Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Грузия "орток жолду" тандайт


Президент Саакашвили "Грузин кыялы" коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили менен жолугууда. 9-октябрь, 2012.
Президент Саакашвили "Грузин кыялы" коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили менен жолугууда. 9-октябрь, 2012.

Президент Саакашвили Москвага Грузиянын саясатына кийлигишүүсүнө жол бербей койгондон кийин эки ортодо «муз доору» өкүм сүрүп, алтургай согуш чыгып, Грузия Абхазия менен Түштүк Осетиядан биротоло кол жууп калган эле. Өткөн аптадагы парламенттик шайлоодон кийин орусиячыл делген Бидзина Иванишвилинин өкмөт башчысына көрсөтүлүшү менен кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот?

Грузиянын президенти Михаил Саакшвилинин айтымында, анын орус лидери Владимир Путин менен алакасы 2004-жылы башталбай жатып үзгүлтүккө учураган. Ал жылы феврал айында Путин Москванын эски салтына салып, Саакашвилиге экс-президент Эдуард Шеварднадзенин коопсуздук минстри Валери Хабурзаниянын келечегин камсыздоого «кеңеш» берет. Саакашвили тескеричинче Хабурзанияны алгач кызматтан төмөндөтүп, кийин такыр эле иштен кууп салат.

Саакашвилинин айтымында, мындай кадам Путинди өтө нааразы кылган жана көп өтпөй орус-грузин алакасы начарлай баштаган. 2008-жылдын августундагы согуштан бери орус өкмөтү Саакашвили бийликте турганда Грузия менен сүйлөшпөй тургандыгын жарыялаган.

Ушул айдагы парламенттик шайлоону "Грузин кыялы" деп аталган коалициясы жеңип алган миллиардер бизнесмен Бидзина Иванишвили шайлоо өнөктүгүндө Москва менен "араба сынбасын, өгүз өлбөсүн" деген саясат жүргүзөөрүн айткан.

Бул демек, Грузия Орусия менен да алака түзүп, өлкөнүн Европа биримдиги менен интерграциялашуу, АКШ менен жакын алакада болуу жана кезеги келгенде НАТОго мүчө болуп кирүү ниетинен да тайбай турган жолго түшмөкчү.

1990-жылдары Орусияда жашап, кечээ жакынга чейин Орусиянын жараны болгон Иванишвили мындай орток жолду кантип табат?

Бул суроого айрым болжолдуу жооптор 8-октябрда Иванишвили жаңы өкмөттүн курамын жарыялаганда билинди.

Мисалы Европалык интеграциянын майтарылбас колдоочусу, мурда БУУда элчи болгон Иракли Аласания коргоо министрине көрсөтүлдү. Батышчыл партиянын жетекчиси болгону менен, Саакашвилинин Абхазия менен сүйлөшүүсүндө арачы болгон кезинен эле Аласания Кремль менен ашыкча тирешпей иш жүргүзүүнү жактаары белгилүү болчу.

Анын сабырдуу турумун сеператисттик жумурияттар да билчү, алар грузиялык ири саясатчылардын ичинен ушул бир гана Аласания менен мамиле түзүүгө макул экендиги да маалым.

Республикачыл партиянын өкүлү Паата Закареишвилинин бөлүнүп кеткен аймактар менен алаканы тейлеген интеграция министрлигине келиши да Саакашвилинин убагында Абхазия менен Түштүк Осетияны караманча капарга албаган саясаттын өзгөргөндүгүн билдирет. Бул тууралуу Вашингтондогу Карнеги институтунун Кавказ боюнча эксперти Томас Де Ваал мындай дейт:

– Паатра Закареишвили өзгөчө ойчул адам. Ал Абхазия жана Түштүк Осетия менен 10 жылдан ашык иштешкен. Согуштун мезгилинде туткундарды алмашууга жана Абхазиядан курман болгондордун сөөгүн алып чыгууга аралашкан. Ал аларды сыйлайт, алар аны сыйлайт.

Де Ваал эртең Грузия сеператист аймактар менен алака түзө баштаса, бул Грузиянын кызыкчылыгындагы бурулуш болоорун белгилейт. Ал эми Колумбия университетинин профессору Линкольн Митчел "Мындан Москва гана көзүр топтоп келген, бул коркунуч Кремль үчүн ички саясаттагы маанилүү фактор болгон, эми ал фактор жок» деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG