Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Александр Ким төрт саат сурак берип чыкты


Бул тууралуу аны коштоп суракка барган оппозиционер Равшан Жээнбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын сөзү боюнча, Ким 24-мартка кайра суракка чакырылды.

"Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимге Кылмыш кодексинин 221-беренеси боюнча иш козголгон. Кылмыш иши «“Рубикон” рекламалык фирмасы”» ЖЧКнын башкы директору Александр Рябушкиндин арызынын негизинде козголгону айтылууда. Александр Ким тергелип жаткан иштин алкагында суралууда.

Александр Кимге кылмыш ишинин козголуусун "Сөз эркиндигин коргоо комитети" журналисттерге жана маалымат каражаттарына бийлик тараптан басым катары баалоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG