Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Грузия суу ташкынынан каза болгондорду жоктоодо


Грузиянын баш калаасында нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптап, ондон ашуун адам набыт болду, 30 чактысы дайынсыз. Жергиликтүү зоопарктан жаныбарлар качып, бир нече жырткыч дагы эле бош жүргөнү кабарланууда. Бийлик калаа тургундарын үйлөрүнөн чыкпоого үндөп жатат.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили 15-июнду аза күтүү күнү деп жарыялады.

- Өкмөттүн атынан маркумдардын жакындарына көңүл айтабыз. Бул биз үчүн өтө кайгылуу окуя. 15-июнда суу ташкындан жарыкчылык менен коштошкондорго аза күтүү күнү деп жарыялоо буйругуна кол койдум.

Нөшөрлөгөн жаан-чачын ишембинин кечинде башталган. Тбилисини аралап аккан Вере дарыясы жээктен чыгып, ондогон имаратты каптап, машинелерди агызды.

Шаар борборунда транспорт кыймылы үзгүлтүккө учурады, электр өткөрүүчү зымдар жабыркады.

Куткаруучулар суунун астында калган тамдарды текшерип жатышат.

Тбилисинин мэри Давид Нармания кырдаалды өтө оор деп сыпаттады. Анын маалыматына ылайык, 50гө жакын үй-бүлө турак-жайсыз калды.

Суу калаадагы зоопаркты каптап, үч кызматкер жана жүздөгөн жаныбарлар өлдү. Бирок бир нече жырткыч – арстан, жолборс, крокодил, карышкырлар качып кеткени кабарланууда.

Шаар администрациясы тургундарды үйлөрдөн чыкпоого, этият болууга үндөөдө.

Жергиликтүү “Рустави-2” телеканалы полиция бир нече жаныбарды, анын ичинде алты карышкырды балдар ооруканасынын аймагында атып өлтүргөнүн маалымдады. Зоопарктын кызматкерлери бегемотту уктатуучу тапанчадан атып обочолонтууга жетишти.

Мэр кабинеттин чукул жыйынында айрым жаныбарлар кооптуу болгондуктан, аларды өлтүрүүгө туура келгенин айтты:

- Зоопарктан качып чыккан жаныбарлардын бир бөлүгү кайда экени аныкталды. Кээ бирлерин, тилекке каршы, элдин коопсуздугу үчүн атып салууга аргасыз болдук. Алар жайылып кетүүгө үлгүргөн. Мисалы, эки аюуну парктан 12 километр алыс жайгашкан Варкетили районунда кармашты. Жаныбарлардын жарымынан көбү кайтарылды.

Президент Гиоргий Маргвелашвили кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, калыбына келтирүү иштери мүмкүн болушунча тез башталарына убада кылды.

- Өлгөндөрдүн туугандарына терең көңүл айтам. Жакын адамыңды ушунтип капилеттен жоготуу өтө чоң трагедия. Тбилиси мэриясы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн акчалай жардам берет. Кырдаал оңой эмес, бирок аны жөнгө салабыз. Эң өкүнүчтүүсү, тилекке каршы, ажал алып кеткендерди кайтара албайбыз.

Финансы министри материалдык чыгым болжол менен 18 миллион долларды түзөөрүн билдирди.

Жаан чачындан улам баш калаанын чет жакасында жер көчкү жүргөнү да маалым болду.

Полиция тик учактар менен Тбилисинин жанындагы Ахалдаба айылынын бир нече тургунун эвакуациялады.

Грузиндердин борбор шаарында 1,1 миллиондой киши жашайт.

Грузия: Тбилисини каптаган суу ташкыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG