Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Франция “жунглини” тазалоого киришти


Кале шаарчасынан көчүрүлүп жаткан качкындар. 24-октябрь, 2016-жыл.
Кале шаарчасынан көчүрүлүп жаткан качкындар. 24-октябрь, 2016-жыл.

Францияда бийликтер Кале шаарчасындагы качкындар лагерин тазалоого киришти. Британия - Франция ортосунда качкындар өздөрү түзүп алган лагер “жунгли” деген атка конгон эле. Чогулган качкындар менен мигранттар жүк тарткан унааларга жабышып, Британияга өтүп кетүүгө умтулганы менен көп учурда алардын бул максаты орундалчу эмес.

Дүйшөмбү күнү башталган көчүрүүнү утурлай өткөн түнү Кале шаарчасындагы качкындардын бир тобу өздөрү турган аймакта өрт коюшуп, полицияга таш ыргытышып, француз бийликтеринин лагерди бузуу чечимине каршылык билдирип да чыгышты.

Полиция качкындарга каршы көздөн жаш агызуучу газ атып, ортодо кагылышуу да орун алды.

Француз бийликтеринин Британия менен чек арадагы лагерди кыш келгенге чейин жабуу аракетин буга чейин сот дагы колдогон.

Качкындар лагериндеги түнкү кагылыш. 23-октябрь, 2016-жыл.
Качкындар лагериндеги түнкү кагылыш. 23-октябрь, 2016-жыл.

Адам укугун коргоочулар лагердеги гуманитардык абалды, качкындарга жасалган мамилени сынга алышса, Каленин тургундары качкындардын жүрүм-турумуна, алар жараткан оңтойсуздуктарга нааразы болушкан.

Ла Манш кысыгындагы Евротуннел аркылуу эптеп Британияга өтүп кетүү максатында Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн ар кандай жолдор менен келген качкындардын саны бул жерде 6,5-7 миңге жетип калган болчу.

Жүк ташуучу унааларга жабышкан качкындардан коргонуу үчүн британ бийликтери чек аранын ошол бөлүгүндө узундугу бир чакырымдык дубал курууга да киришкен.

Катталып жаткан качкындар. Кале, 24-октябрь, 2016-жыл.
Катталып жаткан качкындар. Кале, 24-октябрь, 2016-жыл.

Кале шаарчасы курамына кирген аймактын перфектура башчысы Фабиенн Букконун айтымында, дүйшөмбү күнү башталган көчүрүү жараяны учурунда качкындар менен мигранттар үй-бүлөлүүлөр, жалгыз бойлор, аялдар жана балдар тобуна өз-өзүнчө бөлүнүп, Франциянын ар кайсы аймактарында буга чейин эле качкындар үчүн уюшулган атайын борборлорго жөнөтүлөт.

Бул топтордун ичинен өзгөчө көңүл ата-энесиз жүргөн балдар менен өспүрүмдөргө бурулууда:

- Биз жашы жете электерди иргөө боюнча өзүнчө конкреттүү система түздүк. Бул үчүн француз-британ биргелешкен тобу жоопкерчилик алып, жашы жете электерди өзүнчө каттайт. Андан кийин аларды кабыл алып, башка жайгаштыруучу борборго жөнөтүлөт. Акыркы апталарда биз коңшу Британиянын бийликтери менен ишибизди кыйла активдештирдик. Мунун натыйжасында ушул апта ичи Британияга 200дөй бала кете алды. Мурда мындай иши кыйла татаал эле.

Балдар демекчи Калеге чогулуп алган 6,5-7 миң качкындын арасында ата-энесиз жүргөн балдар менен өспүрүмдөр саны 1300гө жетип калган.

Көчүрүлүп жаткан качкындар менен мигранттар. 24-октябрь, 2016-жыл.
Көчүрүлүп жаткан качкындар менен мигранттар. 24-октябрь, 2016-жыл.

Европага Африка менен Жакынкы Чыгыштан агылган качкындар менен мигранттар арасында ата-энеси коштобогон балдар менен өспүрүмдөр санынын көбөйгөнү - быйылкы жылдагы тенденция.

ЮНИСЕФ уюму быйыл июндагы баяндамасында Түндүк Африкадан Европага качкындардын катарында келген ар бир он баланын тогузу жалгыз жүргөнүн белгилеген.

Эл аралык Миграция уюмунун эсебинде, октябрь айына карата быйыл Италия менен Грециянын жээктерине деңиз аркылуу келип түшкөн качкындар менен мигранттар саны 320 миңден ашты.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG