Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Алматы-Тамчы каттамы боюнча жаңы учак каттай баштайт


Жайкы сезондо Ысык-Көлгө келүүчү туристтерге шарт түзүү максатында 29-июндан тарта Алматы-Тамчы багыты боюнча Як-42 орто магистралдык учагы каттай баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү өнүгүү боюнча ЮСАИДдин программасынан кабарлашты. Як-42 учагына 102 жүргүнчү батат. Буга чейин Алматыдан Тамчыга чейин машине менен бир саат жол жүрүүгө туура келсе, эми жол жүрүүнүн мөөнөтү 35 мүнөткө чейин кыскарды.

Бул типтеги учакты кабыл алуу үчүн Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданында 500 метр кошумча конуучу тилке даярдалды. Былтыр 48 орундуу Ан-24 үлгүсүндөгү учак Алматы-Тамчы каттамы боюнча уча баштаган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG