Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Франция президентин тандоодо


Жаңы президенттин ысмы жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегизде белгилүү болоору күтүлүүдө.


Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында социалисттердин талапкери Франсуа Олланд менен азыркы мамлекет башчы Николя Саркози беттешүүдө. Алгачкы төрт сааттын ичинде элдин катышуусу биринчи турга караганда жогору болгону кабарланды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, саат 10го чейин шалйоочулардын 30 пайызынан бир аз ашууну добуш берип кетишти.

Алардын арасында Лионел аттуу шайлоочу буларды айтты:

- Биринчи жолу шайлоо өнөктүгү ушундай радикалдуу мүнөздө жүргүзүлдү. Кызуу талкуулардын айрымдары камтама кылат.

Метрополияда шайлоонун башталганына бир нече саат болсо, Франциянын океандын ары жагындагы департаменттеринде добуштарды саноого киришишти.
Чет өлкөлөрдө жашашган француздар да добуштарын буга чейин беришти. Францияда 46 миллиондой киши шайлоо укугуна ээ.

Акыркы сурамжылоолор Олланд Саркозини утаарын көргөзүүдө. 22-апрелде өткөн шайлоонун биринчи турунда Олланд атаандашынан 500 миңдей көп добуш алган.
Бирок оңчул президент ошондон бери ажырымды азайтууга жетишти.

Аналитиктер элдин катышуусу төмөн болсо, андан Саркози утушу мүмкүн дешет. Ат салышка катышкан калган сегиз талапкердин арасынан бешөө Олландга добуш беришээрин билдиришкен. Ашынган Улутчулдардын лидери Марин Ле Пен болсо эч кимисине добуш бербесин айтып, бүгүн ал сөзүнө турганын ырастады.

Эки талапкер тең түшкө жакын шайлоо участкасына барышты. Саркози Париждеги лицейде, Олланд Тюль шаарында добуш берди. Ишембиде президент шайлоо штабында командасын чогултуп, ырахматын айтты. Ал жеңсе, бүгүн кечинде борбор шаардагы Конкорд аянтында колдоочулары менен митинг өткөргөнү жатат. Олланд болсо солчулдардын салтына ылайык, жеңишин тарапкерлери менен Бастилия аянтында майрамдамакчы.

Жергиликтүү гезиттер бүгүнкү күн Олланд үчүн “эң узак күн” болмокчу деп жазып чыгышты. Ал жеңсе, социалисттер 17 жылдан кийин бийликке кайткан болот.

Франциядагы добуш берүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Францияда 46 миллиондой добуш берүүчү бар. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да чыгарылат. Өлкөнүн шайлоо кодексине ылайык, ал саатка чейин алдын ала санактарды маалымдоого тыюу салынган. Бирок коңшу Бельгия жана Швейцариянын маалымат каражаттары адатта ага чейин эле жарыялап салышат. Анын үстүнө Фэйсбук жана Твиттер өңдүү социалдык сайттар да ал мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү эмес.

XS
SM
MD
LG