Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Грузия: Саакашвилинин санаалаштары дайынсыз


Саакашвили менен Иванишвилинин шайлоодон кийинки алгачкы расмий кездешүүсү. Тблиси, 9-октябрь, 2012-жыл.
Саакашвили менен Иванишвилинин шайлоодон кийинки алгачкы расмий кездешүүсү. Тблиси, 9-октябрь, 2012-жыл.

Грузияда президент Михаил Саакашвилинин партиясы ай башындагы парламенттик шайлоодо уттургандан кийин дайын-дареги чыкпай кеткен мурдагы жана кызматтагы чоңдордун саны көбөйдү.

Буга тушташ грузин президенти расмий адамдар дипломатиялык паспортторун бийликтен кеткенден кийин да бир жыл алып жүрүүгө мүмкүндүк берген жардык чыгарды. Грузин басма сөзүндө мурдагы аткаминерлер жаңы бийликтин куугунтугунан чочулап, өлкөдөн кетип жаткан болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.

Грузияда тогуз жылдан соң бийликтин бир саясий күчтөн экинчиге тынч, шайлоо жолу менен өтүшү тарыхый окуя катары мүнөздөлгөн.

Бирок бийликтен кол жууп, эми оппозицияда боло турган "Бириккен улуттук кыймылдын" өкмөтүндө иштегендердин айрымдары бул жараянды аягына чейин күтүүнү каалашпагандай.

Оппозиция тарапкерлеринин митинги
Оппозиция тарапкерлеринин митинги
Шайлоо жыйынтыгы аныкталган соң дайын-дареги белгисиз болуп кеткен чоңдордун арасында, Тбилисиден түшкөн маалыматтарга караганда, юстиция министри Зураб Адейишвили, коргоо министри Дмитрий Шашкин, мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалая, анын бир тууганы, коргоо министринин орун басары Дата Ахалая, жаза аткаруу жана укуктук жардам боюнча мурдагы министр Хатуна Калмахелидзе, “Грузин темир жолу” ишканасынын директору Иракли Эзугбая, парламенттин коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Гиви Таргамадзе да бар.

“Азаттык” радиосунун грузин редакциясы кызматтагы жана мурдагы чиновниктердин кеңселери менен байланышып, алардын кайда жүргөнүн билүүгө аракеттенди. Бирок жарытылуу жооп алалбады.

Кызматтагы коргоо министри чет өлкөдө сапарда, качан келери белгисиз, юстиция министри эмгек өргүүсүндө деген түшүндүрмө болду.

Ысымдар атала элек

Ал эми грузин маалымат каражаттарында кызматтагы жана мурдагы жогорку даражалуу чиновниктер жаңы бийликтин ыктымал куугунтугунан чочулап, өлкөдөн кетүүдө деген жоромолдор арбын айтылууда.

Акыркы жылдары президент Михаил Саакашвилиге катуу оппозицияда жүргөн саясатчы, парламенттин мурдагы төрайым Нино Буржанадзе “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул мени таң калдырбайт. Анткени принцибинде бул адамдарга мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Жаңы бийлик, албетте, саясий реванш эмес, өлкөдөгү абалды адилет иликтөө принциби менен аракеттене баштайт. Өлкөдөн чыгып кеткени айтылып жаткан жана башка министрлердин эле эмес, Саакашвилинин өзүнүн ишмердигин адилет иликтейт деп үмүттөнөм. Эгер адилет сот болсо, бул адамдар темир тор артында отурарына ишенем.

Кызматтагы жана мурдагы чиновниктердин дайын-дареги чыкпай кетишин президент Михаил Саакашвили же учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Вано Мерабишвили комментарийлешкен жок.

Шайлоодон кийин Саакашвилинин өкмөтү отставкага кеткен, бирок жаңы өкмөт ишке киргенге чейин министрлер кызмат милдетин аткарып турмак.

Бийликти алып жаткан “Грузин кыялы” коалициясынын лидерлери Саакашвилинин өкмөтүндөгү айрым адамдардын иши тергелерин буга чейин билдиришкен, бирок кайсыл бир конкреттүү ысымдарды аташкан эмес.

Айыптар жана айың кептер

Тблисидеги “Адам укуктары артыкчылык” деген бейөкмөт уюмдун юристи Лиа Мухашавриянын айтымында, кайсы бир адамдын өлкөдөн чыгып кетиши кылмыш эмес. Азыр түрдүү ушактар тарап жатканы менен дайынсыз кеткен чоңдордун үстүнөн кылмыш иш ачуу үчүн конкреттүү айыптар талап кылынат:

- Адегенде тергөө башталышы керек. Эгер ал конкреттүү фактыларга негизделсе, тергөөгө кайсы адамдар тартылары аныкталат. Эгер тергөө кайсыл бир жогорку даражалуу чиновникти бутага алса, албетте, ал адам кызматтан четтетилип, тергөө жүргүзүлүүшү керек. Ушул тапта ушак-айыңдар гана бар, ал укуктук процедурага негиз боло албайт.

Кызматтагы жана мурдагы чиновниктердин дайын-дареги чыкпай кетишин президент Михаил Саакашвили же учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Вано Мерабишвили комментарийлешкен жок.

Бирок ушул дүйшөмбү күнү Саакашвили атайын жардык чыгарды. Ага ылайык, бийликтин үч бутагынын жүздөгөн чиновниктери дипломатиялык паспортторун кызматтан кеткенден кийин бир жылга чейин сактап кала алышат.

Жарлык парламент депутаттарын, Жогорку жана Конституциялык соттордун судьяларын, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүн, Улуттук банктын төрагасын, Тбилисинин мэрин, президент, өкмөт, парламент аппаратынын жогорку даражалуу кызматкерлерин камтыйт.

Буга кошумча президентте жана анын жубайында дипломатиялык паспорт өмүр бою болот.

Жогорудагы жардыктын эртеси, шейшембиде Саакашвили “Грузин кыялы” коалициясынын лидери Бидзина Иванишвилинин грузин жарандыгын калыбына келтирди.

Иванишвили грузин жарандыгынан былтыр жыл соңунда анын француз паспорту бар экендиги ачыкка чыкканда кол жууган эле. Жарандыгынын калыбына келиши эми ага 20-октябрда жаңы парламент жыйналганда премьер-министрликке дайындалышына жол ачты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG