Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Жапонияда бүгүн эки ирет жер силкинди


Жапониянын түндүк жана түштүк аймагында бүгүн эки жер силкинүү катталды. Бийликтин маалыматы боюнча, цунами коркунучу жок.

Силкинүү алгач Хоккайдо аралында күндүз саат экиде болуп, күчү 5,5 баллга жетти. Анын артынан эле Окинава аралында 5,7 жети баллдык термелүү катталды. Кыйроо жана курмандыктар жок.

Жапония сейсмикалык кооптуу өлкөлөрдүн сап башында. Бул мамлекетте жер титирөөдөн улам цунами болуп, миңдеген кишилер каза тапкан кырсыктар катталган.

XS
SM
MD
LG