Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Саакашвилинин режими олуттуу сыноо алдында


Тбилисидеги митингде студенттер президент Михаил Саакашвили жана кыйноо фактылары жөнүндө плакат кармап турушат, 26-сентябрь, 2012

Тбилисидеги митингде студенттер президент Михаил Саакашвили жана кыйноо фактылары жөнүндө плакат кармап турушат, 26-сентябрь, 2012

Бүгүн Грузияда парламентке шайлоо өтүп жатат. Түрмөдөгү кыйноолор жөнүндөгү видео жана күчтүү оппозициянын баш көтөргөнү бул жолку шайлоону 2003-жылкы “роза ыңкылабынан” бери чыныгы атаандаштыкка негизделген алгачкы таймашка айландырууда.

Бүгүнкү шайлоо чындап эле Грузиянын саясий келечегин аныктай турган таймаш болот. Бирок көптөрдү жакында түрмөдөгү кыйноолорду ашкерелеген видео жана жаңжалды чечүүдөгү өкмөттүн ролу анча эле ыңгайсыз абалда калтыргандай болду.

Лагодехиден Батумиге, андан борбор калаа Тбилисиге чейин азыр көптөгөн грузиялыктар 1-октябрдагы парламенттик шайлоого көңүл калуу, акталбаган ишеним, ишке ашпаган үмүт, коркуу сезимдери менен катышканы жатышат.

"Түрмөдө адамдарды азапка салып жатышканы менин оюмду таптакыр өзгөрттү. Мен добушумду берем деп жүргөн адамдарды бул ирет колдобойм. Буга аябай зээним кейип турат", - дейт лагодехилик киши.

Батумиде жашаган студент болсо: “Эң башкысы – шайлоо күнү тынчтык болсун. Ошондо биз барып, өзүбүздүн позициябызды добушубуз менен көрсөтөбүз”, - дейт.

Тбилисиде болсо биздин радиого сүйлөгөн аялдардын бири эч бир татыктуу партияны көрбөй жатканын, эч кимисине добушун бербей турганын айтты.

Өзгөргөн маанай

Эл ичинде мынчалык деңгээлде ишенимсиздикти, айталы, 2004-жылдагы шайлоодо элестетиш кыйын эле. Ал кезде эми эле “роза ыңкылабын” баштан кечирген Грузияда жаш, харизмасы күчтүү Михаил Саакашвили бийликке келип, өлкө өтө күчтүү дымак менен Батышка гана назарын салган нукка түшкөн болчу.

Бирок тынчы жок соңку 10 жылда Саакашвилинин режими баштапкы сыйкырын, жылтырак түсүн жоготконсуду.

Жогоруда адамдар сөз кылган түрмө азабы жөнүндө видео шайлоо алдындагы абалды бир топ эле бузду. Ошон үчүнбү, айтор, көпчүлүк аналитиктер бүгүнкү парламенттик шайлоону “Саакашвилинин тарыхта калтырчу мурасы боюнча референдумдай эле мааниси бар” дешет.

Президент менен анын Бириккен улуттук кыймыл партиясында бул шайлоодо жеңебиз деген үмүтү чоң.

Эгер бул чын болсо, келерки жылы бийликтен кете турган Саакашвилинин аты “элдик реформатор” катары аталып калмакчы. Бул эле эмес, бүгүнкү шайлоодо Саакашвилинин партиясы утса, эми президенттик башкаруудан парламенттик системага өткөнү жаткан Грузияда премьер-министрди тандоо укугу дал ушул Бириккен улуттук кыймылга өтмөк.

Анткен менен бүгүн абал бул кыймыл үчүн оңой эмес. Азыр ага атаандаш алты партиянын башын бириктирген “Грузия кыялы” деген коалиция бийликтеги партияга олуттуу коркунуч жаратууда. Аны эми эле саясатка аралаша баштаган миллиардер Бидзина Иванишвили түзгөн.

Бидзина Иванишвили

Бидзина Иванишвили

Саакашвилинин жетекчилигиндеги жылдарга көз чаптыра жол коопсуздугу, полициянын ишиндеги чоң өзгөрүүлөрдү айтса болот. Жолдордо азыр айдоочулар ар бир эле МАИ кызматкерине пара бериш керек деген коркунучтан арылышты, көчөдө кылмыштуулук азайды.

Экономикада болсо акыркы жылдары туруктуу өсүш байкалып, 2009-жылы USAID Грузияны “акыркы 50 жылда бир да мамлекетте бизнес үчүн мынчалык ыңгайлуу климат бул жердегидей кыска убакытта түзүлгөн эмес эле” деп мактады.

Саясатта болсо жумурият коррупциялашкан, ири кылмышкерлердин диктатурасында калган чабал өлкөдөн демократиялык жолго түшкөн динамикалуу, көбүнчө Батыштан билим алган жаш лидерлердин жетекчилигиндеги республикага айланды.

Ушунун баарына карабай, Саакашвилиге элдеги терең ишеним жакындагы түрмө азабы тууралуу видеодон кийин эмес, андан алда канча мурда эле кете баштаган.

2007-жылы өкмөткө каршы нааразылык демонстрациясынын күч менен бастырылышы, кийин Абхазия, Түштүк Осетия республикалары үчүн Орусия менен тутанып кеткен согуш либерализмдин кепили эсептелген президенттин аброюна чоң сыноо болду.

“Азыр катардагы шайлоочуларды НАТОго мүчөлүк, адам укуктары, керек болсо, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү деген өңдүү маселелер эмес, жөнөкөй эле жумушсуздук, медициналык жардамга мүмкүнчүлүктүн чектелүү болуп жатканы көбүрөөк ойлонтот”, - дейт эл пикирин сураган NDI (Улуттук Демократиялык Институт). Кабарларга караганда, азыр өлкөдө 20дан 24 жашка чейинки жаштардын үчтөн экиси кыларга жумушу жок жүрөт.

Азыр оппозициялык “Грузия кыялы” дал ушул маселелерде активдүү позициясын көрсөтүп жатканы да ушундан.


  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG