Линктер

Франциянын түндүгүндөгү Нормандия аймагындагы чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды. 26-июлда Сент-Этьюн-де Руве шаарында жасалган чабуулда бир христиан кечили (дин кызматкери) мууздалып, дагы бирөө жарадар болгон.

Дин кызматкерлерине кол салуу болгон жерге Франциянын президенти Франсуа Олланд жана ички иштер министри Бернар Казнев барышты. Окуя менен жеринен таанышкан соң президент Франсуа Олланд кол салгандардын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна тиешеси бар экенин ырастады:

- Бизге согуш жарыялаган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы турабыз. Биз эл аралык укуктарды сыйлоо менен бардык каражаттарды колдонуп бул согушту жүргүзөбүз.

Президенттин бул сөздөрүнөн кийин “Ислам мамлекети” радикал уюму Нормандияда чабуулдун артында алардын согушкерлери турганын жарыялады.

Франциянын президенти Франсуа Олланд жана ички иштер министри Бернар Казнев

Франциянын президенти Франсуа Олланд жана ички иштер министри Бернар Казнев

26-июль күнү эртең менен балта менен куралданган эки киши чиркөөгө кирип барып, ичиндеги беш адамды барымтага алган. Алар 84 жаштагы чиркөөнүн кечили Жак Амелди мууздап, дагы бир кишини жарадар кылууга үлгүрүшкөн. Кол салгандар полиция менен атышууда жок кылынган. Кылмышка катыштыгы бар деп шектелген үчүнчү адам кармалды.

Кийинчерээк маалым болгондой, кол салгандардын бири террорчу топтор менен мурдатан байланышта болгон. Ал 2015-жылы Сириядагы террорчуларга кошулууга белсенип, бул аракетинен майнап чыкпай калган. Ал Түркиянын чек арасынан кармалып, Францияга депортацияланган. Полиция террорчулукка шектүү катары дароо камакка алган. Бирок быйыл март айында колуна электрондук билерик тагынып жүрөт деген шарт менен эркиндикке чыгарылган.

Франциянын мурдагы президенти, “Республикачылар” партиясынын лидери Николя Саркози чабуулду өлкөнүн жан дүйнөсүнө урулган сокку катары баалады:

- Католик кечилин өлтүрүп, чиркөөдөгү сыйынып жаткандарды жарадар кылуу менен алар Франциянын жүрөгүнө кол салышты.

Ватикан чабуулду кескин сынга алып, дин кызматкери жырткычтык менен өлтүрүлгөнүнө өкүнүчүн билдирди. Ватикандын маалымат катчысы Грэн Берк:

- Тилекке каршы, бул соңку күндөрү катар-катар болуп жаткан кандуу окуялардын бири болуп калды. Рим папасы бул окуя тууралуу кабардар жана ал баарынын кайгысын тең бөлүшүп, калабаны кескин сынга алды. Бул нерсе ыйык жайда, кудайдын сүйүктүү жайында болуп жатканы, кечелдин өлтүрүлүшү абдан өкүнүчтүү. Чиркөө эң коопсуз, кудайдын сүйгөн жери делген менен бүгүн бардыгы андай эмес болуп чыкты. Биз Франция элине көңүл айтып, алар менен бир экенибизди баса белгилегибиз келет.

Кол салгандардын колунан курман болгон дин кызматери.

Кол салгандардын колунан курман болгон дин кызматери.

​Франция былтыртан бери удаа-удаа террордук чабуулдарга туш болууда. Акыркы ирет 14-июлда Франциянын Ницца шаарында чабуулдан 84 адам набыт кеткен. Бул үчүн да жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алган. Президент Олланд Ниццадагы чабуулдан кийин экстремисттерге каршы күрөштү күчөтөрүн билдирген.

Кийинчерээк Франция Иракка оор аскерий техника жөнөтөрү маалым болгон.

Ал ортодо ушул эле күнү Берлиндеги университеттик клиникалардын бириндеги атышуудан эки адам мерт кетти. Полициянын маалыматына ылайык, бейтаптардын бири дарылап жаткан дарыгерге ок чыгарып, андан соң өзүн-өзү өлтүргөн. Оор жаракат алган дарыгер көп өтпөй ошол жерден көз жумган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары оорукананын жака белиндеги бардык көчөлөр жабылганын жазышты. Полиция кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, элди тынчтандырды.

Германия акыркы күндөрү террорчулардын бутасына алынганы айтылууда. Эки күн мурда Сириядан келген качкын Ройтлиген шаарында мачете менен бир аялды өлтүрүп, эки адам жарадар кылган эле.

22-июлда теги ирандык киши Мүнхендеги соода борборуна кол салып, тогуз киши набыт болгон.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG