Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

МУХАММЕД КЫРГЫЗ ДЕГЕН КИМ?


Султан Абдрахманов, Бишкек Ар бир доордун өз мыктысы, тарыхка аты жазылып кала турган чыгааны болоору белгилүү. Мына ошондой капсалаң кагылыштуу учур, тагыраак айтканда, он алтынчы кылымдын башындагы жоокерчиликтин чегине жетип турган мезгилинде кыргыз урууларынын башын кошуп, мүңкүрөп турган элдин үмүт шамын күйгүзгөн Мухаммед кыргыз наамдуу инсан болгон.

Теңир тоо койнун жердеп, улам ар кайсы тараптан сокку жеп, шайы оой түшкөн уруулардын дымагын арттырып, сырткы душмандардын мизин кайтарууда Мухаммед кыргыздын элбашы, журт тиреги катары кызмат өтөшү так жазылып калган. 1500-жылдары эл намысы үчүн тагдырын тобокелге сайып, натыйжада эмир наамына ээ болгон инсан тууралуу Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы Токторбек Өмүрбеков мындай кеп урду:

- 1510-12-жылдардын аралыгында кыргыздар Түндүк Кыргызстандын кожоюну болуп калшкан экен. Бул - тарыхта анык такталган факты деп айтсак болот. Ошондуктан 14-жылы Султан Сейит Мухаммед кыргызга жардам сурап кайрылган. Ошол өтүнүч боюнча Мухаммед кыргыз кыргыздардан кол топтоп алып, Султан Сейитке жардам көрсөтө баштайт. Чечкиндүү салгылаш учурунда Мухаммед кыргыз баш болгон кыргыз колу түздөн-түз Султан Сайидке Аксууну, Хотанды, Яркенди, Ашкарды тартып берген деген бул бир чындыктын өзөгү деп айтууга негиз бар.

Өткөн тарыхтын кайсы бир кезеңи гана унутулуп калбаса, негизинен, көпчүлүк учур эл эсинде сакталып, жомоктолгон санжырага айланган. Мухаммед кыргыздын даңктуу жолунда да мындай тагдыр-таржымалы бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Бул тууралуу профессор Токторбек Өмүрбеков:

- Санжыра дегенде кээ бир жолдоштор ойлойт, бул өзүнчө уламыш, баян, жомок деп. Жок. Бул кыргыз элинин оозеки айтылып калган тарыхы. Санжырада уруунун, жалпы кыргыз элинин теги, келип чыгышы, алардын бири бири менен болгон мамилелери, алардын жол башчыларынын башынан өткөн окуялар тарых чындыгына жакын чагылдырылган. Албетте, Тагай бий жөнүндө маалыматтын чындыгы бар деп айтсам, кээ бир жолдоштор апыртып атат дебесин. Чындыкка жакын жагы бар. Ошондуктан Совет доорунда деле биздин орто кылым боюнча адис тарыхчыларыбыз Тагай бийди белгилөө өлчөмүндө Мухаммед кыргыз менен окшоштурушту. Мухаммед кыргыздын башынан өткөн окуялар менен Тагай бийдин башынан өткөн окуялар бири бири менен коёндой окшош болбосо дагы, белгилүү өлчөмдө жалпы окшоштугу бар. Тагай бий дагы Кыргызстандын кыйла бөлүгүн мекендеген кыргыз урууларынын башчысы болуп атат ошол кезде. Кыргыз уруулар аны сыйлап, урматтап, анын айткан сөзүн, акылын угуп, өзүнүн жол башчысы катары көрүп турганы санжырадан даана байкалып турат - деп сөзүн улады тарых илимдеринин кандидаты Токторбек Өмүрбеков.

Кыргыздын урууга бөлүнүшүндөгү оң канат уруу бирикмесинин башында турган Мухаммед кыргыз менен Тагай бийдин бир инсан болгондугун тактоонун зарылчылыгы ар бир кыргыз уул-кызы өткөнүн биле жүрүүсү керектигин туйдурат. Учуру келгенде мына ошол Мухаммед кыргыздын же болбосо Тагай бийдин бийлик туусун бекемдеген кыргыз инсандарынын да ысымдары такталаар.
XS
SM
MD
LG