Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Орус-грузин согушу: Кырдаал башка, алакалар ошол бойдон


Орус аскерлери Гориден беш чакырым алыстагы орус бекетин кайтарып турушат, 9-сентябрь, 2008

Орус аскерлери Гориден беш чакырым алыстагы орус бекетин кайтарып турушат, 9-сентябрь, 2008

Мындан бир жыл мурда Грузияга кирип келген орус танкелери бүтүн дүйнөнүн оозун ачырды эле. Москва “кансыз согуштан” кийин дүйнөдө коопсуздукту сактап калуу үчүн түзүлгөн уюмдар алсыздыгын көрсөттү деген. НАТО, Евробиримдик жана Вашингтон тездик менен өзгөрүп жаткан кырдаалга убагында туура жооп бергенге аракет кылып жатышты. Ошол күндөрдөн бери 12 ай өтсө да, абал бүгүн дээрлик өзгөрүлбөгөндөй. Былтыр орус-грузин согушу дүйнөдөгү күчтөрдүн балансына кандай таасир этти?

Орусия былтыр Грузия менен беш күнгө созулган согушта Грузияга караштуу эки автономиялуу республиканы – Түштүк Осетия менен Абхазияны – басып алган. Арадан бир жыл өтүп, эми ортодо чыңалуу кайра күчөгөн сыяктанат.

Грузияда депутат Давид Дарчиашвилиге окшоп, азыркы ахыбалды эларалык коомчулук жөнгө салат деп үмүт кылгандар аз эмес. “Эларалык коомчулук да, эларалык мыйзамдар да Грузия тарапта, - деп ойлойт ал. – Ошон үчүн биз орус баскынчылары тараптан эч кандай провокациялык аракеттерге муктаж эмеспиз. Канчалык чоң болбосун, жалгыз, агрессивдүү жана натуура аракеттерден баш тартпаган мамлекетти эларалык коомчулук оңой эле жеңип койгонго кудурети жетет”.

Бирок эларалык саясатта негизги оюнчулар – Орусия, Евробиримдик жана НАТО – конфликт учурунда көргөн аракеттерине так баа бериле электей. Аны менен катар орус-грузин согушунан кийин дүйнөдө күчтөрдүн балансы канчалык өзгөргөнү да айкын баасын албай келет. Согуштан кийин НАТО менен Евробиримдик Орусияга каршы киргизген санкциялардан пайда деле болбоду, алар көпкө созулган жок.

Батыш Грузия менен Украина өңдүү Орусияга чектеш мамлекеттерге узакта туруп алып, көзкарандысыздык, өнүгүү өңдүү акырындап гана жете турган максаттарды убада кылды. А бирок бул мамлекеттер менен чектешип турган Москванын таасири аларга бир топ күчтүүрөөк болду. Бул да согуштан кийин айкын болуп жатат.

Ушундан уламбы, айтор, буга чейин АКШнын тышкы иштер министрлигинде, азыр Еврокеңештин тышкы иштер бөлүмүндө иштеп жаткан Даниэл Корски былтыр августтагы согуш дүйнөдөгү күчтөрдүн турумун көп деле өзгөрткөн жок деп ишенээрин айтты. “Согуш бүтүшү менен адамдар айта баштаган нерселер бар эле. Азыр эми бир жылдан кийин карасаң, эч кандай деле фундаменталдык өзгөрүүлөр көрүнбөйт”, - деди ал.

Согушта Орусия өзүнүн позициясын бекемдеп, ал жакты ээлеп алганына карабай, анын армиясы бир топ эле күчүн жоготкон. Өзүнөн бир канча эсе кичине, эларалык колдоосу жок коңшусун баш ийдирүү үчүн орус армиясы беш күн бою атышты. Ошентсе да эскилиги жеткен армиясын Орусия акыркы бир жылда дурус эле оңдоп-чыңап, бутуна тургузуп алганы байкалат.

Былтыркы конфликт Москванын качан каалаганда мылтыгын көтөргөнгө даяр турууга каалоосун көрсөткөнү менен, ал кыска-ойлуу саясаттан ары кете албаганын айгиниледи, дейт Корски. Мисалы, өзүнө каратып алган Түштүк Осетия менен Абхазияны эми эмне кылаарын, Грузия менен мындан ары кандай мамиле күтөөрүн билбей калганын айтат ал.

“Жаңы кансыз согуш” деген китептин автору, “The Economist” басылмасынын кабарчысы Эдвард Лукас да буга кошулат. “Өзүңдүн кошуналарыңдын жүрөгүн түшүрүп, алардын ишеничинен чыксаң, саясатта чындап өз каалаганыңа жетпей калышың мүмкүн экенин Орусия эми гана чындап түшүнө баштады”, - деп ойлой Лукас.

Буга экономикалык араздашуулардын кесепети да тийди. Грузин виносун албай койгондуктан, Грузия аны Европанын базарына сатуунун жолдорун издей баштады, Евробиримдик жаратылыш газын жалгыз Орусиядан эмес, башка жактардан алууну караштырууга өттү.

Бирок АКШнын да, Европанын да тышкы саясатын мыкты билген Корскинин айтымында, Батыш дале Москва менен бир эле учурда дос жана душман бойдон калууда. Иран, Ооганстан, Түндүк Корея маселелеринде бирдей саясат жүргүзүшсө, Чыгыш Европа, Кавказ боюнча бири-бирин түшүнө албай келишет. Бирок мунун баары былтыркы орус-грузин согушуна чейин эле болуп келгендиктен, андан берки аралыкта эч нерсе деле өзгөрүлбөгөнүнө ынанасың, дейт ал.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG