Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

"Тез жардам" кызматын кеңейтүү тапшырмасы берилди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек мэриясына тез жардам кызматын кеңейтүү боюнча сунуш иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындай чечим шаардык кеңеште кабыл алынганын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Тез жардам" Саламаттыкты сактоо министрлигине карайт. Бирок ошондой болсо да мэрия аны кеңейтүү, кошумча подстанцияларды ачуу жолдорун карап көрүшү керек” деп айтылат шаардык кеңештин маалыматында.

Буга чейин "Тез жардам" кызматында доктурлар, техника жетишсиз болуп жатканы айтылган.

Калкы бир миллионго чамалап калган борбор калааны мамлекеттик бир гана кызмат тейлейт. Айрыкча сасык тумоо күчөгөн маалда доктурлар бардык чакырууларга эрте жетүүгө үлгүрө албай калган учурлар катталат.

Кошумча бир подстанция былтыр спонсордук жардамдын негизинде шаардын чыгыш тарабында ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG