Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Ош аэропортунда авиакаттамдар токтоп турат


Ош аэропортунда учууну күтүп отургандар. 11-декабрь, 2016-жыл.
Ош аэропортунда учууну күтүп отургандар. 11-декабрь, 2016-жыл.

Ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу 10-декабрдан бери Оштогу аэропортто авиакаттамдар токтоп турат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, тумандан улам бир да учак учупу, коно албай турушат. Бишкектен Ошко барчу каттамдарга учууга уруксат берилбей, Орусиядан Ошко келаткан айрым учактар Бишкекке конгонго аргасыз болду.

“Манас” эл аралык аэропортунун жооптуу кишилери 11-декабрда түшкө жакын туман тарай баштаганын, кармалган каттамдардын баары бүгүн аткарыларын маалымдашты. Бирок канча учак токтоп турганы ачык айтыла элек.

Жүргүнчүлөр Ош аэропортунда 20 сааттан ашуун убакыттан бери отурганын билдиришип, сүрөттөрүн интернетке жүктөй башташты. (SE)

XS
SM
MD
LG