Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Дин аалымдары терактты кескин айыптады


Франциядагы теракт дүйнөнү дүрбөттү. Каргашага байланыштуу мусулман дүйнөсү теракт курмандыктарынын жакындарына көңүл айтууда.

Франциянын Ницца шаарындагы 84 адамдын өмүрүн алып, жүздөн ашуун адамды жарадар кылган теракт дүйнө элинин назарында турат.

Азырынча кыргын үчүн жоопкерчиликти эч бир террордук топ мойнуна ала элек. Бирок эксперттер терактты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасашы мүмкүндүгүн айтышууда.

Буга байланыштуу Франция үч күндүк аза күтүү жарыялады. Каргашага байланыштуу мусулман дүйнөсү теракт курмандыктарынын жакындарына көңүл айтууда.

Ниццадагы калаба
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

Өзбекстандын дин иштери боюнча комитет төрагасынын орун басары Абдулазиз Мансур Ниццадагы мыкаачылыкты кескин сынга алды:

- Биз буга абдан капабыз. Террордук актылар токтобой жатат. Алар эч кимди аяшпай, каалаган жеринде жардыруу уюштурууда. Бул светтик мыйзамга да, шариатка да эч туура келбейт. Эң жаманы, террордук актыларды жасагандар биздин ислам динибизге жамынды. Булар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек. Глобалдык масштабда иштеген Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдар эмне үчүн террористтерге каршы натыйжалуу чараларды көрбөй жатканына таң калам. Чара көрүлбөсө мындайлар токтобойт.

Теракттан кийин
Теракттан кийин

Окуяны Тажикстан да кайгыруу менен кабыл алып, президенти Эмомали Рахмон көңүл айтты. Ал эми Душанбедеги борбордук мечиттин имамы Кобилжон Боев мындай чакырык таштады:

- Бул ислам дининдеги адамдын кылар иши эмес. Биз муну кескин сындайбыз! Бүгүнкү жума намазда да "эгерде кимде ким бирөөлөрдү өлтүрүш үчүн өзүн жардырса ал мусулман эмес" дедим! Ал арамдык!

Каргашалуу окуяга Украина да кайдыгер калган жок. Өлкөнүн башкы муфтийи Сайид Исмагилов мунун арты мусулмандарга терс таасирин тийгизет деп чочулайт:

- Кандай гана зомбулук, кылмыш же адам өлтүрүү болбосун жек көрүүгө татыйт. Мунун баары күнөө! Ислам мындайга тыюу салат. Чыныгы мусулман эч качан мындайды жасамак эмес. Анткени мунун арты келип эле ириде мусулмандарга чоң залакасын тийгизет. Францияда, дегеле Европада исламофобиянын жаңы толкунун жаратат. Мындай кылмыштар мусулмандарга каршы болуп келген айрым француз ашкере оңчул саясатчылар менен партиялардын каршылыгын күчөтөт.

Пакистандын Пешавар шаарындагы Ислам борборунун мурдагы жетекчиси, дин аалымы Кибла Аяз да үн кошту:

- Францияда болгон окуя мыкаачылыктын жеткен чеги. Биздин керемет ислам динибиз адам өлтүрүүгө эч качан жол бербейт! Эч бир согушка аралашпаган карапайым адамдар, балдар бутага алынып жатат. Дүйнөдөгү алдыңкы ислам аалымдары муну катуу сындап жатышат.

Ал эми Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бул боюнча "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты. Муфтияттын расмий сайтында да көңүл айтуу тууралуу маалымат жайгаштырыла элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматка таянып, анда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Соңку маалыматтарга ылайык, полиция машиненин ичинен 31 жаштагы теги тунистик француз жаранынын документтерин тапкан.

XS
SM
MD
LG