Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Грузия: чуулгандуу тасманын автору үн катты


Грузин түрмөсүндөгү кыйноо учуру
Грузин түрмөсүндөгү кыйноо учуру

Грузиянын түрмөсүндөгү кордукту ашкере кылган абак кызматкери Бельгияда качып жүргөн жеринен үн катып, грузин түрмөлөрүндө президент Саакашвилинин «идеологиялык душмандары» гана ушундай кыйноого кабыларын айтты.

18-сентябрь күнү Грузиядагы оппозициялык телеканалдан түрмө кызматкерлери отургандарды ур-тепкиге алып, аёосуз кордоп, жадагалса таяк менен сексуалдык зордук көрсөткөнү жамы-журтка көрсөтүлгөн.

Телекөрүүчүлөрдүн үрөйүн учуруп, бир нече шаарларда элди көчөгө чыгарган бул чуулгандуу видеону тараткандардын бири, дал ошол кыйноо фактысы катталган №8 түрмөнүн мурдагы күзөтчүсү Владимир Бедукадзе Бельгияда качып жүргөн жеринен үн катты:

- Мен өзүм мындан үч ай мурун француз радиосунда иштеген журналист досумдун жана Грузиянын Ички иштер министрлигинде иштеген досумдун жардамы менен Бельгияга качып келгем. Ошондон бери бүт дүйнө Грузияга көңүл бурчу күндү күтүп жүргөм. Качан президент Саакашвили жана анын режими криминалдык беткабын чечээр экен деп жүргөм.

Тасма чыккандан кийин нааразылык акциясы өттү
Тасма чыккандан кийин нааразылык акциясы өттү
Бедукадзе Глдан түрмөсүндө Саакашвилинин саясатына каршы чыккандар гана ушундай кыйноого алынарын, мындай тасмалар түрмөнүн жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тартылып, керек болсо ички иштер министринин сейфинде бул сыяктуу үрөй учурган видеолор толтура экенин кошумчалады. Ал азыр чуу жаратып жаткан тасманы 2011-жыл менен 2012-жылдын аралыгында өзү тартканын айтты:

- Бул видеону мен тарткам. Мага түрмөнүн директору жана ички иштер министри ушундай буйрук берген.

Бирок өкмөт чуулгандуу видео парламенттик шайлоо алдында бийликке көө жабууну көздөгөн, аны даярдоодо грузин оппозициясы Бедукадзе сыяктууларга акча төлөгөн деп айтып чыкты. Бирок Бедукадзе оппозициядан акча алганын танууда.

Кантсе да 1-октябрда өтчү парламенттик шайлоо алдында бул окуя президент Михаил Саакашвилинин партиясына көө жапкандай болду. Бир нече шаарларда "түрмөдөгү кордукту токтоткула" деген ураан менен демонстрациялар өткөндөн кийин президент Михаил Саакашвили түрмөдөгү "зөөкүрлөр" сөзсүз жазасын аларын убада кылып, жаза аткаруу системасында "капиталдык ремонт" болорун айтты:

Түрмөдө отургандардын туугандары демонстрацияга чыгышты
Түрмөдө отургандардын туугандары демонстрацияга чыгышты
- Жаза аткаруу системасы жоюлуп, кайра башынан түзүлүшү керек. Биз муну патрулдук полициядагыдай ыкма менен жасообуз абзел. Албетте бул - дискредитация согушу. Бирок бул мени эң аз тынчсыздандырган маселе.

Бул чуулгандуу видеодон кийин Грузиянын түрмөлөр боюнча министри Хатуна Калмакхелидзе кызматтан кеткен.

Түрмөдөгү кордукту чагылдырган тасманы көрүп алып көчөгө чыккан грузиндер юстиция министри Зураб Адеишвилини, башкы прокурор Муртаз Зоделавды жана түрмөлөргө көзмөлдүк кылган ички иштер министри Бачо Ахалаяны кызматтан кетүүгө чакырышты.

Грузин соту 20-сентябрда түрмөдөгү кыйноо фактыларына байланыштуу абак жайларда жетекчилик кызматта иштеген 10 адамды камоо тууралуу көрсөтмө берди. Алардын арасында дал ошол видео тартылган Глдан түрмөсүнүн директору жана анын орун басары да бар.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG