Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Грузиянын эң бай ишкери саясатты өзгөртүүнү каалайт


Б.Иванишвилинин маалымат жыйынында, Тбилиси, 1-ноябрь, 2011
Б.Иванишвилинин маалымат жыйынында, Тбилиси, 1-ноябрь, 2011

Грузияда келерки жылга белгиленген парламенттик шайлоо алдын ала кандай жыйынтык менен бүтөөрү дээрлик белгилүү болуп калгандай туюлган. Бирок азыркы президент Михаил Саакашвилиден бийликти тартып алам деп чыккан мультимиллиардер шайлоого карата божомолду өзгөртүүгө бел байлагандай.

Грузияда келерки жылы өтө турган шайлоо эч кандай деле күтүлбөгөн жыйынтыкка алып келбейт деп жатышкан. Президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймыл партиясы бөлүнүп-жарылган оппозицияны оңой эле жеңе тургандай болду эле.

Анан миллиардер Бидзина Иванишвили чыга келди.

“Бул шайлоо такыр башкача өтөт. Саакашвили менен анын адамдары мурдагы эле сценарийди кайталайбыз деп үмүт артышпай эле койсун, - деп билдирди ишкер. - Мен түшүнгөндөн, азыр Саакашвилинин өзүнүн энеси да ага добушун бербей турган учур. Анын зөөкүрлүгү азыр грузин элине эле эмес, Саакашвилинин айланасындагы жакын адамдарын да азапка салууда. Ал азыр жыйынтыкты бурмалаганга жеткидей сандагы добушту да топтой албайт”.

Грузиядагы Чорвила деген айылдан чыккан 55 жаштагы бул ишкер саясатка киргенин болгону өткөн айда эле жарыялаган. Бир нече аптадан кийин ал “Грузин үмүтү” деген кыймыл түздү.

“Азаттык” радиосунун грузин редакциясына сүйлөп жатып, Иванишвили саясатка кирүү ал үчүн оңой болбогонун, “өлкөдөгү азыркы оор кырдаалдын айынан” гана ушундай чечимге келгенге мажбур болгонун айтты.

Чечим

Бирок өнөктүгү жаңжалдуу башталгандай болду. 1-ноябрдагы маалымат жыйынында аны журналисттер биринин артынан экинчиси кыйкырып, суроолор менен жаадырып салышты.

Бидзина Иванишвили менен анын маалымат катчысы Иракли Триполски тополоңду басканга аракет кылып жатышты.

Гиорги Габашвили
Гиорги Габашвили
Анын өзүн жана эми эле башталган өнөктүгүн Саакашвилинин тарапкерлери катуу сындап жатышат.

Биринчиден, Иванишвили өзүнүн француз жана орус жарандыктарынан баш тарта электигин ачык жарыялаганда Саакашвилинин өкмөтү андан грузин жарандыгын тартып алды. Саясатчы ал чечимге каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Бирок, непада ал жарандыгын кайтарып ала албаса, анда келерки шайлоого да катыша албайт, эч кандай саясий кыймылды каржылоого укугу калбайт.

Экинчиден, полиция анын Cartu Bank деген банкына чабуул коюп, аны “арам жолдор менен табылган акчаны адалдаштырган” деп күнөөлөдү. Иванишвили өзү мамлекеттик медианын журналисттери анын маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратышты деп айыптады.

Ал арада Саакашвилини колдогон саясатчы Гиорги Габашвили мамлекеттик телеканалда сүйлөп, Иванишвилини “Москванын куурчагы” деп сындады.

“Орусияда бир нече миллиард долларлык мүлкү бар бул кишиде Кремль менен тыгыз мамиледе болгондон башка айласы жок, - деди Габашвили. - Анан ушул мамиле саясатка аралаша баштаганда, албетте, бул өзүнчө факторго айланат. Орусияда миллиарддары бар адам грузин саясатына аралашканын уккан эч ким бул факторду эске албай койбойт”.

Колдоого алынган жаңжал

Иванишвили өзү Орусияда мүлкүн сатам деген. Кызыгы – Иванишвилиге каршы чабуул тескери эффект берип, аны колдогондордун саны өскөндөй болду. Бир эле аптанын ичинде ага тилектештик билдириш үчүн 5 миң адам анын Cartu банкында эсептерин ачыптыр.

Грузиянын эң бай адамы Иванишвилинин мүлкүн "Forbes" журналы 5,5 миллиард долларга баалаган. Байлыкты ал 1990-жылдары Орусияда тапкан. 10 жыл мурда бирок өзүнүн Грузиядагы айылына көчүп барып, ал жерди өзүнчө “бейишке айландырганын” айтып жүрүшөт.

Баш калаа Тбилисиден 150 чакырымдай батышта жайгашкан Чорвила кыштагында үйлөрдү, имараттарды кайра куруп, жолдорду оңдоп, жергиликтүү элге медициналык бекер кызмат көрсөтчү оорукана ачкан. Ал ошол кыштактагы кары-картаңдарга өзүнүн чөнтөгүнөн пенсия төлөп, мугалимдер менен догдурларга да айына айлык бөлүп турат.

Б.Иванишвили Тбилисидеги үйүндө Reuters агенттигинин кабарчылары менен жолугушуу учурунда, 15-октябрь, 2011
Б.Иванишвили Тбилисидеги үйүндө Reuters агенттигинин кабарчылары менен жолугушуу учурунда, 15-октябрь, 2011

2009-жылга чейин Иванишвили 60 миң айылдыктын коммуникалдык кызмат үчүн төлөнчү акысын өзү төлөп турган. Айрым маалыматтарга караганда, бул айылда үйлөнүү тойлору же сөөк коюу болсо, анын ээлерине 2 миң доллардан белек кылып турат экен.

Анын үстүнө, ал соңку жылдары грузин маданиятын сактоого багытталган бир топ долбоорлорго миллиондорду сарптаганы айтылып жүрөт. Маселен, өлкөдө чиркөөлөр менен театрларды оңдоду, грузин окумуштуулары менен маданият кызматкерлерине пенсия төлөп турат. Бирок өткөн жылы “Проспект” журналы жазганына караганда, ал ушул долбоорлордо адатта атын жазбайт экен.

Анын сынчылары Иванишвили “мындай марттыгы менен элди өзүнө көзкаранды гана кылып жатат” дешет.

Азыр эми жаңы саясатчы катары интервьюларында Бидзина Иванишвили анын эң эле башкы максаты деп өлкөдө реформаларды ар тараптуу, системалуу жүргүзүүнү, эркин базар демократиясын өнүктүрүүнү биле турганын айтууда.

Анын ишениминде, бул реформага болгону 2-3 жылдык президенттик мөөнөт жетишет. “Андан узакка президент болууну каалабайм, өзүмдүн кайрымдуулук ишиме кайтам”, - дейт ал.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG