Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Инвесторду иренжиткен схемалар


Чоң-Алай районунун тургундары алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүүнү талап кылган акциядан. Дароот-Коргон айылы, 11-август, 2011-жыл
Чоң-Алай районунун тургундары алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүүнү талап кылган акциядан. Дароот-Коргон айылы, 11-август, 2011-жыл

Кен иштетүү тармагында 13 ири коррупциялык схема бар экени Коргоо кеңешинин системалык коррупцияны жоюу боюнча жумушчу тобунун жыйынында айтылды.

Бишкекте 9-декабрда өткөн бул жыйында Геология жана минералдык ресурстар агенттигиндеги, айрыкча кен иштетүү жараянындагы жемкордук жана аны азайтуу чаралары талкууланды. Ал арада “Коррупцияга каршы коомдук демилге” бейөкмөт уюму кенге келген инвесторлорду чарчаткан, өзү аныктаган коррупциялык схемаларды жарыялады жана кыргыз бийлигин сөздөн ишке өтүүгө чакырды.

Коррупцияга жол ачкан айла-амалдар

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ишин талдаган эксперттик топ кенди иштетүүгө лицензия берүүдөн тартып, ар кандай талаш-тартыш маселелер боюнча соттошконго чейинки жараяндын баары коррупциялык схемаларга чырмалганын аныктады.

Аталган агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамдардагы жемкордукка жол ачкан жылчыктар, башкаруу процессиндеги, кадр саясатындагы өксүктөр, натыйжасыз көзөмөл баары кошул-ташыл болоорун “Азаттыкка” айтып берди:

Кумтөр кени
Кумтөр кени
- Азыр тоо-кен тармагындагы мамилелерди төрт орган жөнгө салат. Инвестор ушул төрт органга барат, анын ар биринин өзүнүн “оюн эрежелери” бар. Түшүнүктүү, ачык-айкын жол-жоболор жок болуп жатат. Ошондуктан биз “бирдиктүү терезе” принцибин киргизүүнү сунуштадык. Ошондо жоопкерчилик бир жерде болсо, коррупциялык көрүнүштөр азаят го деп ойлойбуз.

Зилалиев мамлекеттик органдардын укуктарына да токтолду:

- Геология агенттиги лицензияны берип коюп, бирок текшерүү укуктары жок экен. Кенди коргоо деген укуктарды кайра бизге бербесе, ушул тармакты жоготуу алдында турабыз. Азыр алтын кендеби, көмүрдөбү, айтор бардык жерде уурулук болуп жатат. Мамлекет толук көзөмөл кыла албай жатат.

Ал арада “Коррупцияга каршы коомдук демилге” бейөкмөт уюму өзү аныктаган коррупциялык схемаларды жарыялады. Анда лицензиянын шарттарын өзгөртүү, кенди чалгындоо, техникалык долбоорлорго байланыштуу коррупцияга жол ачкан айла-амал камтылган.

Көз карандысыз эксперт Кубан Ашыралиевдин баамында, былтыр кен иштетүүгө лицензия берүү мыйзамы жаңыргандан бери жылыштар бар, бирок жемкордук жоюлду деп айтууга болбойт:

- Орто деген кендерге эле миллиондогон долларды сарпташат. Ошого жараша паранын көлөмү да аябай чоң болот. Мурдатан бери эле ушул тармак коррупцияга малынган. Азыр деле бар. Анткени ошол эле мыйзам коррупциялык көрүнүштүн баарын тыйган эмес. Кандайдыр бир жолдор табыла берет экен. Мыйзам кабыл алынды, ошону менен токтоду деп айткандан алыс болушубуз керек. Негизи коррупция менен күрөштү такай уланта бериш керек. Анан мониторинг болушу зарыл.

Үч иш сотко кетти

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы быйыл тоо-кендеги коррупцияга байланыштуу сегиз кылмыш иши козголгонун билдирген. Аталган кызматтын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Узенов анын үчөө сотко өткөнүн маалымдады:

- Азыр үч кылмыш иши боюнча агенттиктин кызматкерлерине айыбы угузулуп, сотко жөнөтүлгөн. Калган иштер боюнча экспертизалык текшерүү жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынат.

Алтын кен арбын жайгашкан аймактардын бири - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району. Азыр аталган райондо алтын чалгындап, казып жаткан 10го жакын ишкана бар.

Ала-Буканын акими Алымкул Кулуев аймакта коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт деп ынандырууда:

- Айыл өкмөттөр, депутаттарыбыз бар. Эл өзү деле карап, көзөмөл кылат. Бизде баары жолго коюлган.


Таластагы Андаш кени
Таластагы Андаш кени
Кен иштетүү тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекеменин башчыларына кылмыш иш козголгону маалым. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушундагы жетекчи Капар Курманалиевге 2010-жылы эле иш козголуп, ушул тушта издөөдө жүрөт. Азыр болсо апрель окуясынын киийн келген Замир Эсенамановдун соту болуп жатат. Андан кийинки башчы Учкун Ташбаев камакта. Дүйшөнбек Зилалиевге чейин иштеген Ишембай Чунуевга да иш козголгон, бирок тергөөдө кыскарганы маалым.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-ноябрда бийликтеги саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу жардыкка кол койгон болчу.

Ага ылайык, Коргоо кеңештин алдында жумушчу топ түзүлүп, эмдиги жылдын этегине чейин мамлекеттик бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, мамлекеттик мекеме, министрликтердеги коррупциялык схемалардын бетин ачмакчы. Алгачкысы коррупция кеңири жайылган Геология жана минералдык ресурстар мамагенттиги болду.
XS
SM
MD
LG