Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Чавес Россияны газ картелин түзүүгө көндүрө алабы?


Венесуэла президенти Уго Чавес Түркмөнстан президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен, Ашгабад, 7-сентябрь 2009-жыл
Венесуэла президенти Уго Чавес Түркмөнстан президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен, Ашгабад, 7-сентябрь 2009-жыл

Венесуэла президенти Уго Чавес мунай ОПЕК уюмунун үлгүсүндө газ картелин түзүү демилгесине орус жетекчилигинин колдоосун табуу аракетинде бүгүн Москвага келүүдө.

Мунайдын баасы көтөрүлгөн сайын ал үчүн адатта Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕКти күнөөлөп келишет. Италиялык аналитикалык борборунун талдоочусу Федерико Бордонаро керектөөчүлөрдүн чочулоолорун мындайча түшүндүрөт:

- Газ картели бир күнү жарыкка келсе, өндүрүүчү өлкөлөр таасирин күчөтүп, газдын баасын анкытоодо акыркы сөз аларга таандык болуп калмакчы. Газ керектөөчү өлкөлөр дал ушундан чочулашат.

Венесуэла мамлекет башчысы августтун этегинен бери Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан тартып Каспий боюндагы өлкөлөргө барып, газ картелин түзүү демилгесине колдоо табуу аракетин көрүп келди. 8 өлкөнүн бул идеяга көз карашы бир беткей болгон жок. Кезек эми Москвага келип жетти.

Россия буга чейин эле газ экспортоочу мамлекеттердин башын бириктирген уюмдун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн караштырган. Былтыр Россия, Алжир, Боливия, Иран, Египет, Катар, Ливия, Тринидад жана Тобаго, Эквоториалдык Жаңы Гвинея, Нигерия жана Венесуэла Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн форумун түзүү жөнүндө келишимге кол коюшканы менен, андан бери бул иш алдыга жылган жок.

Киийнчирек, ошол эле жылы Россия, Иран жана Катардын расмий өкүлдөрү Тегеранда газ картели боюнча демилгени талкуулашкан. Бирок андан да жыйынтык чыккан эмес. Баса, аталган 3 өлкөгө дүйнөдөгү газдын 60 процентиндейи туура келет.

Эми газ өндүрүүчүлөрдүн альянсын түзүү аракетин Чавес улантууда. Ага үлгү катары мунай картели – ОПЕК болуп бермекчи. Арийне, адистер мунай сатуу менен табигый газ сатуу абдан айырмаланат деп эскертишүүдө.

- Товар катары газды мунайдай кылып сата албайсың. Бул – анын физикасына байланыштуу. Жаратылыш газдын ири бөлүгү куурлар аркылуу ташылып турат. Демек, мунай рыногуна окшогон газ рыногун түзүү татаал. Табигый газ куурларга өтө байланган.

Энергия маселеси боюнча эксперт Чарлз Эссер мунай соодасы менен газ соодасы ортосундагы айырманы түшүндүрүп, газ рыногу өндүрүүчү менен керектөөчүнү туташтырган түтүктөр менен чектелип калат дейт. Баа же контракт проблемасы пайда боло калса, куурдан айырмаланып, мунай тарткан унааны орто жолдон башка портторго багыттаса болот.

Газ экспорттогон жана импорттогон мамлекеттер болсо толугу менен куурлар тармагына байланган. Куур жабылып же иштебей калса, эки тарап тең жабыркайт. Алсак, Түркмөнстан газынын ири бөлүгүн Россияга сатып турат. Апрелде эки өлкөнү туташтырган газ куурунда жарылуу болуп, Ашхабад ал үчүн Россияны айыптаган.

Азырынча газ картели боюнча идеяны Венесуэла жана Иран өзгөчө дилгирлик менен колдошууда. Бордонаронун айтымында, эки өлкөнүн тең чет мамлекеттер менен байланыштырган газ куурлары жок.

- Табигый газ рыногунда куур жаткыруу үчүн конкреттүү контракт жок болсо, ал иш тобокелдүү болушу мүмкүн. Түтүк курууга чоң акча жумшалып, ал кийин бош калса, каражат текке кетти десең болот. Россия же Түркмөнстан өңдүү газ өндүрүүчүлөр тобокелдикке баргысы келбейт. Мындай шартта газ картелинин калыптанышы күмөн.

Чавес Ашхабадда болгон учурда Түркмөн бийлиги анын демилгесин колдоого шашылган жок. Куурлардан көз каранды Россия да ага көп кызыкпашы мүмкүн, - дешет айрым байкоочулар.

XS
SM
MD
LG