Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Казакстан: Аблязов кайрадан бийликтин капшабына кабылды


Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов

Дүйнөлүк каржы кризиси Казакстанда бир катар ийгиликтүү жана таасирдүү банктардын кыйрашына алып келди. Бирок Казакстандын ири жеке банктарынын бири деп эсептелген БТА банкынын төрагасы М.Аблязовдун кызматынан бошотулушу бир катар жоромолдорду жаратты.

46 жашка караган Мухтар Аблязов – 1990-жылдардын экинчи жарымынан тартып президент Нурсултан Назарбаев жогорку кызматтарды ишенип берген азганактай жаш кадрлардын бири болчу. 1997-жылы Аблязов Казакстандын Улуттук отун-кубат системасынын жетекчиси болуп дайындалган, бир жылдан соң отун-кубат, өнөр-жай жана соода министри болгон.

Бирок 2001-жылы күзүндө Аблязов Павлодар облусунун акими Галымжан Жакыянов менен оппозициялык маанайдагы “Казакстандын демократиялык тандоосу” (ДВК) аттуу партия негиздеген. 2002-жылы 28-июнда тараткан билдирүүдө Аблязов “биз радикалдуу максаттарды көздөбөйбүз, болгону президент Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликтен алыс болушун жана облус акимдеринин эл тарабынан шайланышын талап кылабыз” деп айтат.

Бийлик Аблязовдун мындай кадамдары үчүн каарын бир нече айдан кийин төктү. 2002-жылы марттын аягында Аблязов кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана Улуттук отун-кубат системасынын жетекчиси болуп турганда 557 миллиондон ашуун теңгени (3,7 миллион доллар) кымтып алган деген айыптар коюлду. Аблязовдун өзү жана башка оппозиционерлер мындай айыптоолор саясий мүнөздө экенин айтып чыгышты. Бир айга созулган тергөө иштеринен кийин Аблязов 2002-жылы июндун соңунда алты жылга эркинен ажыратылып, 500 миллион теңге айыпка жыгылган.

2003-жылы апрелде Аблязов президент Назарбаевге ырайым сурап кайрылган жана 14-майда (кырктын кырына чыгаарына эки күн калганда) абактан бошотулган. Андан соң Аблязов коом алдында өлкөнүн саясий турмушуна катышпай турганын жар салган. Ушундан кийин ишкерчилик менен алектенип, Аблязов 2005-жылы май айында “Туран-Алем” банкына төрага болуп шайланган.

Мындан 2 жыл мурда Европанын Ишкерлер ассамблеясы “Туран-Алем” банкын “Европанын мыкты иш кеңсеси” деп тапкан, ал эми Аблязов мыкты жетекчи деп аталган. Бирок дүйнөлүк каржы кризиси маалында БТА банкы олуттуу жабыркап, быйыл февралда казак өкмөтү Аблязовду кызматынан бошотуп, банктын акцияларынын 78,14 пайызын 2 миллиард долларга сатып алган.

“Азаттыктын” Казак кызматына 19-февралда курган маегинде Аблязов өкмөттүн мындай кадамдарын мыйзамсыз деп атап, бирок “менчик бөлүштүрүүнүн жаңы толкунунун артында ким турат?” деген суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов 2-февралда журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында Аблязов аманатчылардын жана насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына доо кетиргени үчүн 2-февралда кызматынан бошотулганын айткан. Аблязов болсо өкмөт жетекчилигин басып алуучулук жолу менен бардык “чоочун колдогу” жеке ишканаларды өз карамагына өткөрүүгө аракет жасоодо деп айыптады.

“Азаттыкка” курган маегинде, Аблязов өзүнө каршы кылмыш иши козголорунан күмөн санабай турганын айтты:

- Бул жалган нерсеалердин баары тең “Аблязов - кылмышкер” деп моралдык актануу үчүн жасалган иштер. Ушундан кийин бардык тартип коргоо системалары бул айыптарды тастыктоо үчүн киришет.

Аблязовдун баамында, президент Назарбаев өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу толук маалыматка ээ эмес жана айланасындагылар ага жалган маалымат беришүүдө:

- Менимче, алар өлкө башчыны банк системасы жаатында эле эмес, жалпы экономика жана каржы тармагы жаатында атайлап эле алдашууда. Өкмөт каржы көйгөйлөрү билинип калган соң да калайыкты “акыбал мыкты бойдон” деп тынчтандыруу аракетин жасап келди. Азыр, тилекке каршы, алар президенттин өзүнө бурмаланган маалымат берүүдө. Менимче, алар өлкө башчыны бардык маселеде алдап жатышат, бул - өтө чоң көйгөй.

Ошол эле учурда Мухтар Аблязов Казакстанда “ити чөп жеши” үчүн ишкерлер президент Назарбаевге өздөрүнүн жеке берилгендигин калайык алдында сөзсүз көрсөтүшү ылаазым деген жоромолдорду да четке какты.

XS
SM
MD
LG