Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

“ДЕ-ФАКТО” МЕНЕН “АЛИБИ” ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛУУДА


Бүгүн “Де-факто” гезити Бишкек шаардык сотунун чыгарган жана күчүнө кирген чечимин токтото туруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылды. Ушундай эле арыз менен дагы бир басылма - “Алиби” гезити да Жогорку сотко кайрылат. Бишкек шаардык соту жакында Биринчи Май райондук сотунун бул гезиттерден президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Бакиевдин пайдасына 1 млн сом өндүрүп берүү тууралуу чечимин күчүндө калтырган эле. Жергиликтүү укук коргоочулар бул көрүнүштү сөз эркиндигине жасалып жаткан басым катары баалашууда.

Белгилүү болгондой, “Де-факто” гезити бир айдан бери чыгармачылык эс алууда. Басылманын баш редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча гезит 20-августтан тартып кайрадан чыга баштайт. Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча учурда сот аткаруучулар “Де-факто” гезитинин мүлкүн каттоодон өткөрүп, камакка алууга даярдашууда. Бүгүн гезиттин адвокаты Шамарал Майчиев Бишкек шаардык сотунун чечимин токтотуу арызы көзөмөл иретинде кароого алууга Жогорку Сотко кайрылды.

“Де-фактонун” башкы редактору Чолпон Орозобекова арызды Жогорку сот караарына ишене албайт:

-Себеби сот аткаруучулардын сөзүнө караганда, бул чечим эчак күчүнө кирген. Мындан тышкары “соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн” деген берене менен мага кылмыш иши козголуп калуусу ыктымалдыгын сот аткаруучулар мага оозеки эскертишти. Бул жөн жерден болбосо керек деп ойлойм.

“Алиби” гезити болсо ушул тапта жарык көрүп жатат. Басылманын жамааты гезиттин 12-августтагы чыгарылышында мамлекет башчыга кайрылуу жарыялап, Баш мыйзамдын кепили катары сөз эркиндигин, анын ичинде “Алиби” гезитин коргоого алуусун өтүнүшкөн. Ошондой эле Жогорку Кеңешке, Жогорку Сотко жана эл аралык уюмдардан Биринчи Май райондук сотунун чечимине байланыштуу пикирлерин билдирип, гезитке моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүлөрүн суранышкан. “Алиби” гезитинин мүлкү сот артаруучулар тарабынан каттоодон өткөрүлүп, 7-августта камакка алынган. Гезиттин башкы редактору Бабыржан Жээнбековдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча камакка алынган мүлктөр редакциянын менчиги эмес:

-Алар тизмеге алып кеткен мүлктөр редакцияга тиешелүү эмес. Компьютерлерди, стол-стулдардын баарын биз ар түрдүү жолдор менен ижарага алып иштетип жатканбыз. Бул тууралуу кабарлап, биз Биринчи Май райондук сотуна кайрылып атабыз.

Бабыржан Жээнбековдун айтуусунда “Алиби” гезити Бишкек шаардык сотунун чечимин токтотуу арызын көзөмөл иретинде кароого Жогорку сотко ушул жума күнү кайрылмакчы.

Эки басылманын башына үйүлгөн кара булутка байланыштуу пикирлерин билдирген укук коргоочулар маселенин баары бийлик тарабынан сөз эркиндигине бут тосууда жатат дешет. Учурда Кыргызстанда бир да эркин электрондук каражат, телеканалдар калбагандыгын белгилеген “Журналист” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев президенттин туугандары, анын кол алдында иштегендердин кылган иши –мамлекет башчынын эл аралык аброюна көлөкө түшүрүп жатат деген ишенимде:

-Президенттин бир тууганынын уулу сотко берип жатканы менен көлөкө президенттин өзүнө тийип жатат. Эгерде мамлекет башчы демократиялык имиджин сактап калгысы келсе, сөз эркиндигин колдосо – туугандарын, кол алдында иштеп жаткандарды тыйып коюуга күчү жетет. Эгер андай болбосо демек, бул басылмалардын жабылышына президент өзү кызыкдар деген пикирлер келип чыгат.

Белгилүү болгондой, “Де-факто” гезитинин башында салык инспекциясындагы коррупцияга байланыштуу дагы эки миллион сомдук жаза айып салынган сот чечими бар. Мындан тышкары басылманы баш редакторуна “билип туруп жалган маалымат тараткан” деген берене менен кылмыш иши козголгон. Мунун баары гезитти жабуу максатында гана жасалып жаткандыгын белгилеген Чолпон Орозобекованын пикиринде, “Де-факто” гезити жабылууга аргасыз болгон күндө гезиттин чыгармачылык жамааты кайрадан жаңы гезит ачууга дарамети жетет:

-Бул бийлик турганда башка гезит ачсак деле так ушундай тагдыр күтүп туруусу мүмкүн. Бирок эң башкысы –бизде күчтүү команда бар. Аларды таратпай, кайрадан жаңы гезит ачып, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табууга аракет кылабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG