Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Саакашвили утулганын моюнга алды


Оппозициядагы "Грузия кыялы" блогунун тарапкерлери жеңишин дүйшөмбү күнү эле майрамдап баштады. Тбилиси, 1-октябрь, 2012-жыл
Оппозициядагы "Грузия кыялы" блогунун тарапкерлери жеңишин дүйшөмбү күнү эле майрамдап баштады. Тбилиси, 1-октябрь, 2012-жыл

Грузия президенти Михаил Саакашвили бийликтеги партиясы парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, эми Бирдиктүү улуттук кыймыл оппозицияга өтөөрүн жар салды. Эл аралык байкоочулар Грузия демократиялык шайлоого карай олуттуу кадам таштады, бирок дагы бир топ маселелерди чечүү керек деген баасын беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 25 проценти саналып бүткөн кезде жарыялаганына караганда, оппозициядагы “Грузия кыялы” коалициясы партиялык тизме боюнча шайлоодо жана бир мандаттуу чөлкөмдөрдө алдыга озуп чыкты. Миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген блок добуштардын 54 процентин, президент Михаил Саакашвилинин бийликтеги Улуттук кыймылы 41 процентин алды.

Президент шейшемби күнкү телекайрылуусунда утулганын моюнга алып, партиясы оппозицияга өтүп жатканын билдирди:

- Алгачкы жыйынтыктардын негизинде "Грузия кыялы" коалициясы алдыда баратканын айтса болот. Бул – парламенттеги көпчүлүк жаңы өкмөттү курушу керек дегенди билдирет. Жана президент катары конституцияга ылайык, мен бул процесске жардам берем жана парламенттин ишин баштоосуна, спикердин шайланышына, жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө көмөкчү болом.

Парламенттеги 150 депутаттын 77си партиялык тизме боюнча шайланат. Калган 73 орун бир мандаттуу чөлкөмдөрдөгү шайлоонун негизинде бөлүштүрүлөт.

Дүйшөмбү күнкү шайлоодо мындан 10 жылдай мурун бийликке келген Саакашвилиге алгачкы жолу күчтүү атаандашка каршы ат салышууга туура келди.

Добуш берилген күндүн кечинде эле Иванишвили шайлоонун жыйынтыгында өкмөт алмашат деген ишенимин ортого салган:

- Грузия эли улуу маданияттуулугун, даанышмандыгын көргөздү. Шайлоо эл жана өлкө муктаж болгон нукта жүрдү. Бүгүн Грузия тарыхында чоң жана келечекке үлгү болуп бере тургандай окуяга күбө болуудабыз: узун тарыхыбызда алгачкы жолу өкмөт шайлоо аркылуу алмашты.

Эмки жылдан баштап күчкө кирип жаткан конституциялык реформанын алкагында президенттин көпчүлүк ыйгарым укуктары парламент менен премьерге өтөт. Башкача айтканда, парламенттик система киргизилгенден кийин бийлик иш жүзүндө көпчүлүк мандатка ээ болчу партиянын колуна топтолуп калмакчы. Ошол эле жылы Саакашвилинин бийликтеги мөөнөтү аяктап, президенттик шайлоо өткөрүлөт.

Парламенттик орундар үчүн бардыгы болуп 16 партиянын өкүлдөрү ат салышкан.

“Роза ыңкылабынын” натыйжасында бийликке келген Саакашвили өлкөнү Батыш менен жакындашуу жолуна салган. Президент каршылашы Иванишвили Грузияны кайрадан Москванын орбитасына бургусу келет деп айыптап келди.

Иванишвили муну четке кагып, 2008-жылдан кийин катуу жабыркаган Орусия менен мамилелерди жөнгө салууну гана көздөөрүн ырастоодо.
Тасмада: Грузиядагы парламенттик шайлоо

Грузияда шайлоо өтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

XS
SM
MD
LG