Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Өтүп бараткан 2008-жыл жалпы журналисттер коомчулугу үчүн кандай болду? Сөз эркиндиги жаатында жылыштар барбы? Дегеле 2008-жылы Кыргызстанда ММК тармагында эмне олуттуу өзгөрүштөр болду?

Маалымат каражаттары тармагында иштеген адистердин айтымында, 2008-жылы жалпы сөз эркиндиги жаатында Кыргызстан кыйла артка кетти. Ушул жылы “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери жабылып, басма ээлерине кылмыш иши козголду. Жарандык коомчулуктун нааразычылыктарын пайда кылып, бир кыйла чектөөлөр камтылган делген “Улуттук телерадио берүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынды. УТРК менен атайын келишимдин негизинде иштеп келаткан эл аралык “Азаттык” жана “Би-би-си” үналгылары эфирден алынып, кийинчерээк “Би-би-си” үналгысы кайрадан чыга баштаса да “Азаттык” менен УТРКнын кызматташуусунда пикир келишпестиктер орун алды. Маал-маалы менен УТРКнын жетекчилигене каршы түрдүү акциялар уюштурулду. Эми кененирээк ар бирине токтолуп өтөлү.

Басма сөздө эмне өзгөрүштөр орун алды?

Адистердин айтымында, быйыл эркин басылмалар чоң кысымга туш болушту.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда басма сөз башынан эле оппозицияга жан тарткандар жана бийликтин камчысын чапкандар болуп экиге бөлүнүп келген. 2008-жылы деле ал абал өзгөрбөй, эл аралык стандарттардын негизинде иштеген, маалыматтарды калыс, так, бейтарап берген, бир жактуу шыбагандан алыс, олуттуу, жаңы форматтагы гезиттер пайда болгон жок.

Адистер өзгөчө кыргыз тилдүү басылмалар 1990-жылдардын башында калыптанган жазма стилинен өйдө көтөрүлө албай, ошол кездери бийликти катуу сындап келген “Асаба” гезити чапкан жол менен кетип баратканын баса белгилешет. Курч, куйкум, какшык, жалпыланган сөздөргө таянып жазып келатышкан гезиттер азыр да дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүштөрдү утурлай албай, улам жаңы баскычка көтөрүлүүнүн ордуна кайсы бир топтун же чөйрөнүн гана кызыкчылыгы үчүн иштеп, жалпы коомчулуктун талаптарына жооп бергидей басылмага айлана албай атышат дешет. Бул тармакта азырынча калктын туура, бейтарап, калыс маалымат алуу талаптарын канааттандырган, журналистиканын эл аралык стандарттарына таянган, басма ишин бизнес жасоо катары түшүнгөн заманбап менеджерлер чыкпай жатканын айтышат.

Белгилүү журналист Султан Жумагуловдун пикиринде, ушул жылы деле жаңы форматта иштеген басылмалар пайда болгон жок, бирок эл арасында дал ушундай олуттуу басылмаларга талап бар экени байкалууда:

- Гезит чыгаруу жана сатуу да өзүнчө бизнес. Бизнестин, журналистиканын да өзүнүн эреже-мыйзамдары бар. Азыр ошол басма ишинде менеджмент, жаңы добуш, жаңы стиль табуу, жаңы багыт алуу, ошолорду бүгүнкү күн жана бүгүнкү мыйзамдар менен айкалыштыра бүлүү жөндөмдүүлүгү жок болуп жатат. Көп басылмалар арзан, күнүмдүк, жеңил, тапанданган темаларга адистешип алышты. Ушул нерсе көп гезиттер үчүн стиль болуп кала берүүдө. Мен мисалы, гезит базарына дайым баш багып турам. Өмүр бою гезит саткан адамдар менен сүйлөшүп калганда, азыр коомчулук салмактуу, оор, интеллектуалдуу, бардык жакты чагылдырган басма сөзгө муктаж деген ойлор айтылып калат. Бул - азыркы гезит ээлери үчүн коңгуроо болушу керек.

Өтүп бараткан жылы жогоруда айтылгандай жаңычы иштеген басылмалар пайда болбогону менен, калк арасына аты сиңип келаткан

Басма ишинде менеджмент, жаңы стиль табуу, жаңы багыт алуу жок болуп жатат.

оппозициялык басылмаларга басым-кысымдар уланды. Серепчилердин баамында, мындай кысымдар бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу абдан күчтүү болду.

Атап айтсак, басма сөз базарына чыкканына 2 жыл болуп-болбой ири басылмага айланган “Де-факто” гезити, ошондой эле “Алиби” гезити да жабылууга дуушар болуп, алардын ээлерине кылмыш иши козголуп, миллиондогон айып пул салынды. Акыры, өткөн жылдын жыйынтыгына карата “ММКны колдоо борбору” уюштурган тандоодо “Жылдын топ жарган гезити” номинациясын жеңип алган “Де-факто” гезитинин редактору Чолпон Орозобекова өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, мындай иштер чынында бийликтин эле абоюна шек келтирди:

- Оппозициялык гезиттерди быйыл кыйла кысышты. Бул жаатта бийликтегилер Аскар Акаев тушундагы технологияларды жөн гана колдонбостон, аларды чыгармачыл жактан өркүндөтүп колдоно башташты. “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине колдонулган ыкмалар менен соттун чечимин күтүп отурбай эле каалаган учурда, каалаган басма сөздүн жана маалымат каражатынын ишине тоскоолдук кылып, жаап койсо болот.

Сөз боюнча калган сөз эркиндиги

Укук коргоочу Максим Кулешов кезектеги акциясын өткөрүүдө.

Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен сөз эркиндиги боюнча алдыда экендигин мурунку бийликтегилер да, азыркы бийликтегилер да баса белгилеп айтканды жакшы көрүшөт. Ошентсе да медиа эксперттер байма-бай коңгуроо кагышып, сөз эркиндигине келгенде бийликтер коңшуларды мисал келтирүү менен көпчүлүктүн көзүн будамайлап, коомчулукту көзөмөлдөп туруу максатында маалымат айдыңында бирден-бир монополист бойдон кала берүүнү каалап жатат.

Бир катар байкоочулар, бийлик мамлекеттин колундагы ири басылмалар жана өлкөдөгү эң эле ири маалымат булагы болгон улуттук телерадиого ыраазы болбой, эркин басылмаларды жаптыруу, таасирлүү маалымат булактарын өзүнө имерүү чараларын да бул жылы улантты.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында, бийлик канчалык аракет кылбасын Кыргызстанда сөз эркиндигин биротоло чектөө аракеттери баарыбир тилегине жетпейт. Анын айтымында, кыргыз элинин билим деңгээли жакшы эле жогорулап, андайга жол бербей турган абалга эбак жетип калды:

- Гезиттерди, эркин маалымат каражаттарын бийликтер кайсы бир деңгээлде чектей алат десек болот. Бирок калган эркин гезиттер баарыбир өтө берет. Кыргызстандыктар информациялык-технологияларды билбеген, абдан сабатсыз эл эмес да. Кыргызстандыктар билимдүү элдерге кирет. Алардын көзүн чукуп же тилин кесип эле сөз эркиндигин чектебесең, маалыматтар баарыбир элге келе берет. Бирок кеп башкада болуп атат. Биздин элде демократиялык баалуулуктарга, сөз эркиндигине, адам эркиндигине болгон сүйүү, ошол баалуулуктарды биргелешип коргоо тилектештиги аз болуп атат. Ошол себептүү ушул жаатта иштешибиз керек.

“Ата мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Элегия Мусаева, келечекте сөз эркиндиги жакшырып, Кыргызстандын

Кыргызстандыктар информациялык-технологияларды билбеген, сабатсыз эл эмес.

маалымат айдыңы жаңы сапатка көтөрүлөрүнө ишенет. Анын айтымында, мындай болуусу үчүн коомчулук активдүү болуусу, бийликтин саясий эрки талап кылынат. “Тилекке каршы быйыл ММКлар үчүн оор жыл болду”,- дейт ал:

- Өтүп бараткан жыл ММКлар үчүн теңирден тескери жыл болду. Гезиттер жабылды, башкача ойлонгон, башкача жазган адамдар жапа чекти. Мына, мамлекеттин кол алдындагы улуттук каналдан силердин радио деле чыга албай калды. Булардын бардыгы бири-бирине байланыштуу, анткени бардыгына кысым болуп жатат. Албетте мындай кадамдар бийликке аброй алып келбейт.

Медиа өкүл Илим Карыпбековдун пикиринде, бул жылы сөз эркиндигин чектөөлөр орун алганы менен былтыркыга салыштырмалуу журналисттерди токмоктоо фактылары азыраак болду. Өткөн жылы отуздан ашык журналисттер токмоктолгон болсо, быйылкы жылы 7-8 гана мындай фактылар катталды.

Быйыл “Азаттык” улуттук каналдын обосунан чыкпай калды

Ошондой эле бир катар адистер, быйылкы жылы “Азаттыктын” берүүлөрүн Улуттук телерадио корпорациясынын токтотуп коюшун

саясатка байланыштырышып, муну сөз эркиндигин кысмакка алуу катары баалашты. “Азаттык” менен бирге “Би-би-си” үналгысынын берүүлөрүн да улуттук канал жетекчилиги токтотуп, УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов бул эл аралык эки үналгыны келишимдеги милдеттенмелерин аткарган жок деген сыяктуу маалыматтарды таратты. Кийинчерээк “Би-би-си” үналгысы кайрадан УТРКдан чыга баштаганы менен “Азаттык” үналгысына келгенде пикир келишпестиктер пайда болду.

“Азаттык” үналгысынын теле долбоорлору менен бирге уктуруулары мындан эки айча мурда, 8-октябрдан баштап токтотулду. УТРК жетекчилиги муну “Азаттыктын” өз карыздарын убагында төлөбөгөнүнө байланыштырганы менен “Азаттыктын” жетекчилиги каражаттар жөнөтүлүп жатканын, бирок УТРКнын банктагы эсеп номуру туура эмес берилгендиктен жиберилген каражаттар бир нече жолу кайтып келгенин айтышты.

Маселени чечүү үчүн 18-декабрда “Азаттыктын” Вашингтондогу жана Прагадагы жогорку өкүлдөрү Бишкекке келип бийлик адамдары менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, маселе чечилгендей болгону менен эртеси күнү кайрадан эки ортодо пикир келишпестиктер кала бергени коомчулукка дайын болду.

Сүйлөшүүлөрдө техникалык маселелер чечилген соң “Азаттык” менен УТРК кызматташуусун улантары, бул жерде саясий чечим болбогону айтылып, “Азаттыктын” өкүлдөрү ушундай сөздөр менен ошол эле күнү маалымат жыйын өткөрүшкөн. Бирок жыйындан соң УТРК жетекчиси Мелис Эшимканов “Азаттыктын” өкүлдөрү менен жолугуп, үналгынын уктуруулары электен өткөрүлүшү керек деген талап койгон. Буга үналгы өкүлдөрү каршылыгын билдирип, эртеси күнү “Азаттык” үналгысынын президенти Жеф Гедмин бул боюнча тынчсыздануусун жарыялаган.

Президенттин администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев бул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып буларды айткан:

- Бул жерден биз эч кандай саясатты көргөн жокпуз. Баса белгилеп коюу керек. 15-декабрда эле “Азаттыктын” өкүлдөрү менен бул жерде, ак үйдө жолугушууда бул боюнча пикир алышкан элек. Андан кийин алар өздөрүнүн маалымат жыйынында да биздин пикирлерди тастыктап, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, техникалык маселелер чечилгенден кийин жаңы шарттарда иштешүүгө кызыкдарбыз деп билдирип кетишкен эле. Эртеси “Азаттыктын” Прагадагы президенти башкача маалыматты таратып атат. Бизге да түшүнүксүз болуп калды. Эмне үчүн алардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү башка сөздү айтат, радионун жетекчиси башка сөздү айтат.

Бул маселеге кайрылган байкоочулар, УТРКга түздөн-түз көрсөтмө берип турган президенттин администрациясы “Азаттыктын” өкүлдөрү берген жыйындан кийинки М.Эшимканов койгон талаптарды билбей калышы, андыктан кийинчерээк “Азаттыктын” жетекчилигинин бул маселе боюнча тынчсыздануусун түшүнбөй калышы мүмкүн эмес эле.

Ошентип азыркыга чейин “Азаттык” үналгысы менен УТРКнын кызматташуусу жандана албай келет.


Быйыл УТРКны коомдук кылуу демилгесин таш капты

Маалымат айдыңындагы маанилүү окуялардын бири 2008-жылдын 24-апрелинде дээрлик бийликчил

Менимче бул - Адахан Мадумаровдун атайылап коомдук теле түзүүнү жок кылууга багытталган демилгеси.

“Ак жол” партиясынын турган парламент “Теле берүү жана радио уктуруу жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алганы болду. Ага президент К.Бакиев 3-июнда кол коюп, жарандык коом муну менен улуттук каналды коомдук кылуу үмүтү биротоло талкаланганын айтып чыгышты. Анткени, бул мыйзамга ылайык эми улуттук каналдын байкоочу кеңешин да президент өзү сунуштап, жетекчисин да өзү дайындоо укугуна ээ болгон. Ошол себептүү жакында эле куралган УТРКнын байкоочу кеңешинин курамына үмүт артуу да пайдасыз дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин айтымында, акыркы кабыл алынган “Теле берүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамдын жакшы жактары көп. Ал эми жарандык коомчулуктун байкоочу кеңештин президент тарабынан сунушталганы боюнча нааразычылыгы түшүнбөстүктөн келип чыгууда:

- Көпчүлүк бул мыйзамдын негизги жаратылышын түшүнбөй эле сындап атат. Бул жерде жөн гана бардык нерселерин бөлүп көрсөтүп койдук. Мамлекеттик теле болгондо байкоочу кеңеш кандай дайындалат, коомдук теле болгондо байкоочу кеңешти кимдер дайындайт, ушул сыяктуу нерселерди ачык бөлүп көрсөттүк. Кыйладан бери коомчулукта биздин улуттук телени коомдук теле кылабыз деп айтылып келаткандыктан, “азыркы байкоочу кеңешти эмне үчүн президент сунуштады” деген сыяктуу сөздөрдү айтышып, чаташтырып атышат. Бирок мыйзамда так жазылган, улуттук канал мамлекеттик болгондугу үчүн анын байкоочу кеңешин президент сунуштап, парламент дайындайт деп. Эгер улуттук канал коомдукка айлана турган болсо анын байкоочу кеңешин коомчулук көрсөтөт.

Ошентсе да адистердин айтымында, бул мыйзам атайылап коомдук телени түзүү идеясын жок кылууга багыт алган. Медиа өкүл Илим Карыпбеков бул тууралуу мындай дейт:

- “Теле берүү жана радио уктуруу жөнүндө” жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан баштап, Кыргызстандагы коомдук теле түзүү боюнча демилге жоголду. Менимче бул, мурдагы спикер Адахан Мадумаровдун, атайылап коомдук теле түзүү мүмкүнчүлүгүн жок кылууга багытталган демилгеси болду. Бул мыйзам көптөгөн чектөө механизмдерин киргизди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG