Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Грузия: бийликчил талапкер алдыда


Солдон оңго карай: Гиорги Маргвелашвили, Давид Бакрадзе жана Нино Буржанадзе

Солдон оңго карай: Гиорги Маргвелашвили, Давид Бакрадзе жана Нино Буржанадзе

Грузиядагы президенттик шайлоодо, добуш берүүдөн кийинки сурамжылоолор көрсөткөндөй, бийликтеги партиянын талапкери жеңди.

3 жарым миллиондой шайлоочу 22 талапкердин ичинен Михаил Саакашвилинин ордун баса турган мамлекет башчыны тандашкан. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 20 күндүн аралыгында жарыяланууга тийиш.

Шайлоодон кийинки алгачкы сурамжылоолорго караганда, бийликтеги “Грузия кыялы” коалициясынын талапкери Гиорги Маргвелашвили алдыга озуп чыкты.

Экинчи орунда Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймылынын” атынан чыккан Давид Бакрадзе, үчүнчүдө парламенттин мурдагы спикери, “Роза ыңкылабынын” активдүү катышуучусу Нино Буржанадзе келатат. Бул тууралуу
грузиялык бир катар телеканалдар кабарлашты.

Грузияда шайлоочулардын катышуусунун чегин белгилеген мыйзам жок. Андыктан добуш берүү өттү деп таанылмакчы. Расмий жыйынтыктар 20 күндүн ичинде жарыяланууга тийиш.

Бардыгы болуп бюллетендерге 23 талапкердин аты киргизилген. Бирок саясатчы Акакий Асатиани Буржанадзенин пайдасына ат салыштан баш тартты.

Биринчи айлампада жеңиш үчүн талапкерлердин бири 50 проценттен көп добуш алууга тийиш эле.

Президент Михаил Саакашвилинин партиясы бийлик шайлоочуларды добушканаларга ташып келүүгө аракет көргөнүн сындады. Мамлекет башчы өзү болсо Конституцияга ылайык үчүнчү мөөнөт үчүн ат салыша албайт. Саакашвили Тбилисиде добуш бергенден кийин кабарчыларга буларды айтты:

- Акыркы 10 жылда Грузияны дүйнөлүк картадагы ийгиликтүү, заманбап, ыкчам өнүккөн европалык өлкө катары көргөзүү үчүн узак жол жүрдүк деп ойлойм. Менимче, бул – биз артыбызда калтырган мурас. Биринчи жолу дүйнөнүн бул бөлүгүндө мамлекеттик институттары толук кандуу иштеген, элдин кызыкчылыгы биринчи орунга коюлган заманбап мамлекет түзүүгө жетиштик. Саясатчылар келет-кетет. Реалдуу жыйынтыктар, реалдуу иштер калат.

Борбордук шайлоо комиссиясы айрым участкаларда бюллетендерди уучтап салуу фактысын текшерди. Комиссиянын маалымат катчысы Эка Азарашвили андай учурлар тастыкталбаганын кабарлады.

Ага чейин экс-спикер Нино Буржанадзенин партиясы "Грузия кыялы" кыймылы шайлоо күнүндө үгүт иштерин жүргүзгөнүнө даттанган:

- Бардык алдын ала жыйынтыктар, бурмаланбаган, реалдуу сандар экинчи айлампа болоорун көрсөтүүдө. Маргвелашвили мырзанын биринчи эле айлампада жеңүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Мен экинчи айлампага катышуудан коркпойм. Себеби эркин жана калыс шайлоого ишенем. Мен биринчи же экинчи айлампада утам.

“Трансперенси интернешнл” уюму былтыркы шайлоого караганда процедуралык эреже бузуулар бул ирет көбөйгөнүн билдирди.

Премьер-министр Бидзина Иванишвили жаңы президент шайлангандан кийин кызматынан кетүүгө убада берген.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG