Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Саакашвили сырттан камакка алынды


Михаил Саакашвили маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Тбилиси, 9-июль, 2013.

Михаил Саакашвили маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Тбилиси, 9-июль, 2013.

Мурдагы президент Михаил Саакашвилиге кылмыш иши ачылганы өткөн аптада расмий жарыяланып, ага сырттан айып тагылды жана сырттан камакка алынды. Саакашвили жактоочулары менен учурдагы бийликтин бул чечимин саясий куугунтук катары сыпатташууда. Талдоочулар экс-президенттин кылмыш ишин аягына чыгаруу азыркы бийлик үчүн чоң сыноо болорун айтып жатышат.

2007-жылдын күзүндө ал кездеги грузин оппозициясынын жактоочулары Тбилисинин башкы аянтында Саакашвилинин бийлигине каршы бир нече күнгө созулган нааразылык акциясын өткөргөн эле. Бирок ошол жылдын 7-ноябрында акциянын арты куралданган полициянын атайын бөлүгүнүн демонстранттарга күч колдонуусу, токмоктоосу, камоолору менен аяктаган.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды уруп-сабоо менен бирге көз карандысыз “Имеди” телеканалын обого чыгып жаткан кезинде басып алышкан болчу. 2007-жылдын 7-ноябрынын эртеси Грузияда өзгөчө абал да жарыяланган.

Полиция күчтөрү оппозиция жактоочуларын таратып жаткан учур. Тбилиси, 7-ноябрь, 2007-жыл.

Полиция күчтөрү оппозиция жактоочуларын таратып жаткан учур. Тбилиси, 7-ноябрь, 2007-жыл.

Грузиянын Башкы прокуратурасы Михаил Саакашвилини, анын өкмөтүндөгү эки министрди жана Тбилисинин мурдагы мэрин жети жыл мурдагы окуялар учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыптоодо.

“Кечиккен” жана “саясий” кылмыш иш

Тбилисилик журналист Акакий Микадзе Грузиянын прокуратурасы мурдагы президентке кылмыш ишин кечигүү менен ачты деп эсептейт. "Бул чечим азыркы бийликтердин күнөөсүнөн улам кеминде бир жылга создугуп кетти. Саакашвили муну жакшы билген жана ал өлкөнү таштап гана кетпестен, бийлик укугу бүткөндөн бир нече күндөн кийин эле качып кетти да. Мен бул аракеттерди (Саакашвилиге кылмыш иш козголуусун) өч алуу деп айта албайм. Ал - коомдун талабы. Саакашвили иш жүзүндө диктаторлук бийлиги маалындагы кылмыштары менен зулумчулуктары үчүн жооп бериши керек. Менимче, Грузиянын прокуратурасы тергөөнү уланткан сайын айыптоолордун саны өсөт. Бул жалгыз гана айыптоо болбойт. Саакашвилинин режимине тиешелүү жаңы фактылар менен толукталат", - деди “Азаттыктын” орус кызматы уюштурган талкууда.

Грузин Башкы прокуратурасы мурдагы президентти тергелип жаткан бир катар чуулгандуу иштер боюнча күбө катары суракка быйыл мартта чакырган.

Ал кылмыш иштердин арасында Грузиянын мурдагы премьер-министри Зураб Жваниянын табышмактуу өлүмү да бар.

Саакашвили иш жүзүндө диктаторлук болгон бийлиги учурундагы кылмыштары менен зулумчулуктары үчүн жооп бериши керек.

Бирок Грузиядан чыгып кеткен мурдагы президент анда прокуратурага келген эмес.

Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы экс-президент күбө катары интернеттеги “Скайп” байланышы аркылуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын, бирок бул үчүн тергелип жаткан иштер адегенде сотко жетүүсү зарылдыгын айтып чыккан эле.

Мурдагы президент прокуратурага 28-июлда экинчи ирет чакыртылды. Саакашвилинин өзү Тбилисиде жок болгондуктан, чакыруу кагазы анын энесине тапшырылган.

Экс-президент прокуратурага экинчи ирет келбеген соң сырттан айып тагылганы жарыяланды. Тбилиси шаардык соту прокуратуранын мурдагы президентти сырттан камакка алуу боюнча өтүнүчүн дароо эле канааттандырды.

Саакашвили Киевдеги Майданда. 2-март, 2014-жыл.

Саакашвили Киевдеги Майданда. 2-март, 2014-жыл.

Азыр АКШдагы Тафт университетинде окутуучулук кылган Саакашвили алгачкы реакциясын интернеттеги “Фейсбук” баракчасы аркылуу билдирди. Прокуратуранын чечимин “фарс” деп атап, Грузияга качан келип-кетишти өзү билерин белгилеп, бийликти анын “реформа мурасын” талкалоону көздөп жатканы, өлкөнү чыңдап, өнүктүргөндүн ордуна “бүткүл күч кубатын” саясий оппоненттерин куугунтуктоо үчүн жумшаганы үчүн айыптады.

“Рустави 2” телеканалы менен маегинде Саакашвили ага каршы кылмыш иш ачууну Украинадагы аракеттерине да байланыштырып, бийлик “саясий ишмердигимди”, “кыймылымды чектөөнү” көздөп жатат деп ырастады.

Тбилисилик профессор Гиа Нодиа кезинде Саакашвилинин саясатын колдоп жүргөндөрдүн бири. "Бул таза саясий чечим экени түшүнүктүү. Саакашвилиге жана Бириккен улуттук кыймылга каршы өнөктүктү бул жаңы баскычка көтөрүүгө кандай мотивдер түрткү бергени боюнча биз спекуляция кылып, божомолдоп гана айта алабыз. Бирок өкмөт мындай кадамды жасаганы факт. Менин пикиримде, бул саясий жүйөдөн улам жасалган иш, саясий оппоненттерди куугунтуктоо", - дел түшүндүрдү “Азаттыкка”.

Профессор Нодиа менен маегибизди улантып жатып, саясий оппонеттерди куугунтуктоо Грузия үчүн деле салтка айланган көрүнүш да. Саакашвилинин учурунда Эдуард Шеварнадзенин тегереги, Шеварнадзенин (мурдагы президент) учурунда Звиад Гамсахурдианын (биринчи президент) кызматташтары куугунтукталган да? - деген суроо жолдодук.

- Саакашвилинин учурунда жакында дүйнөдөн өткөн Шеварнадзе “Роза ыңкылабынан” кийин белекке берилген дачада жашады. Эч ким анын тынчын алган жок, алууга да ниеттенбеди. Ооба, “Роза ыңкылабынан” кийин дароо эле мурдагы өкмөттүн бир нече чиновниги камалды, бирок алар саясий таасири бар адамдар эмес эле. Таза коррупциялык иштер болгон, камалгандардын дээрлик баары кайра көп өтпөй эле бошотулган. Андыктан, “Роза ыңкылабынан” соң, мурдагы режимдин өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигин негиз кылып, системалуу түрдө куугунтуктоо болгон эмес. Шеварнадзеге чейинки президент Гамсахурдиа кандуу төңкөрүш жолу менен кулатылып, анын арты жарандык согушка айланганда да системалуу куугунтук болгон эмес. Анын үстүнө кырдаал анда такыр башка эле да. Гамсахурдиа жана анын жактоочулары жаңы режимге куралдуу каршылык көрсөтүп согушкан. Андыктан салыштыруу кыйын. Гамсахурдиа түрмөдө отурган эмес, каалашканы менен камай да албай коюшкан. Анткени ал бийликтин негизги өкүлдөрү, анын ичинде Гамсахурдиа өзү четке чыгып кетишкен.

Грузияда Саакашвилинин өкмөтүндө иштегендерди камакка алуулар анын президенттик бийлигинин акыркы айларында, 2012-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо бийлик миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” коалициясына өткөндөн соң башталган. Андан бери эски режимден соттолуп же камакка алынгандар арасында мурдагы премьер Вано Мерабашвили, коргоо министри Бачо Ахалая, Тбилисинин мурдагы мэри Георгий Угулава жана башкалар бар. Мурдагы министрлердин айрымдарына эл аралык издөө да жарыяланган.

Саакашвилинин бийлигиндегилерге каршы буга чейинки кылмыш иштеринде далилдер бекем болгон жок. Эгер Саакашвилинин иши да ушундай нукта кетсе, анда алардын өзүнө бумеранг болуп тиет.

“Роза ыңкылабынан” бери Грузиянын башкы саясий жана соода өнөгүнө айланган АКШ жана Еврошаркет Саакашвилинин санаалаштары камала баштаган кезде камтамачылык билдирип, кылмыш иштеринин саясий жүйөсү болбоосу керектигин эскерткен болчу.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Грузиянын мурдагы президентине айып тагылуусун дароо комментарийледи. Мамдепартаменттин билдирүүсүндө “мыйзам үстөмдүгү демократиялык коомдо мыйзамды ар бир адам сыйлоосу керек дегенди туюндурат. Укук системасы саясий өч алуунун ыкмасы катары колдонулбашы абзел” деп айтылган.

“Саакашвили Бакиев эмес”

Тбилисилик саясат таануучу Корнели Какачия “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, грузин бийликтери үчүн мурдагы режимдин өкүлдөрүнүн кылмыш иштеринде саясий өңүт жоктугун далилдөө абдан эле татаал иш болот:

- Менимче, Грузиянын мисалында бул эки эсе татаал иш. Эки жак эки башка нерсени айтышат. Бирок бир нерсе анык. Мурдагы администрациянын айрым туура эмес иштери боюнча айрым далилдер 2007-жылы эле Улуттар уюму, башка эл аралык уюмдар тарабынан документтештирилген. Башкача айтканда бул иштердин тамыры бар. Бирок ошол эле учурда азыркы өкмөттүн өкүлдөрүнөн мурдагы бийлик, анын ичинде мурдагы президент жазасын алуусу керек деген сөздөрдү угуп каласыз. Азыркы өкмөттүн жогорку даражалуу адамдарынан кээде Саакашвилинин Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясы саясий сахнадан жоголуусу керек деген сөздөрдү угуп каласыз. Менимче, буга окшогон билдирүүлөр Батыш жана эл аралык коомчулук Саакашвилиге тагылган айыпты олуттуу кабыл алуусуна салым кошпойт. Азыркы өкмөттөн Саакашвилинин иши боюнча олуттуу далилдерди, аргументтерди берүү талап кылынат. Өкмөттүн буга кудурети жетеринен күмөнүм бар. Анткени Саакашвилинин бийлигиндегилерге каршы буга чейинки кылмыш иштеринде далилдер бекем болгон жок. Эгер Саакашвилинин иши да ушундай нукта кетсе, анда алардын өзүнө бумеранг болуп тиет. Мен бийлик муну түшүнөт деп ойлойм. Алар буга чейин чет өлкөлүк эскперттер, прокурорлор менен консультация өткөрүшүптүр. Анын жыйынтыгын биз жакын арада көрсөк керек.

Кабарларга караганда, грузин бийликтери укуктук консультация үчүн Грузияга чакырган эл аралык юристтердин бири британиялык Жоффрей Найс (Geoffrey Nice). Ал кезинде Гаага трибуналында Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин сот жараянында башкы айыптоочу болгон. Экинчиси Израилдин мурдагы прокурору Моше Ладор. Ал Израилдин мурдагы президенти Моше Катцавга жана мурдагы премьер-министр Эхуд Ольмертке айып таккан прокурор.

Грузиялык “civil.ge” интернет сайтынын жазганына караганда, бул юристтер “саясий жактан өтө сезимтал кылмыш иштеринде мүмкүн болушунча жогорку бейтараптуулук стандартын, адилеттүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздаш үчүн” жардамдашууга жана кеңеш берүүгө макул болушкан.

Грузин бийликтери Саакашвилинин кылмыш ишин жогорудагы юристтер менен кеңешкен соң ачыктадыбы же жокпу - так белгисиз.

Эгер Саакашвили Грузияга келбесе, бийликтер кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөшсө, анда ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өңдүү сырттан соттолушу ыктымалбы?

- Мындай болушу мүмкүн. Бирок этияттык менен карай турган бир жагдай бар. Бакиевден, силердин мурдагы президенттен айырмаланып, Саакашвили али жашмын жана алдыда бийликке кайра кайтып келе алам деп ойлойт. Экинчи чоң айырмачылык – ал эл аралык чөйрөдө кыйла бепгилүү саясатчы. Батыш саясатчыларынын көбү менен тааныш, жакшы мамиледе. Грузин өкмөтүнүн ага кандай мамиле жасары, Батыш өкмөттөрүнүн Грузияга карата мындан аркы мамилесин аныктоочу фактор болот. Эгер ал адилетсиз куугунтукталды, кылмын иштин артында саясий жүйө бар деген ой-пикир калыптанса, менимче, Грузия мындан пайда таппайт. АКШдан, Европадан, башка дос мамлекеттерден колдоо азайышы мүмкүн. Грузиянын прокурорлору менен өкмөтү эмне деп чечкенине карабай, алардын Саакашвилини Грузияга алып келиши арсар. Болгону алар Интерполдун тизмесине киргизишип, издөө жарыялашы мүмкүн. Бирок Батыш өкмөттөрү, АКШ же Украина аны грузин бийликтерине өткөрүп бериши күмөндүү, - деген көз карашын саясат таануучу Корнели Какачия билдирет.

Бийлик үчүн сыноо

Грузин премьер-министри Ираклий Гарибашвили мурдагы президентке каршы укуктук процедуралар “объективдүү жана ачык айкын жүрөрүн” убада кылды.

80 томдук иштин деталдарын биз билбейбиз. Албетте, адвокаттар мунун баары маклатура, эч кандай баалуулугу жок деп айта берет.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Саакашвилинин кылмыш иши боюнча буга дейре эле жүздөй күбө суралды. Ишке тиркелген далилдер 80 томду түзөт. Айыпкердин адвокаттары болсо далилдер жоктугун айтууда.

Тбилисилик укук коргоочу жана юрист Гела Николаишвили “Азаттыктын” Кавказ кызматындагы талкууда кылмыш иш боюнча кайым айтышууларды комментарийлеп, буларды айтты:

- Эң башкысы бул жерде адилеттүүлүктү калыбына келтирүү. Бул үчүн тигил же бул адамды, анын үстүнө мурдагы президентти сөзсүз эле камакка алуунун кажети жок. Эң башкысы сот тигил же бул мурдагы жогорку даражалуу чиновниктин күнөөсүн көргөзүүсү керек. 2007-жылдын 7-ноябрында конкреттүү эмне болгонун баары эле билишет. Мени Михаил Саакашвилинин адвокаттарынын саясий куугунтук жөнүндө айткандары эмес, мурдагы президент айыпталып жаткан фактылар болгон-болбогону жөнүндө ооз ачпагандары таң калтырууда. 80 томдук иштин деталдарын биз билбейбиз. Албетте, адвокаттар мунун баары керексиз кагаз, эч кандай баалуулугу жок деп айта берет. Бирок маселени укуктук жактан чечүү үчүн эң башкысы - экс-президент айыпталып жаткан фактылардын болгон-болбогону. Саясий моменттерди алдыга алып чыгуу коргонуунун тактикасы экенин мен жакшы түшүнөм. Жалаң саясий жүйөнү гана айтып, болгон фактылар жөнүндө ооз ачпай коюу жакшы эмес.

Тбилисилик саясий талдоочу Корнели Какачиянын пикиринде, Саакашвилиге жана анын кызматташтарына каршы ачылган азыркы кылмыш иштеринин таасири 2016-жылдагы парламенттик шайлоого барып даана билинет. Саакашвили саясаттан биротоло сүрүлөбү, анын партиясы маргиналдашып кетпейби, муну кийинки шайлоо көргөзмөкчү:

- Эгер Саакашвили жактоочулары менен грузиялык жана эл аралык коомчулукка ага каршы кылмыш иши Путин тарабынан берилген буйрук деген көз карашты калыптандыра алса, анда кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрөт. Анткени Путиндин "табагына" түшүп берүүнү Грузияда эч ким каалабайт. Эгер сиз Саакашвилинин буга чейинки сөздөрүнө көз салып келсеңиз, ал азыркы өкмөт Москванын буйруктарын аткарарын айтып келет. Бирок ал бул ырастоолоруна азырынча коомчулукту ынандыра алган жок. Кокус анын кылмыш ишине Москванын катышы бардыгынын кандайдыр бир ишарасы байкалса эле тараза ташы Саакашвили тарапка оойт. Андыктан, өкмөт бул иште абдан кылдат иштөөсү абзел. Эгер өкмөт Саакашвилинин өзүнө гана айып тагып тим болбостон, саясий партиясы менен колдоочуларын маргиналдаштырууга умтулса, анда өкмөттүн аргументтерине ишениш кыйын болот. Бириккен улуттук кыймыл - азыр да өлкөдөгү экинчи партия. Андыктан, бул партияга кандай мамиле жасаларына да байкоо салынат.

Саакашвили жана Иванишвили. Тбилиси, 9-октябрь, 2012-жыл.

Саакашвили жана Иванишвили. Тбилиси, 9-октябрь, 2012-жыл.

Жарым ай мурда эле Грузияда жергиликтүү шайлоо аяктады. Анда 2012-жылдагы парламенттик, былтыркы президенттикке салыштырмалуу шайлоону жеригендер көбөйүп, добуш берүүгө эл аз келди.

Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылы менен миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” коалициясы башкы атаандаштар экени көрүндү. Өлкө аймактарынын көбүндө “Грузин кыялынын” талапкерлери жеңишке жетишти.

Коалицияны түптөгөн Бидзина Иванишвили азыр эч бир расмий кызматты ээлебесе дагы көптөр аны "грузин бийлигинин аталыгы" жана өкмөттүн башкы чечимдери анын жактыруусусуз кабыл алынбайт деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG