Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Грек-рим күрөшү: кыргызстандык ардагерлер эки күмүш медаль алышты


 Грек-рим күрөшүнүн балбандары.
Грек-рим күрөшүнүн балбандары.

Финляндияда 25-26-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан барган спортчулар эки күмүш медаль алышты. 76 кг чейин салмакта Өмүралы Жакыпов 51 - 55 жаштардагы, 130 кг чейин салмакта Калмат Камчыбеков 66 - 70 жаштардагы балбандар арасында экинчи орунду ээледи. Күрөш айлампа тартибинде өтүп, кыргызстандыктар экиден атаандашын утуп, бирок жыйынтыгында экөө тең орусиялык балбандардан жеңилип калышты.

United World Wrestling сайты кабарлагандай, турнирге 250 спортчу келген.

7-9-октябрь күндөрү Польшада эркин күрөш боюнча чемпиондук өтөт. Ага Кыргызстандан мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев 76 кг чейинки салмакта жана балбан Чынарбек Изабеков 97 кг чейин салмакта күч сынашат.

XS
SM
MD
LG