Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Бюллеттенди тобу менен үкөккө салган добушканадан тасма тарады


Добушканалардын биринде электрондук үкөккө бюллетендерди жапырт түрдө салып жаткан видео интернетке тарады. Тасмада шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кие турган атайын кийимчен кишилер бир топ бюллетенди үкөккө салып жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарга караганда, видео Жалал-Абаддагы добушканалардын биринде тартылган. Азырынча буга расмий комментарий бериле элек.

Бүгүн Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Добуш берүүгө эки миллиондон ашуун жаран укуктуу болчу.

Жарандык активисттер көз боёмочулук көп орун алганын билдирип чыгышты. Ички иштер министрлиги добуш сатып алуу боюнча фактылар болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG