Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Кайсы бир мамлекеттин географиялык орду анын саясий-экономикалык тагдырына олуттуу таасир этет.

“География - адамзат тарыхынын фону. Мамлекеттин картадагы орду - аны башкаруунун философиясынан да көп аныктоочу биринчи нерсе”, - деп жазат америкалык журналист жана жазуучу Роберт Каплан басмадан жаңы чыккан эмгегинде. Бул китеп “Географиянын өч алуусу: Карта алдыдагы конфликттер жана тагдырга каршы согуштар жөнүндө эмне сөз айтат” (The Revenge of Geography: What the Map Tells Us About Coming Conflicts and The Battle Against Fate) деп аталат. Эмне үчүн мамлекеттин тарыхый-географиялык орду маанилүү?

Анын жүйөсүн жазуучу “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Хезер Мар айымга курган маегинде мындай түшүндүрөт:

- Себеби (география) мамлекеттин картадагы ордун аныктайт. Анын чектерин жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт. Мисалы, Британия - арал. Бул чоң арал. Ошондуктан чек арага кургактан чабуул жасалат деп чочубайт. Ошон үчүн жүздөгөн жылдар тынч, ичтен өнүгө алды. Демократиянын өнүккөнүнүн бир себеби ушунда. Кошмо Штаттардын картасын карасаң, анын чыгыш жээги араанын мизиндей аркайып, адыр-бүдүр экенин көрөсүң. АКШнын түндүк-чыгышында сонун табигый жабыт жайлар толтура. 13 колониянын түзүлүүсүнүн бир себеби мына ушул. Жалпы Африканын жээги чалкып жатканы менен табигый гавань жайлардын жоктугу өнүгүүсүнө жолтоо болду. Орусияны караңызчы. Орусия дүйнөнүн географиялык узундугунун теңин өзүнө камтыйт. Бирок табигый чек аралары бир аз эле. Өлкө бир нече багыттан кол салганга ачык. Орусиянын коопсуздукка ишенбөөсү жана орустардын мүнөзүндөгү шек саноочулуктун негизи ушунда жатат.

Роберт Каплан айткандай, XVIII кылымда Түндүк Америкадагы 13 колониянын биригип, Британиянын төбөлчүлүгүнө каршы көтөрүүлүсү - алардын географиялык орду жана жеринин шартына байланыштуу болгон.

Орусия

Орусия

Калемгер Орусиянын азыркы жетекчилигинин Европага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылуусун өлкөнүн географиялык жактан кооптуу ордуна түздөн-түз байланышта деп карайт.

- Путин Европага мурдагы падышалардын жана комиссарлардын көзү менен карайт. Ал көз алдынан Орусияга баскынчылар кирген жолдорду, шведдердин, поляктардын, француздардын, немистердин, литвалыктардын жана башкалардын Орусияга басып кирүүсүнүн тарыхын өткөрүп турат. Ал өзүнө чейинки коммунист жетекчилер өңдүү буфердик зонаны каалайт... Ал Чыгыш Европада буфердик мамлекеттер болушун каалайт... Мына ушул себептен 2008-жылы Грузияга басып кирген же Борбор Азияга таасир эткенге умтулат. Путин кадимки орус башкаруучусу катары ойлонот. Себеби Орусия табигый чек аралары жок, өзгөчө, кенен аймагы кооптуу өлкө.

Америкалык жазуучунун айтышынча, Европанын түндүк батышындагы Бенилюкс өлкөлөрүнүн Атлантика океаны менен чектелгени, семиз жана борпоң топурактуу кыртышы - аларда транспорттун түрлөрүнүн өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзгөн. Африканын деңизден алыскы өлкөлөрү, тескерисинче, өнүкпөй калган.

Дүйнөнүн көрүнүшү. Фейсбуктагы атайын бет. 14-декабрь 2010

Дүйнөнүн көрүнүшү. Фейсбуктагы атайын бет. 14-декабрь 2010

Бүгүнкү дүйнөнүн бейстабилдүү региону саналган Түштүк Азиянын географиялык картасы, изилдөөчүнүн пикиринче, Ооганстан менен Пакистандын чогуу өнүксө оңдуу болорун айтып турат.

- Ооганстан жана Индостан жарым аралын карасаңыз, чыныгы чек ара Ооганстан-Пакистан чек арасында эмес, Ооганстандын дал ортосунан өткөнүн байкайсыз. Бул чек ара -Гиндукуш тоолору. Гиндукуштун түндүк тарабында тажиктер менен өзбектер жашайт. Түштүгүндө пуштундар жайгашкан. Түндүктө, Ооганстандын түндүгүндөгү тажик, өзбек жана түркмөндөр арасында азбы-көппү тынчтык бар. Алардын түндүктөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен соода жана адамдык карым-катнашы өсүүдө. Башкача айтканда, келечекте акырындап Чоң Тажикстан жана Чоң Өзбекстан жаралышы ыктымал. Ооганстандын түштүк жана чыгыш бөлүгүн алсак, чек аранын аркы бетиндеги пакистандык пуштундар менен улам көп аралашып барат. Ушинтип отуруп Ооган жана Пакистан мамлекеттери өзүнүн уңгусун жоготушу мүмкүн...

Ошентип болочокто ооганстандык пуштундар менен пакистандык пуштундар соода-экономикалык жактан өз ара камыр-жумур аралашкан аймакты түзүп калышы ажеп эмес.

Роберт Капландын боолгошунча, 2014-жылы америкалык аскерлер Ооган жеринен чыгып кеткенден кийин Индия жана Пакистан арасында же диалог, же чатак болушу этимал. (Индия Ооганстандын жоолошпогон коңшу болушун каалайт). Эгер жарым кылымдан ашуун душмандашып келаткан эки чоң мамлекет жакынкы жылдары тил табышпаса, Индустан жарым аралындагы коогалаң дагы узак жылдары улана берет деп түкшүмөлдөйт жазуучу.
XS
SM
MD
LG