Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Жапаровдун тарапкерлери УКМКга кирүүгө аракеттенди


УКМК алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги уланууда. Митингге байкоо салгандардын айтымында, топтолгондордун саны миңге чукул. Милиция алардын так саны тууралуу маалымат бере элек.

Чогулгандар милиция кызматкерлери менен тирешип, аларды жарып өтүп имаратка кирүүгө аракеттенди.

Бирок айрым катышуучулар элди чагымга алдырбоого чакырышты. Нааразы тарап УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин сыртка чыгышын, Жапаровду бошотууну талап кылышууда. Митингге мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун келип, Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди бошотууга бийликти үндөдү.

Чогулгандар "Садыр Жапаровго боштондук" деп кыйкырып турушат.

Садыр Жапаров барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКга бүгүн кармалды.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин, атайын кызмат күбө катары суракка чакырганын жарыялаган болчу. Митингди уюштурган "Мекенчил" партиясынын маалыматына караганда, бүгүн ал Горький сейил багында тарапкерлеринин митингине катышып, сөз сүйлөй турганы күтүлүп жаткан.

Жапаровду колдоо митинги Ош жана Жалал-Абад шаарларында да өтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG