Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Кыргызстандагы абак жайлардын баары оңдоого муктаж


Абак.
Абак.

Кыргызстандагы бардык абак жайлар оңдоп-түзөөгө муктаж. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров өлкөдөгү бардык абак жайлардын шарты талапка жооп бербей турганын билдирет. Антпесе абактардагы коопсуздук маселеси чечилбей турганын Жапаров кошумчалады.

Азыр түрмөдө жаткандар телефон пайдалана алышат. Жаза өтөгөндөр тышкы дүйнө менен кенен кесири байланышып, абактарда мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн адистер белгилешет. Түрмөлөр эл отурукташкан жерлерде жайгашкандыктан, мобилдик байланышты өчүрүү аппараттары орнотулса анын башка тургундарга да залакасы тиет.

Буга чейин бир канча жолу түрмөдөн качуу, абак кызматкерлерин өлтүрүү фактылары катталган. Кыргызстанда 31 жабык жай бар. (SE/TSh)

XS
SM
MD
LG