Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Чыңгыз хан баргы болгонбу?


Ички Монголиядагы Чыңгыз хандын ордо-музейи. Кытай, 2009-жыл

Ички Монголиядагы Чыңгыз хандын ордо-музейи. Кытай, 2009-жыл

Чынын айтсак, элибиздин тарыхын өткөн кылымда, СССРдин башында турган элден чыккан окумуштуулар түзүп берген.

Ал эми Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери ошол расмий тарыхыбыз эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, санжырачылар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы, ушулар иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат.

Маселен, Монгол доорундагы тарыхыбызда да чаташуулар көп болгондуктан, Чыңгыз хан тууралуу тарыхый булактарды карап чыгууга туура келди.

Чынгыз хандын буйругу

Айта кетсек, оригиналын жазган автору белгисиз, кытайча котормосу Бээжин шаарынан табылган чоң бир кундуу эмгек Европа окумуштууларына аалым Палладий (Кафаров Петр Иванович, 1817-1878-жылдарда жашап өткөн) аркылуу белгилүү болгон. Ал орус православдык миссиясын Кытайга бир нече жолу жетектеп барып жүрүп, Бээжинден бул китепти 1866-жылы колуна алып, “Старинное монгольское сказание о Чингизхане” деген ат менен которуп чыккан. Андан кийин ушул күнгө чейин англис, орус, француз, немис, испан, чех, болгар жана азыркы монгол тилдерине которулганы белгилүү. “Сказание” Чыңгыз хандын буйругу менен башталып, Угедей хандын тушунда 1240-жылы жазылып бүткөн деп айтылат. Бирок бул дагы так дата эмес, 1264-жылды белгилеген маалымат да бар. Канткен менен ушул баалуу эмгек Чынгыз хан жана анын бабалары, урпактары жөнүндөгү биринчи тарыхый булак катары дүйнө окумуштуулары тарабынан илимий эмгектерин жазууда колдонулуп келе жатат. Иликтөө үчүн С.А. Козин тарабынан которулган “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” деген китепти (2009-жылы чыккан) орусча кароого туура келди.

Андан башка дагы тарыхый булак катары эсептелген Рашид ад-Диндин 10 жылда жазылган “Летопистер жыйнагын” (1301-1311-ж.ж.) орусча, Амир Темирдин небереси Мырза Улукбектин “Турт улус тарихи” (1431-ж.ж.) деген китебин өзбекче, Хива ханы Абул Газы Бахадыр хандын (1605-ж. төрөлүп, 1664-жылы өлгөн) “Түрк санжырасынын” кыргызча котормолору каралды. Жогорудагылардан сырткары, китепти жазууда Мухаммед Хайдардын белгилүү эмгегин жана чет элдик, орус жана кыргыз окумуштууларынын көптөгөн эмгектерин окууга туура келди.

Ошентип “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген китепче 2015-жылы “Турар” басмаканасынан 1000 нускада чыгып, элге тарады. Бул келечекте жазылуучу көлөмдүү эмгектин башталышы гана.

Кыргыз – байыркы жана баатыр эл

Албетте, кыргыз элинин улуулугунда, байыркылыгында жана баатырлыгында эч кандай шек жок. Бул тууралуу дүйнөлүк тарых да тастыктап турат. Кыргыздар Борбордук Азиядагы түрк элдеринин ичинен эң байыркысы экенин илимпоздор да бир ооздон баса белгилеп келишет. Муну Хунндардын доорунда (б.з.ч. 201-жылдар) кытай булактарында кыргыздардын “Гяньгунь” деп жазылышы да ачык далилдейт.

Андан бери адамзаттын тарыхында не деген орошон окуялар өтпөдү. Кыскача бизге тиешелүүсүн айтсак, 840-жылы кыргыздар Улуу кыргыз каганаттыгын курган. Орто Азияда 950-жылдары караханиддер бийликке келди. 1200-жылдардан баштап тарых аренасына Чыңгыз хан чыккан.

Талашка түшкөн Чыңгыз хан...

Азыркы учурда Чыңгыз ханды талашпаган эл аз. Себеби ар бир эл өзүнүн тарыхын бийик көтөргүсү келет. Бирок аны илим жолунда тарыхый булактар менен далилдөө зарыл. Ушул багытта Чыңгыз хандын түпкү тегине байланыштырып, кыргыз экенин орус окумуштуусу Евгений Кычанов ж.б. окумуштуулар айтып чыгышкан. Анткен менен Чынгыз хан, анын бабалары жана балдары кыргыз болсо, анда алар кыргыздын кайсы урууларына таандык экенин жазышкан эмес. Негизи ар бир адам өзүнүн кайсы элге таандык экенин ата-бабаларынын генеалогиялык санжырасы менен аныктайт эмеспи. Ошону менен мен ушул элденмин дейт. Дал ушундай ыңгайда Чынгыз хан кыргыз экенин тарыхый булактарды колдонуу менен далилдөөгө аракет жасалды. Эмесе сөз ирети менен болсун.

Чынгыз хандын ата-бабаларынын уруусу – Хорилар болгон

Чынгыз хандын атасынан жогору эсептегенде, анын “11-биологиялык жашыруун атасы” орус окумуштуусу Е. Кычановдо “Маалих Баяудец” деп берилген (автордун “Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир” китеби, 40-бет). Аны Кычанов “чачы сары, көзү көк – Енисей кыргыздарынан” деп айткан. Бирок Маалих кыргыздын кайсы уруусунан экенин аныктай алган эмес. Мунун таржымалы Чыңгызхандын 11-энеси Алан гоанын окуясынан чыгат. Т.а. “Сокровенное сказаниеде” Алан гоа өзүнүн күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин үч эм эгиз уулдарды ушул Маликтен “төрөгөнү” айтылат. Евгений Кычанов ушул маалыматка таянган.

Эми ушул жерден Алан гоа (гоо) жөнүндө баянды академик С.А.Козиндин котормосундагы “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” деген китебинен карайлы (12-бет):

Обратившись к брату Дува сохор сказал: «Средь тех кочующих к реке людей в кибитке на высоком передке сидит прекрасная девица. И коли она, давай сосватаем её тебе, брат Добун мэргэн».

И, сказав сии слова, послал он Добун мэргэна взглянуть на девушку. Показалась она Довун мэргэну: и лицам красна, и телом ладна, да рода знатного, да ещё не сватана. А зовут – Алан гоо.

Отец Алан гоо – хорь тумедский ноён Хорилардай мэргэн, а мать – Баргужин гоо;

родилась Алан гоо в уделе хорь тумэдов в местности, называемый Ариг ус.

Её мать Баргужин гоо – дочь Баргудай мэргэна, вождя племени Хул (Улуу) Баргужин тухумов, чьи земли лежат в дальний дали.

А люди, с которыми кочевала Алан гоо, стала быть племя её отца – Хорилардай мэргэна».

Жогорудагы текстеги “Хул – Улуу” деген сөзгө бир мисал келтирели: Чынгыз хандын небереси Хулагу хандын аты Улуу Агу – Улуу Ага деп чечмеленет.

Бул жерде туматтар “Тумед” деп берилгени көрүнүп турат. Негизи ал Тумат деп аталат. Ал эми Алан гоанын апасы кыргыздын Баргы уруусунан экени так айтылып турат. Эмесе тарыхый булакты дагы улантып карайлы (Рашид ад-Диндин “Летопистер жыйнагы”, 122-бет):

“Место перобывание этого племени (Тумат) было поблизости вышепоименнованный местности Баргуджин-Токум. Оно также ответвилось от родственников и ветви Баргутов”.

Көрүнүп тургандай, туматтар Баргы уруусунун бир бутагы болуп саналат. Маселен, Туматтар биздин Алайда азыр дагы бар. Ал турсун, алардын аты менен жердин аты да бар. Аталышы Туматай (Тумат-ай) деп турат. Жогоруда айтылгандай, ХориларТуматтарга кирет.

Ушул жерден бул маалыматты бере кетпесек болбойт. Маселен, Рашид ад-ДиндинЛетопистер жыйнагы” эмгегинин “Племя киргиз” деген темасында кыргыз катары төрт уруунун аты даана берилген (ушул эмгек, 150-бет). Алар: Баргу (Баргы), Тумат, Кори (Хорилар), Баяут (Коңурат).

Эми кайра Алан гоага келели. Анын атасы Хорилардай мерген Баргылардын бир бутагы болгон туматтардын аскер башчысы болуп жатат. Кийин ошол Хорилардай мергенге баш ийген эл Хорилар уруусу аталышыптыр (“Сказаниени” улантып окуйлу, 12-бет):

“Хорилардай мэргэн отошел от пределов хорь тумедских по причине раздоров, вспыхнувших меж близживущих родов, кои желали отвоевать друг у друга уделы, обильные зверем – соболем и белкой.

Хорилардай мэргэн и люди обособились, и прозвались они племенам Хорилар по имени ноёна своего”. Бул биздин замандын 940-950-жылдары болуп жаткан окуялар.

Ошентип, Алан гоанын уруусу каяктан чыкканы да аныкталды. Ал атасынын эли – Хорилардан, түбү Баргы уруусунун бир бутагы болгон туматтарга кирери айтылды.

Ушул Хорилар уруусун Рашид ад-Дин өзүнүн китебинин 1-томунун 2-бөлүмүндө мындай деп берген ( А.Мелехиндин котормосундагы “Сказание”, 2013-жылы чыккан, 309-бет, топтом катары берилген Рашид ад-Диндин “Летопистер жыйнагынан” үзүндүдө):

“Алан гоо была из племени Горлос”,- деп турат.

Жогоруда Алан гоанын атасы Хорилардай мерген туматтардын аскер башчысы болуп жатпайбы. Кийин ошол Хорилардайдын эли Хорилар уруусу болуп калууда.

Ушул А. Мелехин которуп чыгарган “Чингисхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” китебинде Абул Газы Бахадыр хандын “Түрк санжырасы” да топтом катары басылган экен, ошого көңүл буралы (Москвадан 2013-жылы чыккан, жогорудагы китептин 308-бети):

“Бортэ чоно из рода Хианово, из племени Горлос”-деп турат.

Мында Бортэ чоно Чынгыз хандын 22-түпкү атасы болору “Сказаниеде” жазылып турат. Айтып тургандай, Кыян уругу Горлос (Хорилар) уруусунан экени так жазылууда.

Жогоруда Хорилар менен Горлос бир эле урууну түшүндүрүп жатат. Мында Добун мерген (Чынгыз хандын 11-атасы) менен Алан гоа экөө тең “Горлос уруусунан болот” деп турат. Горлос – Хориларды түшүндүрөт. Себеби, “Сказаниеде” Алан гоа Хорилар экени так жазылып турбайбы.

Негизи, “Сокровенное сказаниедеги” (түп нускадагы) Хориларды кыйла кийин Рашид ад-Дин фарс тили менен “Горлос” деп жазган, аны Абул Газы Бахадыр хан колдонгону көрүнүп турат. Бирок, Хорилардын башындагы “Хор” сөзү – “Гор” бойдон өзгөргөн эмес.

“Сокровенное сказаниедеги” Чыңгыз хандын ата-тектери тизмектелген линияда Добун мерген анын 11-атасы, ал эми Бортэ чоно 22-түпкү атасы жана эл башчылары катары жазылганын дагы бир жолу эскерте кетели. Алардын аралыгындагы да аталары так жазылган. Булар Улуу Баргынын бутагы Туматтардан чыккан Хориларды (Кыяттарды) башкарышкан.

Жогорудагы тарыхый булакта Туматтар Баргылар менен – Баргуджин-Токумда бир турганы айтылган жана алардын бир бутагы болот деген. Хорилар болсо Туматтардан чыкты. Ушул эл Чыңгыз хандын ата-бабаларынын уруусу экенин “Сказание” айтып жатат. Ошондуктан Чынгыз хандын өз эли Хорилар түбүндө Улуу Баргы – кыргыз болгон.

“Желтый пес, виляющий хвостом...”

Эми Алан гоанын “Сказаниеде” айтылып жаткан окуясын кайрадан улантып окуйлу:

“У Алан гоо и Добун мэргэна родились два сынаБугунудей и Белгунудей. По прошествии времени как-то раз Добун мэргэна взошел на сопку Тогоцог поохотиться; в лесу он наехал на одного урианхайца, убившего оленя – трехлетку и теперь поджарившего его ребрышки. Приступив к нему, Добун мэрген сказал: «Истинно говорю тебе: спознаешь друга, когда с тобою он поделится добычей!» (Бул жерде шыралга сурап жатканы түшүнүктүү болуп турат).

Охотник – урианхаец отсек голову с сердцем и легким взял себе, а остальное мясо отдал Добун мэргэну. Когда, нагрузив на коня тушу оленя, Добун мэргэн возвращался домой, по дороге он наехал на изможденного, оборванного человека, ведшего за руку отрока.

“Какого рода – племени ты будешь?”- спросил у него Добун мэргэн. На это бедняга отвечал:

“Сам я из племени Малиг баягудай. Я голоден и выбился из сил. Прошу, дай мясо мне для пропитанья. Тогда отдам тебе я в услужанье сына своего”.

Добун мэргэн согласился и отдал голодному бедняге ляжку оленя, а сына его увел с собою. С тех пор отрок прислуживал ему” (Козиндин котормосундагы китептин 13-бети).

Мына, “Малик баягудай” (Маалих Баяудец) атындагы баланын тарыхта калган окуясы ушул жерден башталган. Ал Добун мергенге бир эликтин этине алмашылып, малай болуп калган. “Чаташуунун баары ушул жерде” экенин эскерте кетели. Эми дагы бир өтө кундуу маалыматты карайлы (Рашид ад-Диндин китебинин 162-бети):

“Баяудай-Харбатан принадлежит к ним (Конуратам) и пришел оттуда. Баяудай из племени Олкунут, которое является ветвью Кунгиратов”.

Жогоруда Малиг дагы, Харбатан дагы Баягудай – Баяудай уруктарына таандык болуп жатат. Ошол Баяудай (Баяут) уругу Олкунут уруусуна кирип жатат. Ал эми Олкунут уруусу Коңураттардын бир бутагы болууда.

Демек, жогорудагыларга негизденип, Евгений Кычанов айткан Маалих Баяудецти (Малиг баягудай, Малик баягыдай-баяудай) Коңураттарга таандык деп айтсак болот.

Эми далилдерди дагы улайлы (“Сказаниени” окуйлу):

“По проишествии многих дней Добун мэргэн скончался. По смерти Добун мэргэн вдова его, Алан гоо, родила трех сыновей и дала имени – Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхаг (акыркысы 970-жылы туулган), что значит Бодончар – простофиля.

Родившиеся во дня здравия отца своего Белгунудей и Бугунудей в тайне от матери Алан гоо говорили такие слова:

“Мать наша, ни родичей отца, ни прочих мужей не имея, троих нам братьев родила. Но в доме нашем все же есть один чужой мужчина:

Слуга из племени Малиг баягудай. Должно быть, дети от него”.

Бул жерде Алан гоа Малиг баягудайдан (Малик Баяудецтен) дагы үч эм уулдардыэгиздерди төрөгөнүн Добун мергенден туулган эки баласы айтууда. Алан гоа күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин мураскерлер жаш болгондуктан, ошол элди башкарып калган. Ал эки баласынын нааразылыгын төмөндөгүдөй жөнгө салган:

“Прознав, что в тайне от нее старшие сыновья ведут такие речи, Алан гоо однажды по весне сварила вяленое мясо, накормила им сыновей своих – Белгунудея, Бугунудея, Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхаг, посадила их в ряд перед собой и, дав каждому из них по стреле, сказал: “Переломите!” Что те легко и сделали. Когда же Алан гоо, связав пять стрел вместе, дала каждому из них со словами: “Переломи!” – никто из них не смог сломать связку.

Тогда она сказала: “Бэлгунудэй, Бугунудэй, сыны мои! У вас явились недоуменья, как это ваша мать троих вам братьев народила и чьими будет эти сыновья? В своих сомнениях сыновьих вы правы. Но вам неведомо одно лишь только. И истинно вам это говорю: к нам в юрту каждой ночью через орхо (это фортух, прикрывающий тоно-дымовое отверстия в крыше юрти) посланец Небо нисходил, вокруг сияние его в меня входило...

Когда ж луна должна сойтись и разминуться с солнцем, он, словно желтый пес, виляющий хвостом, поспешно уходил; и яркий свет за ним струился. Ужели нужно что-то молвит боле. Ведь ваши братья – неба сыновья”.

“Так они жили, до коле матери их, Алан гоо, не стало”.

Ошентип, Алан гоа да дүйнөдөн өтөт. Кантсе да ал ошол мезгилдеги диндерди, санжыра-тарыхты мыкты билген аял экени көрүнүп турат. Өзүнүн урпактарына (малай Маликтен таркаган тукумдарына), “асман уулдары” деп эң мыкты идеология калтырып кеткен. Эки баласы айтып жатса деле, Алан гоо: “3 эм асмандан түшкөн нурдан жаралды”- деп койгон. Нурдан эч кандай бала жаралбасын азыркы медицина илими эң жакшы билет.

Ошол Малик Баяудецке кийин, албетте, аял алып беришкен. Андан тараган тукумдары да өзүндөй болуп, Чыңгыз хандын тушунда жана андан кийин деле чынгызиддерге кул болуп кала беришкени тарыхый булакта турат.

Төрт улус тарыхы

Жогорудагы “Когда ж луна должна сойтись и разминуться с солнцем, он словно желтый пес, виляющий хвостом, поспешно уходил”- деп Алан гоанын балдарына айтып берген окуясы Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхында” мындайча бир аз өзгөргөн (41-бет):

“Аланкува караса, ал нурлуу мусавар (сымбаттуу) жигит раңсыз бир бөдөнө сүрөтүнө (кейпине) кирип, тышкары чыгып кетти...”

Улукбек улуу эмир Тамерландын (Аксак Темирдин) небереси, чоң атасынан калган тактын ээси, падыша болгон. Амир Темирдин да түбү Алан гоадан чыгат, ал дагы кыргыз. Айта кетсек, Аксак Темир Түмөн хандын Качуулунан ( “кач, уул!”), ал эми Чынгыз хан Түмөн хандын Кувул хан (“Куу, уул!”) уулунан тарашат. Качуул менен Кувул эгиз болушкан, Качуул – бул чоңу.

Негизи падыша Улукбек өзүнүн китебине түпкү тегин “виляющий хвостом” болуп эшикке чыгып кеткен “итке” байланыштыра берүүнү туура көрбөгөндөй, намыстангандай туюлат. Анын үстүнө бөдөнө куш тибине кирген сүйкүмдүү канаттуу эмеспи. Ошондуктан, “эшикке ит эмес, бөдөнө – куш чыгып кеткендей” жазылган.

Кыргыздар чоң кызматты ээлеген

Эми кыргыз эли чынгызиддер менен империяны “үзөнгүлөш, жардамдаша башкарышкан” дегенге да мисал келтирели, сөз кургак болбосун. Чыңгыз хан өлөрүндө өзү түзгөн империяны 4 уулуна энчилеп берген. Ал ири өлкөлөр: Алтын Ордо, Ильханият, Могулстан жана Улуу Журт. Акыркысы Хубулайдын убагында Пекин борбору боло Хубулай мамлекти аталып, кийин кытайча Юань деген атка которулган.

Маселен, Рашид ад-Дин Ильханият ханынын Баш вазири (азыркыча премьер-министр) болуп иштеген, көптөгөн тилдерди билген аалым болгон. Анын китебинин “Племена: Баргут, Кори и Тулас; племя Тумат также ответвилось от них” деген темасында мындай маалымат бар:

“Из племени Баргут (Баргы) в этом государстве (т.е. Иране), был Джурджаган, атабек (аталык) Аргун-Хана; его женой (была) Булаган, а сыновьями: Таутай и Буралги-Кукелташ. Сын Буралги, Саталмыш, был старшим и уважаемым эмиром во времена государя ислама”.

Бул жерде ашыкча сөздүн кереги жок. Дүйнөнү кыргыз эли чынгызиддер менен кошо жардамдашып, башкарышканы көрүнүп турат.

Кыргыз элинин алгачкы тарых окумуштуусу Белек Солтоноевдин 1993-жылы басмадан чыккан “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинин 89-бетинде мындай деп жазылып турат: “Казактын айтуусунда кыргызды кулдан, күндөн, иттен таралды”- дейт. Маселен, казак ичине сиңип кеткен (кыргыз) Чөжө акын казак акыны Кемпирбай менен 1880-жылы чамасында айтышкан (Чөжөгө Кемпирбайдын жооп кылып айтып турганы):

“Бул кул, бир күндөн пайда болгон,

Жаралган кызыл иттен сен эмеспи”.

Бул жерде Алан гоа айтып турган “желтый пес, виляющим хвостом” “кызыл ит” болуп калып жатат. Негизи, ушундай түстөгү иттер саргыч-кызыл болуп көрүнөт эмеспи. Анын үстүнө казак акыны Кемпирбай “бул кул, бир күндөн (нурдан), кызыл иттен жаралган” деп кыргыз Чөжө акынын баса айтып жатпайбы. Ал сөздөр Чыңгыз хандын 10-атасы Бодончар мунхаг менен анын эгиз бир туугандары Бугу хатаги, Бугуту салжиге карата айтылууда.

Бул айтылыш чынгызиддерге эле эмес, бүтүндөй кыргыздарга да “тагылып” жатканынан улам деле Чынгыз ханды ата-баба жана укум-тукуму менен кыргыз болгон деп айтсак болот.

Борджигин мунхаг – Борджигин мунгуч

“Сокровенное сказание” боюнча Добун мерген менен Алан гоанын 2 уулунан: Белгунудейден – Белгунуд уруусу, Бугунудейден – Бугунуд (Бугу) уруусу тарайт.

Ушул күнү Бугу уруусун кыргызга кирбейт деп эч ким айта албаса керек.

Ал эми үй кызматкери Малик Баяудецтен туулган үч эмдин чоңу Бугу хатагиден – Хатагин (Катаган) уруусу, ортончусу Бугуту салжиден – Салжуд уруусу, эң кичүүсү – Бодончар мунхагдан – Кыят Борджигин Мунгуш (Муңгуч) уруусу тарайт.

Кыят – кыргызча “кыян-сел” дегенди түшүндүрөт.

Демек, Бугу, Катаган, Муңгуч уруулары “Сказание” боюнча кыргыздын бири-бирине өтө жакын бир тууган уруулары болуп чыгууда. Тарыхый булак боюнча үчөөнүн тең түбү – Баргы болот. Анткени, тарыхый булакта көрсөтүлгөндөй, Улуу Баргыдан Тумат бөлүнгөн, андан Хорилар, андан Кыян (Борджигин Мунгуч) чыгат. Чынгызиддер Борджигинден тарап жатпайбы.

“Монгол” – Мунгуш экенин чечмелейли

“Сокровенное сказаниеде” Бодончар мунхаг деп айтылууда. Мындагы “мунхаг” деген сөз кыргыздын “муң-как, муң-гак” деген эле сөзү. Ошондо, “Муңгак – Муңгуч” деген эле сөз экени көрүнүп турат. Ал эми Мунгуш уруусу – Мунгуч деп деле айтылып, жазылып келүүдө.

Негизи, Могол, Монгол, Мунгуш (Моңол, Моңгол, Муңгуч, Муңгуш) сөздөрүнүн баары эле бир маанини түшүндүрөт. Мында “Мон” менен “Мун” бир эле маани.

Ошол “Мун” кыргызча “муң – кайгы” дегенди билдирет. Калгандары: “Мон-Мун” негизги сөзүнө “хаг”, “гол”, “гуч”, “гуш” деп уланган мүчөлөр. Алтай жакта “уулду” азыр деле “оол” деп айтышат. Мисалы, Мунгуш уруусун Монгуш деп аташат. Мындан “Муңуул” – “Моңоол” болуп калган да, андан “Моңол, Могол, Моңгол” чыккан. Орустарда “ң” тамгасы жок болгондуктан, баары биригип келип “Монгол” аты келип чыкканы көрүнүп турат. Бул каяктан чыккан десек, ал да тарыхый булакта бар экен.

Тактап айтканда, Алан гоанын Маликтен туулган үч эм эгиздеринин кичүүсү Бодончар мунхагдын (Мунгучтун) бала кезиндеги окуясы Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхында” төмөнкүдөй айтылат:

Ошол Бодончар төрөлгөндө моюнунан бир омурткасы кем болуп, кыймылдаса эле катуу ооруп, боздоп-ыйлап жүрүп чоңоёт. Андыктан, ага “мунхаг” деген кошумча ат жабышкан. “Мунхаг – муңгак, муңкак, муңгуч, муңгуш” экенин жогоруда түшүндүрүп бердик. Демек, Бодончар мунхаг – Бодончар муңгуч болууда.

Ошол Бодончар муңгуш өтө эстүү, баатыр жигит болуп чоңоёт да, 15 жашында Алан гоадан калган элге хан болот. Бодончар Мунгучтун 15 жашында хан болушу Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхы” китебинде бар (67-бет).

Орус элинин улуу окумуштуусу Лев Николаевич Гумилев: “Монголдордун доору тарыхый аренага дал ушул Бодончардын келиши менен башталаган”,- деп жазган.

Буга монголдордун тарыхка түшө башташы да дал келет. Бул жерде Мунгучтан кантип “Монгол” деген ат келип чыкканы түшүндүрүлөт. Анда окумуштуу Е.И.Кычановдун “Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир” китебинин 8-бетин карайлы:

“Создав свое государство Хамаг (все) монгол улус в середине 11-в., монголы называли его “мунгу”. Айрым жерлерде “Мэнгу” деп да жазылып жүрөт.

“Сокровенное сказаниедеги” окумуштуулардын комментарийлеринде (208-бет): “Монголдор 12-кылымда “Мангуцы” аталышкан”,- деп турат.

Монголдор Кытай булактарына (“Цзю Тан шу”) алгач, 10-кылымдын аяк жагында “Мэн-у ши” же “Мэнгуши” деп түшкөндүгүн окумуштуулар өздөрү жазып жатат. Мындагы “Мэнгу, “Мунгу”, “Мангуц”, “Мэнгуш” деген сөздөр – кыргыздын “Мунгуш” деген эле сөзү экенин оңой байкоого болот. Ушул жерден дагы бир далил келтирели:

Чынгыз хандын небереси, Өгөдөйдүн урпагы Гүйүк хан (1206-1248) Рим папасы Иннокентий төртүнчүгө саякатчы Плано Карпини аркылуу фарсы тилинде кат жөнөткөн экен. Окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегиндин ушул боюнча кыргызча котормосунан үзүндү келтирели:

“Түбөлүктүү Теңирдин күчү менен Улуу Монгол (түпкү катта бул сөздөр Yeke Mongyol деп жазылган) улусунун Мухит сындуу ханынын жарлыгы”.

Мындагы Yeke сөзү “Улуу” деп туура эле которулган, анткени Yeke – кыргызча Ака экени көрүнүп турат. Ака деген улууну түшүндүрөт. Ал эми Mongyol түз эле “Монгол” болуп которулуп кетип, туура болбой калган. Мында түпкү текстеги Mongyol сөзүн өзүндөй Монгуол деп которуш керек эле. Ошондо, Монгуол Алтай түрк тили боюнча Монгу-оол (Монгу оол) болуп жатат. Бул кыргызча Монгу уул (Монгуш уул) деген эле сөзүбүз.

Көрүнүп тургандай, бул жерде да Чыңгыз хандын небереси Үгедей хан “Монгол” эмес, “Монгу уул” (Mongyol) деп кат жаздырган. Мында Монгу сөзү Монгуш сөзүнө дал келүүдө. Кыргыз Мунгуш уруусу Алтайда Монгуш деп аталарын элдин баары билет.

Эми дагы бир маанилүү маалыматты келтире кетели. Маселен, А. Мелехиндин котормосундагы “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” китебинин 306-бетинде Абул Газы бахадыр хан “монгол” деген сөзгө мындайча так жана таамай түшүндүрмө бергени жазылган:

“Кроень слово “монгол” есть “мунг-ул” (муң-уул). Народ уклоняясь от точного выговора, со временем стал произносить “монгол”. Слово “мун”, известное всем тюркам, значит “печальный”, значит “угрюмый”, потому “монгол” значит: “печальный, угрюмый” (муңгуч – мунгак).

Бардыгы туура, жогоруда айтылгандарга төп келип турат: “Монгол” – Муңуул!

Демек, Монгол - Мунгуч экени далилденди. Бул Алан гоанын Бодончар Мунгучунан келип чыккан. Демек, Мунгуш кийин “Монгол” болуп өзгөргөн да, тарых илиминде да ушул бойдон кала берди. Ошондуктан, Бодончардан бери, өзгөчө Чыңгыз хандан берки “Монгол” делгендерди Мунгуш деп түшүнүшүбүз керек.

Чыңгыз хандын ата-бабалары

Эми Мырза Улукбектин китеби боюнча Алан гоанын Малик Баяудайдан төрөгөн үч уулунан тараган тукумдарды карайлы.

Чоңу Бурхундан: Кабакай жана Катаган. Ортончу уулу Бусунгурдан: Сабахи, Салжиут. Ал эми кичүүсү Бодончар мунгучтан: Бука хан, андан Дутумун хан, андан Кайды хан, андан Байсункар (Байшумкар) хан, андан Түмөн хан, андан Кувул хан, андан Кубилай хан, андан Бартан баатыр хан, андан Есугей баатыр хан, андан Чыңгыз хан.

Мына ошентип, жогоруда Чыңгыз хандын ата-бабаларын Добун мергенден же “генетикалык жашыруун 11-атасы Малик Баяудецтен” ылдый тизмектедик. Евгений Кычановдон башка да окумуштуулар Маликти кыргыз дешкен. Мисалы, орус окумуштуусу Березин “Алан гоанын 3 уулу кыргыздан туулган” десе, анын пикирин аалым П.Рачневский да колдогон.

Мындан да так фактыны Рашид ад-Дин өзүнүн эмгегинин 103-бетинде так жана ачык кашкайта жазган:

“Древности монголы были (лишь) одним племенем из всей совокупности тюркских степных племени”.

Ушинтип тарыхый булактар жана аны изилдеген дүйнөлүк окумуштуулар жазып жатса, биз Чыңгыз хан кыргыз эмес деп кантип айтабыз. Себеби, бул жерде “талаа түрк уруулары” деп кыргыздар айтылып жатат. “Бирөө” дегени – Мунгуштар (“Монголдор”- моңолдор-моголдор) булар да кыргыздар.

Бирок, чынгызиддер өздөрүнүн малай Маликтен жаралганын жашырышкан. Себеби, кайсыл династия өздөрүн “кулдан жаралганбыз” десин. Алар Алан гоанын айтканы боюнча “нурдан жаралганбыз” дешкен.

Ал эми Чыңгыз хандын империясын дүйнөлүк аренага алып чыккан элдин ядросу – бул кыргыз элинин чоң уруусу Баргынын бир бутагы болгон, Туматтардан чыккан Хорилар (андан Кыяндар) экенин тарыхый булактар айтып жатат. Кийин Бодончар мунхагдын (мунгучтун) аты менен “Монгол” аталып кеткенин жогоруда далилдеп көрсөттүк. Тактап айтканда, кыргыздын Мунгуш уруусунан ( Могол, Моңол, Монгол) эли пайда болгон.

Демек, Чыңгыз хандын “монголдору” (азыркы монголдор эмес) – Мунгучтар болуп саналат.

Азыркы учурда “Чыңгыз хандын сөөгү Алтайдагы Монгуштардын жерине жашырылган” деген маалыматтардын айтылып жүргөнү бекеринен эмес.

Бирок, Чыңгыз хан көтөргөн “Монгол” деген атты кийин көптөгөн көз каранды элдер алып калганы өзүнчө сөз кылууга арзыган чоң тема. Буга убакыт коротуп олтурган жокпуз.

Тарыхта белгилүү болгондой, кыргыздардын турган жери “Моголистан” деп аталган. Бекеринен Мухаммед Хайдар өз эмгегинде кыргыздарды “Моголистандын арстандары!” деп айтпаса керек. Анткени, Моголистан кыргыздардын өлкөсү болгон.

Жогоруда Чыңгыз хандын кыргыз экенин тарыхый булактардан алып чыктык. Жетиштүү эле айтылгандай, Чынгыз хандын түпкү “жашыруун биологиялык ата” тарабы гана – кыргыздардын Коңурат уруусунан болот. Ал эми түпкү эне (апа) тарабы – Баргы уруусунан болгон (бул генетикасы). А чынында чынгызиддердин чыккан уруусу – Хорилар булар Тумат, түбү Улуу Баргы болот.

Ал эми Чыңгыз хандын генетикалык гана “11-атасы Малик Баяудец өтө жашыруун болуп”, билинген эмес. Аны “Сказаниеде” Добун мергендин эки уулу – Белгунудей менен Бугунудей айтып салып жатышпайбы: ”Апабыз 3 эмди үйдөгү малай Маликтен тууду деп”.

А негизи, “Сокровенное” санжырасында, т.а. Чынгыз хандын аталары боюнча тизмесинде анын 11-атасы болуп Добун мерген аталып турат. Добун мерген болсо, Горлос (Хорилар) – Туматтан чыккан Баргы болсо, Алан гоа туматтардын ноёону Хорилардай мергендин кызы. Туматтар болсо Улуу Баргынын бир бутагы экенин жогоруда айттык.

Ошондо, Добун мерген Алан гоа экөө тең кыргыздын Баргы уруусунан болгондон кийин Чынгыз хан өзү да Баргы болот.

Ал эми Малик болсо, анын кокусунан болгон 11-жашыруун биологиялык атасы гана, ошону менен “коңураттарга тиешелүүлүк” бүтөт. Муну тарых илими тастыктоодо.

“Сказаниеде” Чыңгыз хандын аталары катары – Есугейден баштап, Добун мергенге (11-атасы), андан ары Бортэ чоного (22-атасы) чейинки санжырасы саналып турат. Ал эми Малик Баяудайды Добун мергендин өз балдары Белгунудей менен Бугунудей айтып салып жатпайбы.

Бул маалымат таптакыр унутулуп калгандан кийин (дээрлик 1000 жылдан соң), аны орус окумуштуусу Евгений Кычанов “Монголдордун жашыруун тарыхынан” Маалих Баяудец деп таап чыккан. Болгону ошол, Маликтин “тарыхы” Чынгыз ханга кокусунан “11-биологиялык ата болуу” менен гана бүтөт.

Чыңгыз хандын чоң энеси – Баргы кызы

Ал эми Чынгыз хандын апасы Оулен жана аялы Борте коңураттардын Олкунут уруусунан экени тарыхтан белгилүү. Бул коңураттар ошол кезде Буйур нур жана Кулун көлү (Далай нур көлү) жакта татарлар менен коңшу турганын тарыхый булактар так көрсөтүп турат. Ал эми чоң атасы Бартан баатыр хандын аялы Баргы кызы болот (ал Чыңгыз хандын чоң энеси). Бул жөнүндө “Сокровенное сказаниенин” 334-бетинде мындай жазылып турат:

“Бартан-батор был дедом Чингисхана. По-монгольских деда называют эбуге. Он имел старшую жену по имени Сунигил – фужен, из племени Баргуд: от нее он имел четырех сыновей”.

Мында “Сунигил” деген сөз – кыргызча Соногүл дегенди түшүндүрөт. Ушул 4 уулдун бири Есугей баатыр – Чынгыз хандын атасы. Демек, Соногүл кыргыздын Баргы уруусунун кызы, андан туулган балдардын көздөрү көк, чачтары сары болушуп, Алан гоа айткан ”асман уулдарынын” белгиси кайра келген.

Чыңгыз хандын уруусу дал ушул Есугейден баштап, Кыят Борджигин (“көк көздүүлөр” деп) аталышкан. Т.а. Кабыл хандын убагында аталган “Борджигин” деген ат кайрадан актуалдуу болгон.

Ушул жерден айтып кете турган нерсе: кыргыздардын (баргылардын да) көздөрү көк, чачтары сары, буудай ыраң болгон. Мунун Кытай тарыхынан белгилүүлүгү 9-кылымда жазылып калган. Мында Соногүлдүн көзү көк болгону үчүн Есугей жана анын балдары: Чыңгыз хан, Хасарлардын көздөрү көгүлжүм болууда. Ошондой эле дал кыргыздардай, алардын да бойлору узун жана келбеттүү жана ак жүздүү болушканын тарых тастыктап турат.

Негизи, кыргыздардын Баргы менен Коңурат урууларынын жакындыгын Абул Газы бахадыр хан бин Араб Мухаммед өзүнүн “Түрк санжырасы” деген эмгегинин экинчи бабында мындай деп баса белгилеп кетиптир (“Кыргыздар” китебинин 1-тому, 35-бет):

“Курлейит (Хорилар) – Баргут уругу. Буларга Коңурат жакын болор. Алардын каадим журту да дайым бир болор”.

Ал эми кыргыз элинин санжырасында Нухтан Яфес, андан Түрк, андан Түтөк хан, андан Элчи хан, андан Баку хан, андан Күйүк хан, андан Аленче хан, андан Татар жана Могол хандар тарайт. Могол хандан Карахан, андан Угуз хан, андан 6 уул тарайт: Күнхан, Айхан, Жылдызхан, Көкхан, Тоохан, Деңизхан. Көкхандан Жете, андан Коңурат тарайт. Ал эми Тоохандын уулу Кыргызхан.

Демек, санжырада да Кыргыздар менен Коңураттар түбү бир эл болуп жатат. Аталары Тоохан менен Көкхан бир туугандар. Бирок, Кыргызхандын жолу улук. Биринчиден, ал хан болгон делет, экинчиден Кыргызхан Коңураттын атасы Жете менен тең, авасы болот. Коңурат Көкхандын небереси. Санжырада Коңурат хан болгон деп айтылбайт. Коңураттар кыргыз элинин катарына кирет деп айтылганы да ушундан келип чыгат.

Чыңгыз хандын урматтоосу

Негизи, Чыңгыз хан коңураттар менен баргыларга аябай урматтоо менен мамиле жасаган. Анда эмесе орус окумуштуусу Е.Кычановдун аталган китебинин 152-бетин окуйлу:

“Чингисхан узаконил в качестве брачных партнеров императорского рода. “Когда в роде хунгиратов рождаются девочки, они из поколения в поколение становится императрицами; когда рождаются мальчики, они из поколения в поколение женятся на принцессах. Пусть, непрерывно из поколения в поколение женятся, объявляют этот жалуемый указ впервую луну четырех времени каждого года”.

Мына, Чыңгыз хан коңураттарга карата кандайча кадырлуу Жарлык чыгарганы. Муну апасы Оулендин жана аялы Бортенин урматына карай чыгарганы көрүнүп турат. Алар Далай нур (Кулун) көлүнүн жанында чогуу жашашкан Коңураттардын Олкунуттарынан болушкан.

Бирок бул жерде “Коңурат Маликти да унутууга” болбойт. Ал “нурдан жаралган” 3 эмдин туулушуна себеп болсо дагы, анын өзү жана тукумдары чынгызиддерге кул болуп кала беришкен. Ошондуктан, Чынгызиддер Малик Баяудецти “түпкү атаңар” деп айтууга эч кимге жол беришкен эмес. Алар өздөрүн Бортэ чоно (22-атасы), андан бери Добун мергенден (11-атасы) таратып, “биз Хориларбыз, нурдан жаралганбыз” дешкен.

Демек, чынгызиддер – кыргыз – Баргы. Маселен, азыр деле кыргыздар “биз Аруу – Нур элибиз” деп келе жатышпайбы.

Эми “Сказаниенин” 293-бетинен Чынгыз хандын кыргыздарга карата берип жаткан баасын окуйлу:

“Всякий мальчик, родивщийся в Баргузин Токуме (баргылардын жери) будет умным и мужественным воином-богатырем, знающим и сметливым мужем без руководства и наставлений; всякая девушка, родивщаяся там, будет прекрасна без причесывания и украшений”.

Чыңгыз хандын өзү Баргы кыргыздары жөнүндө ушинтип жөн жерден айтпагандыр. Албетте, кыргыздарды жакындан билген үчүн ушинтип айтып жатат. Жогорудагыларга негизденип, Чыңгыз хандын түпкү “жашыруун биологиялык ата журту гана” – кыргыздын Коңурат уруусунан, тага журту – Баргы уруусунан. Бирок бул генетикасы гана, а эли Хорилар, аларды Чыңгыз хандын ата-бабалары башкарган, өздөрү да Хорилар – түбү Улуу Баргы.

Бирок, Хорилар Чыңгыз хандын ата-бабаларын тарыхый аренага чыгарган менен кийин Алан гоанын эң кичүү уулу Бодончар мунгуч Онондун ылдый жагындагы “башчысы жок” элдерди 4 агалары менен басып алып, хан болгон соң мунгучтар “тез эле көбөйүп кетишкен” да, Мунгуш уруусу – “монголдор” пайда болгон (маалымат “Сказаниеде” турат). Бул окуя 10-кылымдын этегинде болгон.

Ошентип, мунгуштар (“монголдор”) өзүнчө эл болуп кеткен. Бирок, түбү Баргы экенин унуткан эмес. Дайыма алар менен бир, ынтымакта болушкан. Ал эми Хорилар – Улуу Баргы бойдон кала беришкен.

Кыргыз санжырасында Баргынын атасы Адигине. Ал эми Мунгуч түштүктө “Адигине Мунгуш” деп айтылат. Себеби, Наалы эже Мунгучту багып алууга Адигинеге берген деген маалыматтар бар.

Улуу Баргы – Бакалдар

Көпчүлүгү – бул 95 пайызы Баргылар жашаган айтылуу Алай жергесинде Баатыр Бакал уругу бар. Алардын саны кээ бир кыргыз урууларынан да көптүк кылат. Бакалдар Ош облусунун көпчүлүк жеринде жашашат. Мисалы, Бакалдар Кара-Суу районунун Мады айылында, Алай районунун Каблан-Көл, Кызыл-Алай айылдарында, Кара-Кулжанын Алай-Куусунда, ошондой эле Нарындын Ат-Башысында жана Өзбекстандын Кува-Сайында, ал эми Башкырстандын болсо Бакалы районунда (Борбору Бакалы шаары) турушат. Башкырияга 1700-жылы барышып, Бакалы айылын негиздешкени орус тарыхында бар.

Кыргызстанда Бакалдардын эң көбү турган чоң айыл өкмөт Алай районунда жайгашкан. Ал Корул деп аталат. Ал жердеги аксакал санжырачылардын: “Корул – бул “аскер уул” дегенди түшүндүрөт”,- деп айтышканы “Сокровенное сказаниедеги” Хориларга дал келүүдө. Анда: “ Хорилардай мерген туматтардын аскер башчысы, кийин мунун аты менен Хорилар уруусу пайда болгон. Туматтар болсо Баргылардын бир бутагы”- деп айтылганын орусча бербедикпи. Ошондо, Хорилар – Улуу Баргы экенин тарыхый булактан так көрсөттүк.

Эми “Корул” менен “Хорил” сөздөрүн салыштырып көрөлү. Тарыхый булактарда Хорилар – “Горулос” деп, айрым жерлеринде “Горулас” деп да жазылган. Түштүк эли “г” тамгасына басым жасап сүйлөйт. Ошол сыяктуу Алай эли “Корул” сөзүн Горул деп сүйлөйт.

Алайдагы Корул айыл өкмөтүнүн аймагында Тогузгун деген жер бар. Хорилар турган жер Тогоцог деп аталган (жогоруда жазылды). Ошол Тогоцог тоосунун жанында Ариг ус жана Арал деген жерлер да бар. Кызык жери – азыркы Корул айылынын аймагындагы Тогузгун тоосунун жанында да Арал деген түз жер бар. Анын эң жогору жагынан, Кара-Жылга капчыгайынан бери кесилип чыккан узун арык да бар. Арал деген түз жер эки суунун кошулушунда жайгашкан. Бардыгы көчүрүп келип койгондой дал келүүдө.

Буга кызыккан тарых окумуштуулары болсо, Алайга барып көрүшсө болот. “Сокровенное сказаниеде” айтылган Тогоцогго окшош Тогузгун тоосу, Ариг уска уйкаш – узун Арык жана Аралдай эле, Арал деген жерлердин баары Корул айылынын аймагында бар. Бул ойлоно турган, изилдөөгө муктаж кызыктуу маселе.

Кантсе да, Улуу Баргыдан чыккан Хорилар Чынгыз хандын убагындабы же андан кийинби Алайга келип, Хорилар деген атын өздөрү жашаган жаңы турагына ыйгарышканы көрүнүп турат. Бакал уругу – Улуу Баргы деп аталат. Муну Корулдагы Бакал уругунун санжыраны билген эски карыялары баргылар жөнүндө сөз болгондо кыска гана: “Башкалар Хан Баргы, Кара Баргы, Таз Баргы, Сары Баргы жана башка болушса, биз Улуу Баргыбыз!”,- деп төштөрүнө жеткен аппак сакалдарын сыймыктануу менен сылай айтып келишкени далилдейт.

Тыянак сөз

Ошентип, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз бабалары Баргыларды (Добун мергенге байланыштуу түпкү ата тарабын, Алан гоага байланыштуу түпкү тагаларын) тартып, “умным и мужественным воином-богатырем” болуп, аалам таң калган зор империя түзүү менен бүткүл адамзаттын катуу серпиле өнүгүшүнө бекем шарт түздү!

Ушул жерден макаланы орус элинин эки окумуштуусунун илимий көз караштары менен жыйынтыктайлы:

Маселен, Монгол тарыхы боюнча мыкты адис, окумуштуу Б.Я.Владимирцов: “В 12-в. Аристократический род Хабул хана носил имя Борджигин и принял название “Монгол” после того, как подчинил себе и объединил несколько соседних родов и племен, образовав таким образом, единое политическое целое, один род – улус; этому-то улусу и было дано имя Монгол (Мунгу) в память славного имени какого-то древнего и могучего народа или рода”,- деп туура айткан.

Ал эми дагы бир орус элинин улуу окумуштуусу Н.А.Аристов кыргыз санжырасын, тарыхын изилдеп келип, мындай деп жазган:

“Имени монгуш, монкондор (в “Си-юй-ту-чжи”), монульдыр, мунулдыр, монылдыр (все это у Чокан Валиханова у статье “Поездка в Кашкар”), монгулдар и могулджар (у г. Загряжского), молдур (у Северцова) кажутся разными производными формами имени Могол.

Это, а также отделение Монгол и Монгушей и монголское форма имени еще двух отделений (кудагачин и тулейкен), дает достаточные основания считать монгушей союзом из разнородного сбора, составившимся под главенством остатков джагатаидских монголов, оставшихся верными кочевой жизни и нашедших убежище в горах между Кашкаром и Ферганой (Алай тоолору) после падения власти джагатаидов и в Кашкаре. Китайцы, 1759 году, по “Си-юй-ту-чжи”, нашли монгушей (монкондор) на нынешних их местах, в числе около 700 семей, под управлением Адзи-бия” (Ажы бий – Тилеке баатырдын баласы).

Кантсе да, бул жерде окумуштуу Кашкардагы чынгызиддердин династиясы кулагандан кийин, ошол чагатаиддер өз уңгусу болгон Муңгуштарга кошулуп, алардын арасына сиңип кеткенин айтып жатат. Туура, Чынгызид чагатайлар өз эли – Мунгучтардын башында болбогондо каякка бармак эле. Ошентип, Кашкарды борбор кылып турган чагатаиддер “асманга учуп кеткен” эмес. Мунгучтарга аралашып кетишти, чыныгы атына кайтып, өзгөрүлгөн “Монгол” аты өчтү. Аларды эми – Баргы уруусунан чыккан Ажы бий башкарып калганын айтып жатат.

Азыр деле Мунгуштар Баргыларды “тага” деше турганын айта кетели. А негизи Мунгуштар (“Монголдор”) түбү Баргы – Хорилар кыргызынан чыккан.

Чынгызид “монголдор” (бул кыргыздар: мунгуштар, моңолдор санжырабызда Наалы эженин балдары) менен азыркы Монголиядагы монголдордун чоң айырмасы бар. Азыркы монголдордун генинде манжурлардын, кара кытайлардын, калмактардын каны дээрлик 80-90 пайызды түзөт. Аны генетика илими деле тастыктоодо.

Мунгуштар жөнүндө кыргыз окумуштуусу, профессор Сабыр Аттокуров мынтип жазган (1995-жылы чыккан “Кыргыз санжырасы” китеби, 89-бет): “Мунгуш уруусу кыргыз этносунун экинчи жолку – Тянь-Шанда, Ферганада калыптанышына катышкан экинчи катардагы – жаңы этникалык бирикме. Анткени, анын байыркы кыргыз элинин курамында, 10-кылымдан мурда болгондугу жөнүндө эч дарек жок”.

Көрүнүп тургандай, бардык маалыматтар бири-бири менен дал келүүдө. Ошондуктан, Илимдер академиясында атайын бир бөлүм түзүлүп, бул багытта кенен иликтөөлөрдү жүргүзүү – бүгүнкү күндүн талабы.

Тыянак сөз: Кыргыз элинин тарыхы али дың бойдон турат. Ага мамлекет жетишээрлик деңгээлде каражат бөлүп, ар жеринен бөлө-жула изилдебей, бүткүл дүйнөлүк тарыхый булактарды системалуу түрдө терең анализдеп, талдап иликтеш керек. Ошондо гана кыргыз тарыхы өз жүзүн бизге ачат. Ушундай орошон эмгекти ишке ашыруу милдети азыркы жана келечек муундун мойнунда турат.

Бегиш ААМАТОВ, легендарлуу парламенттин экс-депутаты, коомдук ишмер, тарых иликтөөчү,

Макаланы жазып, даярдаган журналист Азизбек ЧАМАШЕВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG