
Эммануел Макрон.

Франциядагы шайлоонун жыйынтыгы геосаясий тең салмактуулукка, атап айтканда Евробиримдиктин келечеги, Батыштын Орусия менен мамилеси өңдүү маанилүү маселелерге чоң таасир тийгизиши мүмкүн. Шаркеттин лидерлери Макрондун биринчи айлампадагы жеңишин кубаттап, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, тышкы саясаттын жетекчиси Федерика Могерини биринчилерден болуп куттуктап, ийгилик каалашты.

Жекшембинин кечинде Париждин борборундагы Бастилия аянтына чогулган жүздөгөн киши, негизинен жаштар шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, полиция менен кагылыша кетишти.

Ички иштер министрлигинин маалыматында шайлоодо элдин катышуусу 70% айланасында болду. Бул жолку өнөктүк 2015-жылкы теракттардан кийин киргизилген чукул кырдаал шартында өттү. Шайлоонун жуп алдында эле Париждин борборунда бир полициячынын өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG