Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Мургаб ыргактары: Көпүрөдөгү бий


Ушул апта соңунда Мургабда кайрадан "Ат чабыш" кароосу өткөнү жатат. Быйыл кышта бул фестивалдын уюштуруучулары Франциядагы Жылкы жан жармаңкесине барышкан эле.

Авиньондо жайкысын театр, кыш чилдесинде Жылкы жан жармаңкеси өтөт. Жылкы жанга ондонгон өлкөдөн, негизинен Европадан чабандес, шайырлар, мен-мен деген саяпкерлер эки миңдей жылкысын алып келишет. Быйыл бул кароого Тажикстандан мургабдык кыргыздар да келди.

Сулайман Олжочиев Бишкектеги "Кыргыз аты" коомдук корунун Мургабдагы координатору:

- Кудай буюрса, кыргыз жылкысын көбөйтүүнүн айласын көрүп атабыз. Бул жактан көп нерселерди көрдүк, көп нерселерди үйрөндүк.



Авиньондо бүгүн жаздагыдай нөшөрлөп жаан жаап жатты. Сыртта ат кошчулар кашарларды тазалап, аттарын суутуп жүрүштү. Бийчи-чабандестер жылкыларын тизгинден кармап, жанында дене-боюн чоюп, машыгуу менен элек. Анда-мында ээр, үзөңгү, жылкы түспөлүндөгү желим шарлар коюлган күркөлөр.

Ал эми мургабчылар таң эртеден эл тараганга чейин Жылкы павильонунда болушат. Ак калпагын баса кийген, кыргыз чапан жамынган Сулайман Олжочиев аягы үзүлбөгөн конокторго топоздун жүнүнөн согулган жасалгалуу ат жабууларын, тери капталган көркөм ээр, кыз-келиндердин кол өнөрчүлүк буюм-тайымдарын көрсөтөт. Комузчу Курбанбай колуна Кыргызстандан чаптырып келген комузун колуна алып, Нурак Абдрахмановдун "Атилла хан" күүсүн чертет.

Карышкырдын терисинен жасалган малакайы каратору жүзүнө куп жарашкан Нусратилла француз жергесине келген мургабчылардын эң жашы. Ал конокторго ийиле чай сунуп, Мургабда багып аткан төрт кыргыз жылкысы тууралуу божурап берет. Кыргыздардын сөзүн Франциянын түндүгүндөгү Лил шаарында туризмди окуп жаткан Нургүл Мадраимова которуп, жайбаракат сүйлөшүп отурушат.

Ушул эле жерде солкулдаган кыздай кымча бел, чачы сары алтындай жалтылдаган айым саякат фирмалардын улам бир өкүлүн ээрчитип келет.

Жаклин Рипар Бишкектеги "Кыргыз аты" коомдук корунун жетекчиси. Бул жердеги Памир салонун жасалгалоого каражат таап, мургабчыларды алып келип, бүтүндөй министрлик жасабаган ишти аркалап келаткан бул айымды коноктордон колу бошой калганда сөзгө тарттым.

Бул Жылкы жан фестивалында биз бир салонду ижарага алганбыз. Ушул жерде памирлик кыргыздардын маданиятын көрсөтүп жатабыз. Мындагы бардык буюм-тайымдар, китеп, сүрөт альбомдору жылкыга байланышкан. Мына бул чакан боз үйдү Мургабдагы Ыраң-Көл айылынын уздары жасап беришти. Туурасы болгону бир метр келген кичинекей, бирок кадимкидей, ичи-тышы бүт жасалгаланган боз үй.

Франциялык бул саяпкерди Мургабда тааныбаган киши жок, себеби ал Тажикстандын төрттөн бирин ээлеген менен, 20 миңге жетпеген киши жашаган бул аймактагы көзгө басаар жалгыз маданий иш-чара - ат чабыш оюнун өткөрөт жана кыргыз жылкысынын фермасын ачкан. Ошондой эле кечээ жакында анын көмөгү менен Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" повести француз тилинде кайра басылды:

- Айматовдун "Гүлсараты" француз тилинде 1968-жылы жарык көргөн. Бирок 3-4 жылда эле бүт сатылып кеткен. Азыр китепканалардан да таба албайсың. Франциялык "Ла Рошер" басмаканасы менден ушуну кайра чыгарбайлыбы деп сурап калды. Мен Айтматовдун уулу Аскар менен байланышып, анын макулдугун алып, ачылышын жаздым, китеп ошону менен эки ай мурда жарык көрдү.

Кыргызстанга келип, убактылуу жашап жаткан чет элдиктердин арасында француздар баарынан көп деп айтышат. Авиньон кароосунда да алардын бир канчасы жүрдү.

Бишкекте үч жыл иштеп кеткен Жан Пиер Годар кыргыздардын келгенине кубанычы ичине батпай сүйлөдү:

- Менимче, бул өтө маанилүү, анткени кыргыздар башкалар менен таанышат. Көп француздар Авиньон жармаңкесине абдан ыклас менен келишет. Кыргыздар мындай иш-чараларга аз чыгат эмеспи. Кыргызстан жөнүндө Францияда көп билишпейт. Улак тартыш деген оогандарда бар экенин билебиз, бирок бул оюнду кыргыз да ойноору тууралуу көпчүлүктүн кабары жок. Оодарыш кыргызда бар, бирок монголдордо жок. Мен бул жакка кыргыздар жана Жаклин менен учурашайын деп Парижден атайын келдим.

Илгери көчмөндөр Европаны басып алгандыгы тарыхка «Элдердин улуу көчү» деген аталышта кирген, байыркы немис жана скандинав оозеки чыгармачылында даңкталган, орто кылымдарда Дантенин «Жараткан жактырган комедиясында» караланган көчмөндөр дал ушул жылкынын аркасы менен дүйнөнү дүңгүрөтүп турган, себеби ал кезде даңазалуу рим аскерлери да күлүк атчан көчмөндөргө туруштук бере алган эмес.

Күн чыгыштын цивилизациясына болгон кызыгуу Батышта зор экени маалым. Бирок биз, ошол эле көчмөндөрдүн урпактары, бабалардын мурасын канчалык билип, барктайбыз? Ушуга байланыштуу Бишкекте жашап кеткен Жан Пьер Годар Кыргызстанда башталып, азыр Тажикстанда уланып келаткан "Ат чабыш" фестивалы туристтерди тартуу үчүн гана эмес, жаштарды өз маданиятына кайра жуукташтыруу үчүн да өтө керектүү иш деп эсептейт:

Жан-Пиер Годар

Жан-Пиер Годар

- Ат чабыш өтө кызыктуу идея. Анткени кыргыздар азыр өз тарыхын унутуп баратат деп жатпайбызбы. "Ат чабыш" фестивалы мурда Кыргызстанда өтчү эмес беле. Барскоондогу, Алайдагы фестивалдарга көп чет элдик конок, саякатчылар келгенин өзүм көргөм. Бул ишти кыргыздар өздөрү колго алышы керек, Жаклин да ушундай пикирде. Буга албетте жаңыча мамиле жасап, бүгүнкү күндү өтмүш менен жуурулуштурган чыгармачыл мамиле керек. Башка тармактардай эле, бул жааттагы ишке коррупция кедерги. Мен Кыргызстанда экенимде коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткансыган, эки жылдан бери ал жакка бара элекмин, андан бери эмне болгонун билбейм. Бирок фестивалдар керек. Кыргыздын өзүнүн тарыхы, маданияты бар экендигин көрсөтүү үчүн өтө зарыл.

Маданият демекчи, Сократ убагында «адам менен жаныбардын мамилеси кул ээлөөчү менен кулдун мамилесиндей» деп айткан экен. «Ат адамдын канаты» деп санаган көчмөндөрдү билгенде, Батыштын бул улуу ойчулу балким байкап сүйлөмөктүр.

Жапайы жылкыны мындан беш миң жыл мурда колго көндүргөндөн бери көчмөндөр аны минип, этин жеп, сүтүн ичип, терисинен кыл кыяк жасайт, бекер жеринен тиги дүйнөгө барганда минип жүрсүн деп адам өлсө анын атын, колунан келгендер бир үйүр жылкыны союп, кошо көмүшкөн эместир. Киши өлгөндө сөзсүз жылкы союу - ошол замандардан калган, түбү өтө терең кеткен каада-салт.

Согуштарга аял-эркек, кары-жашы дебей жапырт аттанган. Баатырлар душманын өлтүрсө башын канжыгасына байлап келген, ошондон улам өмүрүн тобокелге салгандарды «башын канжыгага байлаган» дешкен. Мылтык деген чыга элек ал замандарда карышкырды союл менен жыга чаап, өңөрүп алышкан, жоону алыстан торгойдой болуп көрүнгөндө, жаа менен атып салышкан. Бөрү тартмай, жамбы атмай, кыз куумай оюндары мына ошол оомал-төкмөл замандардагы аскердик машыгуунун бир түрү болгон.

Бүгүнкү жайчылык заманда жылкы күнүмдүк турмушка керек, ошол эле убакта ат оюндары туристтерди тартуудан тышкары, дене-тарбиялык, агартуучулук, маданий мурастарды сактоо максаттарына кызмат өтөйт. Бул тууралуу Филип Прюдаң Мургаб жергесинде даректүү тасма тарткан. «Чокулар тогошкон өрөөндөгү ат чабыш» деген тасмасын ал Авиньондогу кыргыздарга атайын келип көрсөттү. Бул 1994-жылдагы Дооронбек Садырбаевдин «Элимдин көрөңгөсү» деген документалдуу фильминен кийинки эле мургаб кыргыздары тууралуу экинчи даректүү тасма болуп калды.

Өз жердештерин экрандан көрүп толкунданган мургабдыктар "Ат чабыш" фестивалына былтыр чет элдик туристтер агылып келгенин, бийик тоо шартында жашаган элге туристтерден түшкөн анча-мынча тыйын-тыпыр аз да болсо турмушуна тыгынчык экенин айтышты.

"Кыргыз аты" коомунун Мургабдагы координатору Сулайман Олжочиев бул иште кыргыз өкмөтүнүн жардамы болсо деген тилегин айтса, комузчу Курбанбай Мургабга Кыргызстандан мугалим, дарыгерлер менен катар, комузчу, ырчылардын десанты келип турса, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө огожо болот эле деди.

Франциялык режиссердун киносун көрүп жатканыбызда сыртта мистраль башталды. Түндүктөн соккон бул шамалдын адамды да учуруп кетчүдөй эле күчү бар экен. Мистраль Авиньон турган Прованс аймагында кышкысын 3-6-9 күнгө, жайкысын 1-2 күнгө созулат. Ал башталганда ондогон гектарга жайылып жаткан көргөзмө майданы заматта бозгултум чаңга бөлөнүп эле жатып калды. Көз байланган кечтеги бурганактаган жаан аралаш бороон-чапкын улам күч алып баратты. Ошого карабастан кечки сегиздеги ЖЫЛКЫ оюнун көрүүгө дилгир болгон француздар чар тараптан чууруп келип жатты.


Мен да мургабчылар менен үстү жабылган, спорт сарайындай зор майдандын бир ыптасынан орун алдым. Сахнага ак көйнөк, кара фрак кийип, көпөлөк галстук байланган алып баруучу чыкты. Бетин аппак, эрдин кыпкызыл боёгон тамада биздин цирктеги клоундай ажыкыстана берет го дегем. Бирок ал саясатты аралаштырган тамашасы, көрөрмандардын күнүмдүк турмушуна байланышкан куйкум сөздөрү менен элди күлдүрүп жатты.

Анан жарык өчүп, сахнанын бир четиндеги ак экрандын артында этеги узун көйнөк кийген кыз бийлеп баштады. Анан кайра караңгы боло түшүп, алоолоп күйгөн эки шам гана калганда, сол жактан атчан жигит чыкты...

Эки жаштын сүйүүсүн баяндаган бул оюн эки саатка жакын созулган жылкы шоунун башталышы гана болду. Артынан мотоцикл менен аргымактар жарышты, венгриялык жаачы ат чаап баратып, жамбы атты, илгеркидей атка чегилген арабалардын жүрүшү орто кылымдарды эске салды. Эң соңунда айтылуу Лоренцо эки атка тикеси менен тик туруп, ичке таякчасын дирижердой абада ойнотуп, бир үйүр жылкыны тизгинсиз башкарып жатты. Бийик шиш така кийген скрипкада кол ойноткон украиналык бийкечтердин музыкасына Лоренцонун ак боз аттары чимирилет.


Лоренцонун чабандестик чеберчилигине суктанып отурган Нусратилла концерттен чыккандан кийин Мургабда калган төрт кыргыз жылкысын эстеди. Бирок ал алыста жүргөндө убакытты текке кетирбей, аз-аздап тилди өздөштүрө баштаптыр. Тоолук жигит алтургай, анча-мынча француз сөздөрүн кыргызчага которуп калыптыр!

Башында сөз болгон Авиьондун атактуу көпүрөсү мындан миң жылча мурда эки кабат келип, шаардыктар анын алдыңкы кабатында кол кармашып бийлешчү экен. Көргөзмөдөн колу бошобой, Нусратилла бул атактуу көпүрөнү көрбөй кетти. Эгер ал көпүрө менен сейилдеп басканда, Роң дайрасынын ары жагына өтө алмак эмес, себеби Европадагы бул эң эски көпүрөнү улам суу алып кете бергендиктен, аны жарымына чейин эле кайра куруп, ошол бойдон таштап салышкан! Бирок аманчылык болсо, келерки жылы жылкы жандуу мургабчылар Франциянын башка шаарларына барышмакчы, ошондо Франциянын көркөм шаарларында кооз көпүрөлөрдүн далайын көрөрү анык!


Бүгүнкү Европада жылкыны айыл чарба иштеринде колдонушат, аны полициячылар көбүрөөк мине баштады. Жылкы фермасынан ата-энелер балдарына жылкы энчилеп коюп, дем алыш күндөрү келип, аны жууп-тазалап, сугарып, минип жүрүшөт. Бирок жылкы Батышта биринчи кезекте спортто жана көңүл ачуу максатында багылат.

Кыргызстанда советтик доордо тукум курут болуп кете жаздаган жылкы кийинки жылдары негизинен күнүмдүк турмушка көбүрөөк колдонула баштабадыбы. Бийик тоолуу Мургабда кышкысын жылкы кармоонун түйшүгү күч болуп, анын үстүнө түтөктөн улам жылкы багыш кыйын, ошол эле мезгилде ал жакта да соңку кездери жылкыга болгон кызыгуу өсүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG