Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

БИЙЛИК СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ КӨЗ-КӨРҮНӨӨ КЫСЫМ КӨРСӨТҮП ЖАТАБЫ?


Коомчулук өкүлдөрү апрель митингдеринен кийин кыргыз бийлиги сөз эркиндигине кысым көрсөтө баштады деп тынчсызданышууда. Буга “Агым”, “Кыргыз руху”, жана “Апта” гезиттеринин 20-апрель күнкү саны башкы прокуратура тарабынан тартылып алынганы түрткү берди. Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров сөз эркиндигине эч кандай кысым болгон жок деп белгилөөдө.

Учурда “Агым” гезити чыкпай турат. Гезиттин кезектеги саны бүгүн жарыкка чыгышы керек эле, бирок өткөн жума күнкү окуяга байланыштуу мыйзамдык териштирүүлөр аяктаганча редакция басылманы чыгарбай турууну чечкен. Бул тууралуу гезиттин башкы редакторунун орун басары Айнагүл Сапарбек кызы «Азаттыкка» билдирип, редакция Башкы прокуратураны сотко берүүнү көздөп жаткандыгын белгиледи.

Сөз эркиндигине карата жасаган кыргыз бийлигинин мындай аракеттерин айрым саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү катуу сынга алышууда. Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев эркин басылмалардын нускасын тартып алып, сатыкка чыгарбай коюу Кыргызстан эгемендик алгандан бери болбогондугун белгилеп, бийлик сөз эркиндигине көз көрүнөө кысым көрсөтүп жатат деп билдирди:

-Бул Конституцияга да, басма сөз, журналисттердин укугу тууралуу мыйзамга да, кесиптик кодекске да туура келбейт. Мындай авторитардык, диктатордук башкаруудагы өлкөлөрдө гана болот, демократиялык өлкөлөрдө болбоого тийиш. Ошондуктан, мен муну айыптайм. Мындай аша чапкандык Акаевдин тушунда да болгон эмес. Биз билебиз “Республика”, “Свободные горы” жана “Асаба” гезиттери сот чечими менен жабылган. А булар соту жок эле түндөп жок кылып коюп жатпайбы,-дейт Абдыганы Эркебаев.

Маалымат каражаттарын колдоочу медиа институту өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Илим Карыпбеков акыркы үч жылдын ичинде сөз эркиндигине жана журналисттердин өмүрүнө келтирилген коркунучтар көбөйгөндүгүн маалымдады:

-Мындай чыгарбай коюу, гезитке тыюу салуу жана башка түрдүү басым көрсөтүү ушул үч жылдын ичинде туу чокусуна жетти деп айтууга болот. Акыркы үч жылдын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге прокуратура тарабынан берилген эскертүү он беш жыл ичинде болгон эмес.

Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын күнөөсү менен болгон ишке алар өздөрү жооп берүү керек деген оюн билдирди. Анын айтуусунда бийлик гезиттердин жабылып калуусуна кызыкдар эмес:

-Эмне үчүн ар кандай эле мыйзам бузууларга президент, мамлекеттик катчы жооп берүүгө тийиш? Мыйзамды ким бузган болсо, өзү жооп берсин, ошол чечимди алар өздөрү кабыл алган. Ал эми саясий жагын айта турган болсом, эркин гезиттердин жабылып калуусун президент да, мамлекеттик катчы катары мен да каалабайм. Тескерисинче канча көп болсо, ошончолук жакшы.

Адахан Мадумаров Кыргызстан сыяктуу демократиялык өлкөдө сөз эркиндиги болууга тийиштигин белгилеп кетти.

20-апрелде күч менен жаңы нускасы тартылып алынган “Кыргыз руху” гезити бүгүн жарык көрдү. Ал эми “Апта” гезити каржылык кыйчалыштан улам мындан ары чыкпай калуу коркунучунда турат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Эркин тоо” гезитин жалпы мамлекеттик гезит болот деген мыйзам кабыл алды. Ага ылайык гезит мындан ары бийликтин бардык бутактарына бирдей таандык болот. “Эркинтоо” гезити өкмөттүн курамындагы басылмалардын бири болуп эсептелет. Мындан тышкары депутаттар мамлекеттик маалымат каражаттарынын Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруусу боюнча да мыйзам долбоорун кабыл алышты. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул мыйзам боюнча парламент мамлекеттик маалымат каражаттарына, анын ичинде УТРК жетекчилигине эфирден убакыт бөлүп берүү тууралуу алдын-ала маалымдап, кат жиберүүгө тийиш, ал эми УТРК жетекчилиги аларга убакыт бөлүп берүүгө милдеттендирилген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG