Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:48

Басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай Журналисттерди коргоо комитети авторитардык режимдер сөз эркиндигин Интернетте да кысмактоо боюнча аракеттерин кандай ыкмалар күчөтүп жаткандыгына арналган баяндамасын жарыялады.

Интернет маалымат агымынын дүйнө боюнча жайылуусун кеңейткенден бери репрессиячыл өкмөттөр да ар кыл аспаптар аркылуу өз мүдөөсүн алга жылдыруунун жол-жобосун үйрөнүшүп, атүгүл чеберчилигин арттырып бара жатышат.

Журналисттерди коргоо боюнча баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан комитет “Интернетти эзүүчүлөрдүн 10 ыкмасы” деген ат менен кечээ жарыялаган баяндамада мына ушундай тыянак айтылган.

Жөнөкөй, бирок орой ыкмалар

Комитеттин координатору жана баяндаманын автору Дэнни О'Брайен
(Danny O’Brien) “
Азаттыкка” курган маегинде бул тенденцияны Интернеттин “караңгы тарабы” деп мүнөздөдү. Ал кошумчалагандай, салттуу басма сөз мажбурланган өлкөдө маалыматтын Интернеттеги эркин агымын ооздуктоо багыты да бар:

- Бул жерде адамдар Интернетте кандай эркиндикке ээ экендиги менен кадимки басма сөз эркиндигинин ортосунда абдан бекем дал келүүчүлүк бар. Интернеттеги эркиндик басма сөз эркиндигин куйрук улаш жүрөт. Эгер тигил же бул өлкөдө басма сөз эркиндиги азайса, Интернет эркиндигинин кыскарышы бул убакыттын гана маселеси.

Байкоочулардын баамында, авторитардык өкмөттөр колдонгон кээ бир тактикалар бир чети жөнөкөй, бир чети орой. Мисалы Египеттин кулатылган президенти Хосни Мубарак бийлигинин акыркы күндөрү Интернеттеги трафикти токтотуп салууга аракеттенген.

Дагы бирлери тигил же бул сайтты керектен чыгарууга умтулашат. Бирок технология өнүккөн сайын репрессиясыл өкмөттөр да жаңы ыкмаларды үйрөнүүдө. Маселен, Кытайдын мониторинг боюнча мамлекеттик агенттиги иликтөө жүргүзүү менен алектенген журналисттерге электрондук почта аркылуу тыңчылык кылат.

Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү Дэнни О'Брайен бул ыкманын чоо-жайын мындайча түшүндүрөт:

- Мында алар ошол журналисттер билген фактыларды жана аттарды колдонушат. Бул алар тааныган бирөөлөрдөн келгендей көрүнөт. Бирок ошол электрондук каттардын ичине журналисттердин компьютерлерине кирип, андагы маалыматтарды алып чыгып, алар эмне жасап жатканына тыңчылык кылып муну үчүн тарапка бергидей программанын бөлүкчөлөрү жайгаштырылат.

Расмий Тегеран: Жаңы агымдан артта калбай

Интернеттеги эркиндикти чектөөчү аспаптар менен ыкмаларды активдүү колдонуп жаткан өлкөлөр арасында Кытай, Мьянма, Орусия, Беларус, Казакстан бар. Бирок Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү кошумчалагандай, Иран булардын ичинен эң ашынганы.

2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоо учурунда көчөгө чыккандар нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн Twitter жана Facebook өңдүү социалдык сайттарды жигердүү пайдаланышкан. Өкмөт болсо интернетти колдоно албаганы үчүн шылдыңга алынгандай болду эле. Бирок Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү Дэнни О'Брайен белгилегендей, расмий Тегеран бул кемчилигин дароо эле оңдоду:

- Иранда өкмөт Интернет оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары үчүн күч болгонун дароо эле түшүндү. Андыктан азыр алар Ирандын интернетин катуу көзөмөлдөөдө.

Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү кошумчалагандай, Кытай менен Иран өздөрүнүн интернет инфраструктурасын жаңылоо үчүн ири өлчөмдөгү каражаттарды жумшашты жана ага мониторинг жүргүзүүчү кызматкерлеринин санын көбөйттү.

Тегеран ошондой эле жакындан тарта Ирандагы интернет сайттардын баары Маданият министрлигинде каттоого алынуусун талап кыла баштады. Өлкөдө миңдеген сайттарга тыюу салынган.

Бийликтер ошондой эле Интернетти баа аркылуу да көзөмөлдөөгө умтулууда. Маселен Иранда тез ылдамдыктагы интернетке орто чарба жарандын чөнтөгү түт келбейт.

Мониторинг, тагыраак айтканда көзөмөл

Орусия, Беларустун, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери да аларга жакпаган маалыматтын жайылышына жол бербөө үчүн Интернетти көзөмөлдөөнү күчөттү. Бул аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү Интернетти журналисттерге тыңчылык кылуу, өкмөт көзөмөлдөбөгөн сайттарды керектен чыгаруу үчүн да пайдаланышат. Мындан сырткары буга чейин эркин болуп келген блогдорго, чаттарга, форумдардын мазмуунуна да мониторинг жүргүзүлөт.

Журналисттерди Коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянованын айтымында, аймактагы өлкөлөр тиешелүү мыйзамдын салттуу маалымат каражаттарынын журналисттерин кылмыш жоопкерчилигине тартууда колдонулган “жалаа жабуу”, “кордоо” өңдүү беренелерин Интернет айдыңында иштегендерге каршы пайдаланышууда.

Мындан сырткары Интернет сайттарды блокадалоо ыкмасы кеңири жайылып бара жатат:

- Цензуранын бул түз болбосо да айлакер түрү эркин үндү басуудагы эффективдүүлүгүн көргөзүп койду. Биз цензуранын жаңы түрлөрү жөнүндө сөз кылганда биз тандалма сайттардын, кыска убакытка, үзүл-кесил блокадаланышын эске алып жатабыз. Мындай блокада шайлоо өңдүү талылуу саясий окуялардын тегерегинде болот.

Адатта өкмөттөр сайттар блокадага алынганда муну техникага же хаккерлерге шылтап, өзүнүн эч жүйөсү жоктугун айтып чыгат. Азыр маалымат таратуунун булагы катары улам кеңири жайылып бара жаткан мобилдик телефондор да колдонулууда. Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлдөрү авторитардык өкмөттөрдүн маалымат чектөө багытындагы кийинки бутасы - уюлдук байланыш болобу деп боолгошот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG