Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Бул тууралуу “Фридом Хаус” уюмунун интернеттин жана санариптик медианын дүйнөдөгү абалына баа берген жаңы баяндамасында айтылат. Анда Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 35-орунга чыгып, интернет жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Баяндамада белгиленгендей, Кыргызстанда өкмөт негизинен интернетти цензуралабайт, бирок кээ бир саясий жана жаңылык сайттары, мазмуну талаштуу же зыяндуу делген материалдарга маал-маалы менен тосмо коюлуп турат.

Интернет эркиндиги боюнча 2012-жылы да, 2013-жылы да Кыргызстан “жарым-жартылай эркин” деген статусунда, 35-орундан жылган жок. Казакстан 58-орундан, 59га түшкөн, Өзбекстан бир жыл ичинде 77-орундан 78ге ылдыйлаган.

Баяндамада айтылгандай, өлкөдө интернеттин жайылышы 22 пайыз аймакты камтыйт, социалдык медиаларга адамдар эркин кире алат, Кыргызстанда блогерлер камалган эмес, бирок саясий мазмунуна карап, сайттардын жабылышы катталган.

Глобалдуу стандарттар боюнча элдин интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү дагы деле төмөн, бирок Борбор Азиянын алкагында кыргызстандыктардын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу жогору.

Шаар vs элет

Кыргызстанда интернетке кирүү дагы деле адамдын шаарда же айылда жашоосуна көз каранды. "Кыргызтелекомдун" маалыматына ылайык, 2012-жылы калктын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү 21, 7 пайызды түзгөн. 2007-жылы бул көрсөткүч - 14 пайыз эле. Кыргызстандын мамлекеттик байланыш агенттиги 2012-жыл боюнча 3,5 миллион адамдын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бардыгын аныктаган, бул - калктын 50 пайызынан көбү.

Бирок "М-Вектор" кеңеш берүүчү агенттигинин ЮСАИД каржылаган сурамжылоосуна ылайык, 2011-жылы сурамжылангандардын 16 гана пайызы интернет менен тааныш экенин кабарлашкан, алардын 52 пайызы борбор калаа Бишкекте, ал эми 32 пайызы Ош шаарында жашайт. Элет жергесиндегилердин 5 гана пайызы интернет колдонгон.

Ушундай эле сурамжылоо "М-Вектор" тарабынан 2012-жылы өткөрүлүп, калктын 30 пайызы интернет колдоноорун аныктаган. Алардын 70 пайызы интернетке мобилдик телефон аркылуу киришет. Интернет-кафелер да кеңири жайылган.

Мобилдик байланыш интернеттин жайылуусуна өбөлгө

Мобилдик байланыш Кыргызстанда интернетке караганда кеңири тараган. Бул тармакта иш алып барган компаниялар өлкөнүн 90 пайыз территориясын камтыганын билдирип келишет. Уюлдук байланыш интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө чоң таасир этет. 2010-жылдын аягында мисалы, "Билайн" компаниясы 3G киргизип, аталган кызмат маалыматтар боюнча бардык өлкөнү камтыйт. "Мегаком" 3Gни Бишкекке киргизип, бардык өлкөнү камтыйбыз деген, бирок 2013-жылга чейин деле бул планды аткара алган эмес.

Кыргызстанда Ютуб, Твиттер, Фейсбук өңдүү социалдык тармактарга, сайттарга кеңири кирсе болот.

"Жаңы медиалар" институтунун аткаруучу директору Сергей Макаров социалдык түйүндөр аркылуу кыргызстандыктар коом үчүн орчундуу суроолорду чечип, талкуулап жатканын белгилейт:

- Ушул жылдын башынан тарта жарандык журналистика абдан өнүктү. Блогдордон, Твиттерден, Фейсбуктан жаңылыктар расмий маалымат каражаттарына өтө баштады.

Ал эми “Фридом Хаустун” өкүлү Лаура Рид “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

– Кыргызстанда жигердүү жарандык коом онлайн мазмунду чектөөгө каршы тура алды. Интернеттеги мобилизация жана өнөктүк терс таасир тийгизүүчү потенциалы бар мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербөөдө ийгиликке жетише алды.

Баяндамада Кыргызстанда мазмунду чектөө боюнча “Фергана.ру” жаңылыктар сайтынын тосмолонушу көрсөтүлгөн.

"Жаңы медиалар" институтунун аткаруучу директору Сергей Макаров Кыргызстандагы интернет майданындагы мазмунду чектөө аракеттери боюнча негизги көйгөй катары буларды атады:

- Кыргызстанда азыр интернеттеги чектөө боюнча эң чоң көйгөй - бул Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Жогорку Кеңештин токтомдору. Аларды аткаруу абзел эмес, бирок биздин саясий структураны эске алганда, баары жабыла түшүп, аткара баштады. Мисалы, “Мен кумса жана мусулманмын” деген тасманы интернетте көрсөтпөө боюнча да ушундай кырдаал түзүлгөн.

Макаров кошумчалагандай, сайтты тосмолоо боюнча процедуралар так аныкталган эмес:

- Эң кооптуусу - азыр экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамга толуктоолор киргизилди. Аларга ылайык укук коргоо органдары IP дарек алуу боюнча, материалдын автору боюнча көбүрөөк маалымат ала алышат, анан дагы жоопко бир гана автор эмес, материал жайгашкан сайттын да ээси тартылат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG