Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Кол күрөш: Таластан 15 спортчу Казакстанга барат


Бүгүн Талас облусунда спорттун аталган түрүнөн ачык чемпионат өтүп, анын алкагында тандоо туру уюштурулду. Мелдешке жалпысынан 60 адам катышып, анын ичинен 15 улан-кыз Азия кубогу үчүн күч сынашууга Казакстандын Тараз шаарына бармай болду.

"Таразда өтө турган чемпионатка Кыргызстандын бардык жеринде даярдык катуу жүрүп жатат. Себеби Казакстан жакын болгондуктан, бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Каражат жагы оңой чечилет. Малайзия, Индия, Жапония сыяктуу мамлекеттерге көпчүлүк учурда бара албай калабыз. Ал эми Азия чемпионаты апрель айында Ысык-Көлдө өтөрү айтылууда", деди Талас шаардык спорт комитетинин кол күрөш боюнча машыктыруучусу Замир Иманалиев.

Кол күрөш боюнча Азия чемпионаты октябрь айынын аягында өтөт. (AlS)

XS
SM
MD
LG