Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Савченко Москвага Карпюк жана Клыхтын иши боюнча келди


Украина парламентинин депутаты Надежда Савченко.
Украина парламентинин депутаты Надежда Савченко.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко Москвага Жогорку Соттун жыйынына келди. Анда бүгүн украиналык жарандар Станислав Клых менен Николай Карлюктун иштери каралат.

Орусиянын Жогорку Соту аталган эки адамга чыгарылган өкүмдүн мыйзамдуулугун карайт.

27-майда Грозный шаарынын соту Карлюк менен Клыхты орус аскерлеринин өлүмүнө жана 1994-1995-жылдардагы чечен согушу маалында федералдык күчтөргө каршы согушкандыгы үчүн айыптап, 20 жана 22 жылга эркинен ажырткан.

Карлюк менен Клых бул айыптоолорду четке кагып, Чеченстанда эч качан болбогонун айтышууда. Алардын билдирүүсүнө караганда, экөөнү орус аскерлери мыйзамсыз кармап кетишкен жана тергөө маалында кыйноого дуушар болушкан.

“Мемориал” укук коргоо уюму Николай Карлюк менен Станислав Клыхты саясий туткун деп эсептейт.

2014-жылы орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар деп айыпталган Савченко Орусияда 22 жылга кесилип, президент Владимир Путин ага ырайым берүү боюнча буйрукка кол койгондон кийин, 25-майда Украинага кайтып келген. Ал Орусиянын абактарында жаткан украиналыктарды колдоп бир нече жолу билдирүү жасаган.

XS
SM
MD
LG