Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Түркмөнстан Россияга газ экспортун жандантат


Орус жана түркмөн президенттери газ келишимине кол коюлгандан кийин, Ашгабад, 22-декабрь, 2009-жыл
Орус жана түркмөн президенттери газ келишимине кол коюлгандан кийин, Ашгабад, 22-декабрь, 2009-жыл

Январдын башынан тартып түркмөн газы кайрадан Россияга жеткириле баштайт. Тиешелүү келишимге бүгүн орус президенти Дмитрий Медведевдин Ашгабаддагы сапары учурунда кол коюлду. Ага ылайык, Түркмөнстан Россияга жылына 30 миллиард кубметр газ экспорттоп турмакчы. Өткөн аптада Түркмөнстан менен Кытайды туташтырган газ кууру ачылган.

Түркмөнстан менен Россия ортосунда 2003-жылы түзүлгөн газ келишиминин мөөнөтү 2028-жылы соңуна чыгат. Бирок быйыл апрелде газ куурундагы жарылуудан улам түркмөн газын Россияга ташуу үзгүлтүккө учураган. Ашгабад ал үчүн Россиянын “Газпром” мамлекеттик компаниясын айыптаган. Түркмөн тараптын ырастоосунда, Европада газга болгон талап азайган кезде концерн газ алууну азайтып, натыйжада түтүк жарылып кеткен. Аналитиктердин баамында, Россияга газ берүү токтогондон бери Түркмөнстан айына 1 миллиард доллардан куру калган.

Газ экспортун жандантуу келишимине шейшембиде “Газпром” жана “Түркмөнгазы” ишканаларынын жетекчилери эки өлкө президенттеринин катышуусунда кол коюшту. Документке ылайык, эмки январдын алгачкы күндөрүнөн баштап Россия Түркмөнстандан жылына 30 миллиард кубметр газ алып турмакчы. Бул – мурдагы көлөмдүн үчтөн экисин түзөт.

Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен сүйлөшүү маалында орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев Түркмөнстанды “жакын дос”деп атады:

- Урматтуу Гурбангули Маликгулиевич, биз сиз менен азыр эле эларалык маселелерди талкууладык. Учурдагы проблемалар, дүйнөдө, Евразия континентинде коопсуздук орнотуу маселелеринде биз жакын же бирдей коз карашты карманабыз.

Газдын баасы да эки өлкө ортосунда бир топ талаш-тартыш жараткан. Ашгабад газдын акысы европалык бааларга ылайык төлөнсүн деп келсе, Москва глобалдык газ рыногундагы баалар төмөндөгөндүктөн, Түркмөнстанга төлөнчү баа да азайууга тийиш деген позицияны ээлеген. Орус президентин Ашгабадга коштоп барган “Газпром” компаниясынын жетекчи орун басары Александр Медведев тараптар макулдашкан бааны тактабаганы менен, ал “Европанын газ рыногунун шарттарына ылайык аныкталат” деп чектелди.

Буга чейин “Газпром” түркмөн газын сырткы дүйнөгө чыгаруу боюнча жалгыз канал болуп келсе, 14-декабрда Россияны кыйгап өткөн газ кууру ачылган. Ошентип, Борбор Азиянын газ ресурстарын тышкы рынокко сатуу боюнча орустардын монополиясына чекит коюлду. Жаңы түтүк Түркмөнстандын чыгышынан башталып, Өзбекстан жана Казакстан аймактары аркылуу Кытайга чейин жаткырылган. Анын ачылыш аземине 4 өлкөнүн президенттери катышты.

Болжолу менен 2012-жылга карай куур жылына 40 миллиард кубметр газ ташып турмакчы. Дагы бир долбоорго ылайык, Түркмөнстан жакын арада Иранга газ жөнөтө баштайт.

XS
SM
MD
LG