Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Дөөлөр кармашы: Саакашвили vs Иванишвили


Грузияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү өлкөдө парламент менен өкмөт башчынын таасирин күч алдыруучу системага жол ачмакчы.

Грузиядагы шайлоодо парламенттеги 150 орун үчүн 14 партия жана эки блог ат салышууда. Өлкөдө 2003-жылдагы кансыз баркыт ыңкылабынан бери президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылы үстүмдүк кылып келет. Бирок азыр ага миллиардер ишкер Бидзина Иванишвили баштаган "Грузин кыялы" деп аталган коалиция атаандаш чыкты.

Байкоочулардын көпчүлүгү эки дөөнүн таймашында кимдин жеңерин айтуу азыр кыйын экендигин белгилешүүдө, демек эки тарапка колдоо дээрлик теңме-тең болуп жатат.

1-октябрь күнү эртең менен Михаил Саакашвили Тбилисиде добуш бергенден кийин бул шайлоодо "Грузия мамлекетинин тагдыры аныкталып жатат" деп ырастады:

- Ушул тапта биздин мамлекеттин гана эмес, дүйнөнүн биз турган бөлүгүндөгү Европа кыялынын келечеги аныкталып жатат. Анда дүйнөнүн биз турган бөлүгүндө демократия идеясы эмне болот, реформалар идеясынын келечеги кантет деген маселелер чечилип жатат.

Саакашвили Иванишвилини Кремлдин кызыкчылыгын көздөйт деп күнөөлөгөнү маалым.

Орусияда байыган Бидзина Иванишвили Грузияны Орусиянын кол алдына алып келүүнү максат кылбай тургандыгын айткан:

– Биздин командага ишенсеңер болот. Биз бийликти колго алып, аны элдин пайдасына колдоно турган командабыз. Биз шайлоодо жеңерибизге ишенем.

Оппозиция президент Саакашвилини авторитардык ыкмалар менен бийлик жүргүзгөндүгү менен катар, 2008-жылдагы Орусия менен согушту болтурбай койо албагандыгы үчүн күнөөлөп келет. Ал согуштун айынан Грузия бир топ аймактарынан такыр коол жууп калды.

Шайлоо өнөктүгү мезгилинде тартип коргоочулардын зордукчулдугу жана жалпы эле түрмө системасындагы кыйноолорго каршы массалык нааразылык акциялары болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоо өнөктүгү "айыгышкан тирешүү" менен өтүп жаткандыгын белгилешкен.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын маалымат катчысы Нейл Симон азыр Грузияда жүздөгөн чет элдик байкоочулар менен жүрөт:

– 400дөн ашык эл аралык байкоочу келген шайлоо өтө күжүрмөн өтүп жатат. ЕККУдан, НАТОдон, Европа биримдигинен, Европа парламентинен байкоочулар бүт өлкө боюнча иштеп жатышат. Алар демократиялык жараянга көз салышууда.

Парламенттеги 150 орундун 77и партиялык тизме менен шайланган саясатчыларга тиет. Калган 73ү жеке атаандаштыкта иргелет.

Партиялык тизме менен шайлоодо партия парламентке өтүү үчүн добуштардын аз дегенде 5 пайызын алышы керек. Грузиянын мыйзамдарына ылайык, шайлоо добуш бергендердин санына карабастан өттү деп саналат.


Грузияда шайлоо өтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

XS
SM
MD
LG