Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

ГРУЗИЯДА ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ


Такшалган саясатчы Эдуард Шеварднадзени тактыдан кулатып, саясатчылардын жаш мууну бийликке келген Грузиянын кийинки тагдыры кандай болот? Азырынча эксперттер Тбилисиде бардыгы конституцияга ылайык өнүгүп баратканын белгилешет. Айрым байкоочулар бийликти алмаштырыш үчүн жан үрөп, чечкиндүү күрөштө бириккен жаш саясатчылар эми бийлик талашып, бөлүнүп кетишпейт деген пикирде.

Шейшембиде Грузиянын Жогорку соту 2-ноябрда шайланган жаңы парламентти мыйзамсыз деп жарыялады. Ошону менен Шеварднадзе отставкага кеткенден кийин өлкөнүн утурумдук президенти болуп калган Нино Буржанадзенин укук-милдеттери легитимдүү болуп калды. Анткени Грузиянын конституциясына ылайык, президент кызматынан чегингенде, анын ыйгарым укуктары жаңы шайлоо өткөнгө чейин парламенттин төрагасына жүктөлөт. 2-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыктары мыйзамсыз деп табылган соң, Нино Буржанадзе жетектеген 1999-жылы шайланган мурдагы парламенттин ыйгарым укуктары күчүнө кирди.

Убагында Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, ошол жерде илимий ишин жактаган 39 жаштагы Нино Буржанадзе убактылуу президенттик кызматында бардыгын мыйзамга ылайык жүргүзүүгө аракет кылууда. Конституция боюнча, ал министрлерди кызматынан алып, же дайындай албайт. Ошентсе да, Грузияда азыр түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан пайдаланып, Тбилисидеги нааразылык акциялары туу чокусуна жеткен өткөн дем алыш күндөрү Шеварднадзе кызматынан айдаган мурдагы улуттук коопсуздук министри Тедо Жапаридзе кайра өз ордун ээледи. Утурумдук президент Буржанадзе журналисттер менен болгон жолугушуусунда: "Мен министрлерди кызматынан кетире албайм, бирок айрымдары менен сүйлөшүп, өз ыктыяры менен арыз жазуусун өтүндүм", - деп белгиледи. Анткен менен, тбилисилик маалымат каражаттары убактылуу президент өз укуктарынан пайдаланып, жергиликтүү бийликтегилерди алмаштырууга жең түрүнө киришкенин кабарлашты.

Азырынча маалым болгондой, грузиялык үч саясатчы алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдиришти. Алар – Шеварднадзени отставкага кетүүгө аргасыз кылган оппозициячылардын лидери, Улуттук кыймыл партиясынын төрагасы, АКШ жана башка чет мамлекеттерде иштеп билим алган 36 жаштагы Михаил Саакашвили, Батыш Грузияда Шеварднадзенин өкүлү болуп жүргөн Темур Шашиашвили жана оппозициячыл "Эртоба" партиясынын лидери Джумбер Патиашвили. Бул үчөөнүн ичинен маалымат каражаттары Грузиядагы соңку саясий окуялардын баш каарманы Михаил Саакашвилиге басым жасап жатышат. Азырынча Нино Буржанадзе президенттик орун үчүн күрөшкө катышаар-катышпасын ачык айта элек. Ошентсе да, эксперттер ал жана Шеварднадзеге каршы кампаниянын дагы бир активдүү мүчөсү – Зураб Жвания президенттикке талапкерлигин коюшса, ансыз да татаал кырдаалды баштан кечирип жаткан Грузия кайрадан саясий талаштын чордонуна айланбайбы? – деген суроону талдап жатышат. Бул тууралуу тбилисилик саясий аналитик Гия Нодиянын пикири төмөнкүдөй:

- Саакашвилинин Улуттук кыймылы менен Буржанадзенин демократтары эки лидердин ортосунда айрым түшүнбөстүктөр болгонуна карабастан, бир саясий блокко биригиши мүмкүн. Шеварднадзенин тегерегинде топтолгон "Жаңы Грузия үчүн" кыймылы эми өзүнөн өзү жок болот. Дагы эки оппозициячыл кыймыл – Эмгек жана Жаңы укук партиялары соңку демонстрацияларды колдобогону үчүн ич ара ыдырап таркап кетиши ыктымал. Ал эми Ажариянын лидери Аслан Абашидзе жаңы шайлоого катышпай, бойкот жарыялайт деген коркунуч бар.

"Айрым эксперттер айткандай, Саакашвили сыяктуу жаш, радикал саясатчылар бийлик талашып, өз максатына жетиш үчүн күч колдонуу жолуна түшүп кетпейби"? – деген суроого ал төмөнкүдөй жооп узатты.

- Менимче, андай опурталдуу жагдайдын коркунучу артта калды. Өз ара күрөшүп-чабыша турган каршылаш тараптар деле калган жок. Өткөн дем алыш күнкү революция маалында Грузиянын күч министрликтери Шеварднадзени колдобой коюшпадыбы, эми алар өзүлөрү каалаган жаңы өкмөткө баш ийишет деп ойлойм, - дейт тбилисилик саясий аналитик Гия Нодия.

Ошентсе да, Грузиянын келечегине кайдыгер карабаган чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар Тбилисидеги жаңы жетекчилерге кайрылып, саясий жана экономикалык кыйынчылыктардан каржалган калктын кызыкчылыктарын алдыга коюп, бардык маселелерди тынч жол менен чечүүгө үндөп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG